Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Кытай экономикасындагы басаңдоо: Оорчулугун Орусия тартабы?


Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Орусиянын президенти Владимир Путин.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Орусиянын президенти Владимир Путин.
"Свобода" радиосунун журналисти, публицист Максим Бланттын макаласы.

Дээрлик 40 жылга созулган Кытайдагы дүркүрөп өсүү доору соңуна чыгып баратат. Жакыр өлкөнү экономикалык ири державага айландырган модель өз күчүн жоготту. The Wall Street Journalдын баяндамачылары Линглиң Вэй жана Стелла Ифан Си ушундай тыянакка келишүүдө.

Узакка созулган экономикалык өсүш заводдорду жана асман тиреген имараттарды курууга, инфратүзүмгө ири инвестиция салууга мүмкүндүк берди. Курулуш тармагы экономиканын ургаалдуу өсүшүнө өбөлгө түзүп, эмгек, материалдык жана каржылык ресурстарга арбын суроо-талап жаратты. Бирок табигый себептерден улам модель өз күчүн жоготту: кытайлар өздөрүнө керектүү нерселердин баарын ашыгы менен куруп бүтүштү. Натыйжада өлкөдө миллиондогон сатыла элек батирлер, эч ким баспаган көпүрөлөр жана жолдор, эч ким эч жакка учпаган аэропорттор пайда болду.

Кытай экономикасы чындап эле оор күндөрдү башынан кечирүүдө. Экинчи чейректин статистикасы күтүлгөндөн алда канча начар болуп чыкты. Өткөн чейрекке салыштырмалуу өсүш 0,8 пайызга басаңдаган.

Июль айынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө андан да жагымсыз көрсөткүч - жылдык маанидеги дефляция катталган. Орусиядагы азыркы жагдайга салыштырмалуу бул анча коркунучтуу эместей көрүнөт. Бирок иш жүзүндө баанын төмөндөшү ашыкча өндүрүш каатчылыгынан кабар берет.

The Financial Times булактарында айтылгандай, кытай бийликтери терс пикирлерге жана божомолдорго тымызын тыюу салууну туура көрүштү.

Чектөөнү жумуш берүүчүлөр да (атап айтканда, Кытайдын Улуттук банкы), жергиликтүү телекөрсөтүү да киргизген. Экономисттер менен серепчилерге талкуулоого мүмкүн болбогон темалардын ичинде Кытайда өндүрүлгөн товарлардын баасынын төмөндөшү жана капиталдын сыртка агып чыгышы да бар. Андыктан эч ким “дефляция” деген сөздү колдонууга даабайт. Анын ордуна "чектелген" же "төмөн" инфляция дегенди колдонушат.

Кытайдын экономикалык кереметинин башатына бир аз кененирээк көз чаптырып көрсөк, аны урбанизация жана индустриялаштыруу деген эки сөз менен сыпаттоого болот. Өткөн кылымдын 80-жылдарында калкы эбегейсиз өскөн, негизинен өндүрүмдүүлүгү аз айыл чарбасы менен алектенген өлкө технологиялык секирик жасады. Айыл чарбасын механикалаштыруу өнөр жайды ондогон жылдар бою жумушчу күчүнүн түгөнгүстөй көрүнгөн арзан булагы менен камсыз кылды.

Бул экономикада жалпы карыздын ыкчам өсүшүнө алып келди.

Өндүрүмдүүлүктүн кескин өсүшү менен жумушчулардын көбөйүшү Кытайды жалпы эл керектөөчү арзан товарлар менен баштаса да, заманбап жана жогорку технологиядагы товарларды өндүрүүнү тез эле үйрөнгөн "дүйнөлүк фабрикага" айландырды.

The Wall Street Journalдын баяндамачылары жазгандай, жүз миллиондогон дыйкандардын шаарларга агылышы курулуштун дүркүрөп-өсүшүн камсыз кылган.

Бирок урбанизация жана индустриялаштыруу жолун бир гана ирет басып өтүүгө болот. Муну Кытай жасады. Демек, бул өсүү модели мындан ары жарабайт. Анүстүнө бул ийгилик Кытайдын компартия жетекчилиги өлкөнү экспорттук көз карандылыктан арылтып, ички суроо-талапты өнүктүрүүгө таянууга аракет кылган мезгилде - мындан он жылдан ашуун мурун - болгондугу ачык эле көрүнүп турат.

Ар тараптуу колдоо жана инфратүзүмгө салынган триллиондогон инвестициялар өсүштү дагы он жылга узартты. Бул экономикадагы жалпы карыздын тез өсүшүнө алып келди. 2022-жылдын башына карата ал ИДӨнүн 300 пайызына жетип, Кытай бул көрсөткүч боюнча АКШны озуп өттү.

Өзгөчө жагымсыз кырдаал инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шашылыш карыз алып жаткан Кытайдын провинцияларында түзүлдү. Ал эми борбордук бийлик чектөөлөрдү киргизгенден кийин, бул үчүн атайын түзүлгөн компаниялар аркылуу аракет кыла башташты.

ЭВФ мындай "теңдемден тышкаркы" регионалдык карызды 9 триллион долларга баалоодо.

Азыр дүйнөнүн экинчи экономикасынын негизги талуу жери кыймылсыз мүлк рыногу болуп саналат - анда бир нече жылдан бери сунуш майнаптуу суроо-талаптан кыйла ашып кеткен. Башкача айтканда, 60 триллион долларлык рыноктун тагдыры таразада.

Өткөн бейшембиде өлкөнүн эң ири имарат куруучуларынын бири China Evergrande Group компаниясы 300 миллиард долларлык карызды кайра түзүмдөштүрүүгө убакыт алуу үчүн Нью-Йоркко банкроттуктан коргоо өтүнүчү менен кайрылган.

China Evergrande Group компаниясынын штаб-квартирасы, Шэньжэнь, Кытай
China Evergrande Group компаниясынын штаб-квартирасы, Шэньжэнь, Кытай

Кытайдын көлөмү жагынан ушундай эле Country Garden Holdings компаниясына да дефолт коркунучу жаралды. Кээ бир инвестиция талдоочулар кырдаал опурталдуу боло баштады дешет. Чет элдик инвесторлор Кытайдын баалуу кагаздарынан арыла башташты.

Өткөн жылдары Орусия коңшу экономиканын абалынан бир топ көз каранды болчу.

Бул азыртадан эле юандын куну кете баштаганынан да, Кытайдын фондулук рыногунун абалынан да байкалууда. Каатчылык канчалык оор болот жана андан кийин Кытайдын экономикасы өсүүсүн калыбына келтире алабы?

Маселе ушунда. Көптөгөн талдоочулар Кытай экономикасы 1990-жылдардан бери жылбай калган Жапониянын кайгылуу тажрыйбасын кайталашы мүмкүн деп эсептешет.

Орусия үчүн бул жаңылыктардын баары өтө жагымсыз, айрыкча учурдагы соода, каржы жана саясий жаатта негизги өнөктөштү алмаштыруу жараянын эске алганда. Ал мурунку жылдары да коңшу экономиканын абалынан кыйла эле көз каранды болчу. Мындайча айтканда, Кытайдын импорту энергетикалык ресурстарга дүйнөлүк суроо-талапты аныктоочу дээрлик негизги фактор болуп келген.

Азыр Москвада андай көлөмдөгү соода, каржы жана логистикалык өнөктөштөрү жок эле болуп калды. Бул эл кеңири керектөөчү буюм-тайымдардан жана электроникадан тартып комплектөөчү, анын ичинде аскердик өндүрүштө колдонулуучу тетиктерге чейин ар түрдүү товарлардан түшүп турган валюталык кирешелердин негизги булагы болчу.

Эч кимге таяна албай калган Орусия үчүн бул кыйла оор болот. Ачыгын айтканда, Орусиянын суроо-талабы болбогондо Кытайдагы экономикалык көйгөйлөр мындан эртерээк эле башталмак. Орусиянын сатуу рыногун дээрлик бөлүштүрбөй пайдалануу менен, кытай компаниялары кыйла ирденип алышты.

Бирок бул мүмкүнчүлүк деле чектелүү. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Орусия менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 190 миллиард долларга жеткен. Быйыл бул көрсөткүч орус бийлиги убада кылгандай 200 миллиарддан ашса да, бул бир эле ири кытайлык курулуш компаниясынын карызынан бир жарым эсеге аздык кылат. Анүстүнө бул компаниянын карыздарын жайгарууга мүмкүнчүлүгү жок.

Кытайдагы кризис курчуп кетсе, бүткүл дүйнөгө каржылык апаат коркунуч туудурары анык. Мындайда башка өлкөлөргө караганда колдоочусу жок Орусия үчүн алда канча кыйын болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG