Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:08

Согуш ардагерлерине 100 миң сомдон берилди


Аспек Жумашев, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери.
Аспек Жумашев, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери.

Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам катары 100 миң сомдон берилди.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, төрага Акылбек Жапаров 9-май күнү Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевден кабар алганы барып, президенттин фондунан бөлүнгөн 100 миң сом акчалай сыйлыкты тапшырды. Ардагерге чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Аспек Жумашев 1924-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кызыл-Берлик айылында туулган. 1942-жылы армияга чакырылган. Ардагер II даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана юбилейлик медалдар менен сыйланган.

Жеңиш күнүнө карата быйыл Кыргызстанда 41 адамга бир жолку материалдык жардам берилди. Ал үчүн президенттин фондунан 4 млн 141 миң сом бөлүнөрү кабарланган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG