Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Иликтөө: Рустам Жапаровду чуулгандуу Абдукадыр менен эмне байланыштырат?


Иликтөөдөн алынган скриншот.
Иликтөөдөн алынган скриншот.

Президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун досторунун Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн, кытайлык чуулгандуу ишкер Хабибула Абдукадыр менен бирге ири долбоорлорго катышы жөнүндө журналисттик иликтөө жарыяланды.

Иликтөөнүн авторлору - OCCRP, Temirov Live жана Kloop басылмасы кыргыз президентинин уулунун достору ар кыл компанияларга ээ экенин көрсөткөн. Президенттик администрация иликтөө боюнча үн ката элек.

Хабибула Абдукадыр жана Рустам Жапаровдун достору

Үч медиа жарыялаган иликтөөдө Борбор Азияда көмүскө жүк ташуу схемасын түзүп, миллиондогон доллар чыгарып кеткен Хабибула Абдукадырдын Кыргызстандагы бизнес-өнөктөштөрү - Арген Кадырбеков жана Дастан Эрмекбай уулу президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун достору экени айтылат.

Журналист Болот Темиров иликтөөнүн негизги өзөгүнө токтолду.

Иликтөөдөн алынган скриншот. Рустам Жапаров (оң тарапта экинчи) Арген Кадырбеков үйлөнүү тоюнда (колуктунун жанында турат).
Иликтөөдөн алынган скриншот. Рустам Жапаров (оң тарапта экинчи) Арген Кадырбеков үйлөнүү тоюнда (колуктунун жанында турат).

“Дастан Эрмекбай уулу төрт компанияга, Арген Кадырбеков бир компанияга ээ болуп турат. Ал компаниялар болсо Хабибула Абдукадырдын компаниялары менен биргелешкен негиздөөчүлөр. Бул эмнени билдирет? Бул деген Рустам Жапаровдун достору быйыл Хабибула Абдукадырдын бизнес-өнөктөшү болуп калды деп айтса болот. Азыркы иликтөө түздөн-түз көрсөткөндөй Рустам Жапаров атасынын бийлигин колдонуп, өзүнүн досторун чоң долбоорлорго киргизип жатканы көрүнүүдө”, - деди Темиров.

Иликтөөдө Болот Темиров атаган Арген Кадырбеков “Мега Конструкт” компаниясынын негиздөөчүсү экени көрсөтүлөт.

Ал эми “Мега Конструкт”, “Репал” жана Hyper Partners компаниялары чогуу түзгөн “Бишкек курулуш жана девелопмент” Бишкекте “Ыйман борбору” мечитин жана “Бишкек Сити Борборун” куруп жатат.

Hyper Partners чуулгандуу ишкер Хабибула Абдукадырга таандык экени белгилүү.

Иликтөөдө президенттин уулунун дагы бир досу делген Дастан Эрмекбай уулу Хабибула Абдукадырдын Өзбекстандагы Tashkent Trade Center компаниясы менен бирге ачкан эки ишкананын ээси экени баяндалат.

Иликтөөчүлөр Дастан Эрмекбай уулу менен Хабибулла Абдукадыр бирге түзгөн “Инвест Трейд” компаниясы кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам" өткөрмө бекетине жакын 96 гектар жер тилкесин ижарага алганын аныкташкан.

Иликтөөдөн алынган скриншот.
Иликтөөдөн алынган скриншот.

Арген Кадырбеков жана Дастан Эрмекбай уулу деген ким?

Иликтөөчүлөр Арген Кадырбековдун жана Дастан Эрмекбай уулунун Рустам Жапаров менен достук байланышын тапкан.

Рустам Жапаровдун Арген Кадырбеков жана Дастан Эрмекбай уулу менен үйлөнүү той, эс алуу сыяктуу түрдүү иш-чаралардагы сүрөттөрү жарыяланды. “Мега Конструкт” компаниясы катталган даректеги батир мурда президенттин жакындарына таандык болгону айтылат. Ал батир азыр Кадырбековдун жубайына таандык.

Иликтөөдө Дастан Эрмекбай уулу 2020-2021-жылдары Жапаровдун шайлоо штабында иштегени айтылып, анын телефон номуру GetContact тиркемесинде президенттин уулунун атына байланыштуу сакталганын көрсөтүлдү.

Иликтөөдөн алынган скриншот. Рустам Жапаров жана Дастан Эрмекбай уулу.
Иликтөөдөн алынган скриншот. Рустам Жапаров жана Дастан Эрмекбай уулу.

Бийликтин жообу

Иликтөө жасалып жатканда Арген Кадырбеков жана Дастан Эрмекбай уулу журналисттердин суроолоруна жооп берген эмес.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев буга чейин Абдукадырды ири инвестор катары сыпаттаган.

“Биздин өлкөнүн шартында бул олуттуу сумма. Кыргызстан инвестицияны активдүү тартууну улантууда. Буга республиканын акыркы 2,5 жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн жыйынтыктары да далил”, - деди Султанбаев.

Садыр Жапаров дагы чуулгандуу ишкер Абдукадыр өлкөгө ири инвестиция салып жатканын, ага карата кылмыш иши жок экенин белгилеген. Мамлекет башчы "Клооп" сыяктуу басылмалардын иликтөөлөрүн "өлкөгө пайдасы жок" деп сындаган.

Президенттин уулу Рустам Жапаров эч бир мамлекеттик кызматты ээлебейт. Бирок буга чейин мамлекет башчы “ПолитКлиника” басылмасынан иликтөөсүнө жооп берип жатып, уулу өлкөгө инвестор тартуу аракетинде жүргөнүн ырастаган.

"Азыр Рустам инвесторлорду тартып жатат. Президенттин баласы деп ишенген үчүн келип жатышса керек. Бир инвестор келип, иш баштагандары боюнча кабарым бар. Ушул жерден дагы бир жолу кайталап коёюн. Колуңардан келсе ар бир кыргыз жараны чукуламайды токтотуп, өлкөгө инвестор тарткыла", - деген президент Жапаров.

Жарандык активист Айбек Теңизбаев президент жакындарынын ар кандай күмөндүү иштерге аралашканы жөнүндө сөздөргө реакция кылып, чын-төгүнүн элге айтышы керек деген көз карашта.

"Президент үй-бүлөсүнө тиешелүү ушул сыяктуу иликтөөлөргө сөзсүз реакция кылып, жооп бериши керек. Кыргызстандагы мурдагы президенттердин кызматтан кетишине анын жакындарынын саясатка аралашканы себеп болгон. Кыргызстандыктар мындай көрүнүштү оор кабыл алат. Ошонун баарын эске алгандан кийин мурунку окуялардын кайталанышы кейиштүү. Жапаров иликтөө боюнча ачык жооп берип коюшу керек", - деди активист.

Хабибула Абдукадыр жана президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров бул иликтөөлөргө байланыштуу комментарий бере элек.

“Азаттык” комментарий сурап президенттик администрацияга кайрылды, азырынча жооп алган жок.

Бажыдагы схема: Абдукадыр менен Матраимовдун үй-бүлөлүк алакасы

OCCRP, Kloop, “Власть” жана Temirov LIVE басылмалары биргелешкен иликтөөсүндө Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, бул тармакта коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алган Райымбек Матраимовдун уулу менен кытайлык бизнесмен, Борбор Азияда жүз миллиондогон долларлык көмүскө карго империясын түзгөн Хабибула Абдукадырдын кызы баш кошконун таап чыкты.

Райымбек Матримовдун жубайы Уулкан Тургунова Хабибула Абдукадырдын кызы Аланурга улуттук саркеч кийип кийгизип жатат.
Райымбек Матримовдун жубайы Уулкан Тургунова Хабибула Абдукадырдын кызы Аланурга улуттук саркеч кийип кийгизип жатат.

Үйлөнүү үлпөтү 2021-жылдын ноябрында Бишкек шаарындагы Sheraton мейманканасында өткөнүн кезинде бир катар басылмалар кабарлаган. Айрым медиа күбөлөргө таянуу менен тойго келген коноктордун телефондорун алып коюшканын жана сүрөт-видеого тартууга тыюу салышканын жазган.

Төрт медианын иликтөөчү журналисттери социалдык түйүндөр аркылуу Алматыдагы кыз узатуудан тартылган видеолорду таап, Райымбек Матраимов менен Хабибула Абдукадыр күмөндүү бизнес жагынан эле эмес, куда-сөөк болгонун да аныкташты. Иликтөөчүлөр жарыялаган материалдарда тойдо Хабибула Абдукадыр, Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова жана Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, парламенттин депутаты Искендер Матраимов жүргөнү көрүнөт.

Хабибула Абдукадыр, Райымбек Матраимов, Искендер Матраимов жана президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров бул иликтөөлөргө байланыштуу комментарий бере элек.

“Азаттык” радиосунун, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана Kloop порталынын “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген үч-төрт жыл мурдагы иликтөөлөрүндө көпчүлүккө белгисиз Хабибула Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов көмүскө схеманы түзгөнү аныкталган.

Андан кийин “Азаттыктын” “Матраимовдор иши: Дубайдагы мүлк” деген иликтөөсүндө Райымбек Матраимовдун жубайынын Дубайда Абдукадырлар үй-бүлөсү менен инвестициялык бизнеси бар экени билинген.

2020-жылкы Октябрь окуяларынан кийин бийлик башына келген Садыр Жапаров эл алдында Райымбек Матраимов камаларын убада кылган. Кийин Матраимов кармалып, бажыда коррупциялык схема түзгөнүн сотто моюнга алып, мамлекетке 2 млрд сом төлөп бергенден кийин жазадан кутулган.

Муфтияттан колдоо тапкан Матраимов
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:48 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG