Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Сабировдорго байланышкан компаниянын таржымалы


Ахмадшох Азатов жана анын өнөктөштөрү
Ахмадшох Азатов жана анын өнөктөштөрү

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектеги ондон ашуун мектепти “Экспресс-Cтрой КГ” деген компания эч кандай тендерсиз эле курганы жатканын айтып, өкмөттүн токтомун да жарыялады. Мэрия аталган компания менен келишим түзүлбөгөнүн айтууда. Коомчулукта бул Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшан Сабировдун уулунун компаниясы экенин айткандар да бар.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектеги ондон ашуун мектепти “Экспресс-строй КГ” аттуу компания эч кандай тендерсиз эле курганы жатканын Фейсбукка жазды. Анда компаниянын ишмердиги, жетекчиси тууралуу маалымат аз экенине таң калган.

Коомчулукта бул компания Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшан Сабировдун уулуна таандык экени тууралуу маалымат тарады.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 24-мартта өкмөттүн жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун суроосуна жооп берип жатып, мектептерди курууга “Экспресс-Строй КГ” компаниясын тандалганын айткан. Ал ишкана жаңы технологияны колдонуп, курулушту беш айдын ичинде бүтүрүп берерин билдирген.

Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаарынын мэри
Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаарынын мэри

"Биз "Экспресс-строй" компаниясынын кепилдик катын алдык. Бул компанияны тандаганыбыздын себеби - жаңы технологияны колдонгонунда болуп жатат. Экинчиден, мөөнөтү боюнча булар беш айдын ичинде, 1-сентябрга жаңы окуу жылына бүтүрөбүз деп жатышат. Үчүнчүдөн, 30% баасын арзан сунуштап, кепилдик катын бизге берди. Бул эксперименталдык долбоор болгондуктан, Мамлекеттик курулуш агенттиги өздөрүнүн корутундусун беришти. Алар дагы бул долбоорлордун бардык материалдарына сертификат бермей болду. Бишкек шаарындагы сегиз мектеп, бир бала бакчаны жаңы технология менен баштасак, 1-сентябрга бүтүрүп, маселелерди чечүү жолун сунуштап дагы киргизип жатабыз".

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “Экспресс-Строй КГ” курулуш тармагында мурда-кийин аты чыкпаган, жетекчиси тууралуу маалымат аз, тарых-таржымалы жок эмне болгон компания экенине кызыккан.

Министрлер кабинетинин 24.03.2022-ж №140-р тескемеси
Министрлер кабинетинин 24.03.2022-ж №140-р тескемеси

Бекешев мектептерди курууга байланыштуу Министрлер кабинетинин №140-р номерлүү тескемеси чыкканын билдирип жатат. Депутат мектептердин курулушуна байланыштуу күдүк ойлор болбошу үчүн Министрлер кабинети маалымат бериши керек деп эсептейт. Анын айтымында, сынагы жок бир компанияга артыкчылык берүү "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамга туура келбейт.

"Бул боюнча маалыматты бербей жатышат. Бул жерде өкмөт өзү айтыш керек болчу. Себеби, алардын буйругу чыккан, ошол жерде ал компания тууралуу жазылган. Бул жерде эч нерсе жабык режимде болбош керек. Министрлер кабинетинин мектептерди куруу демилгелерин колдойм. Бирок бир компанияга берип алып, ал сапатсыз куруп койсо кимге айтабыз? Ал бир аткаминерге таандык болсо иш козголбойт, андай болбош керек. Мейли берсе дагы ачык эле "бул компанияга бердик, репутациясы жакшы, ушундай артыкчылыгы бар, ушундай техникалары бар" дегендей негиздеп айтышы керек".

Монополияга каршы агенттиги Бекешевдин суроолоруна кат түрүндө жооп берген. Аны депутат социалдык баракчасына жарыялады.

Антимонополия кызматынын депутат Дастан Бекешевге жазган каты. 12-апрель, 2022-жыл.
Антимонополия кызматынын депутат Дастан Бекешевге жазган каты. 12-апрель, 2022-жыл.

"Ушул жылдын 18-мартында Монополияга каршы агенттигине Бишкек шаарынын мэриясынан "Калаанын аймагында билим берүү мекемелеринин объектилерин долбоорлоо жана куруу боюнча подрядчыны аныктоо жөнүндө" тескемесинин долбоору келип түшкөн. Долбоорду кароо учурунда аталган мекеме тарабынан аталган тескеменин долбоорун жетиштүү иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү, ошондой эле "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамдын алкагында сатып алуунун башка ыкмаларын колдонуу маселесин кароо белгиленген".

Мекеменин катында Министрлер кабинетинин 24-мартта чыккан №140-р тескемеси күчүн жоготкондугу да кабарланган.

Ушундан кийин шаар бийлиги борбордо мектептерди куруу боюнча “Экспресс-Строй КГ” компаниясы менен азырынча келишим түзүлбөгөнүн билдирди. Бирок мекеменин басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева тараткан маалыматка ылайык, мектептердин курулушуна подрядчы болуу тууралуу ишканадан сунуш түшкөн.

"Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясына "Экспресс-Строй КГ" жоопкерчилиги чектелген коомунан Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин курулушуна подрядчы болуу сунушу түшүп, кепилдик милдеттенмелери берилген. Бирок Бишкек мэриясы бул компания менен келишим түзгөн эмес. Мэрия бардык иштер мамлекеттик сатып алуулар мыйзамдарына ылайык жүргүзөт, кошумча дагы маалымат берилет".

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров уулу Ахмадшох Азатовдун “Экспресс-Строй КГ” компаниясына "эч кандай тиешеси жок" экенин айтууда.

Равшанбек Сабиров.
Равшанбек Сабиров.

"Биринчиден, уулумдун "Экпресс-Строй КГ" компаниясына тиешеси жок. Экинчиден, ортодо эч кандай келишим дагы түзүлгөн эмес, бул мектептерди сынактын негизинде тандап алган компания салат деп ойлойм. Ал жакка баламдын эч кандай тишеси жок, бирок балдарым жеке ишкерлик менен шугулданып жүрүшөт. "Экспресс-Строй КГ" компаниясынын баарын өткөрүп салышкан. Бүгүнкү күндө анын кожоюну такыр башка, ал жакка менин дагы, балдарымдын дагы тиешеси жок".

"Экспресс-Строй КГ" фирмасына 24-марттан баштап ээлик кылып калган Кочкорбек Жуманазаров "Азаттыкка" компания өзүнүкү экенин айтып, Бишкек шаардык мэриясына мектептерди куруу тууралуу сунуш менен кайрылбаганын билдирди. Ал бул жагдайда аталган компаниянын сөз болуп жатканын "кутумдарга аралаштыруу" аракети катары сыпаттады. Бирок, сөздөрүндө фирманы жакында өткөрүп алганын билдирип жатты.

"Жаңы түзүлгөн компания. Мен анын негиздөөчүсүмүн жана өзүм директормун. Башка эч кимдин тиешеси жок. Жаңы эле каттоодон өтүп, жаңы эле алдым да. Эки жума болду. Эч нерсеге катышкан, келишим түзгөн жокпуз, биз аны курбайбыз дагы. Бир кутумга аралаштыруу аракетин көрүүдө го деп ойлойм".

16-апрель күнү президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына Бишкек шаарына мектептердин курулушу тууралуу өз пикирин билдирди. Анда мамлекет башчы буга чейин мектептердин бир чарчы метрин 820 доллардан куруп келишкенин, бул ирет арзан болорун, ишти өзү көзөмөлдөп жатканын жазды.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Мен адистерди чогултуп алып, өзүм эсептеп чыктым. Бүгүнкү күндө бир квадрат метрин 650 доллардан салса деле курулушчу пайда табат экен. Ошол себептен мэрди дагы ал чогулушка катыштырып, 650 доллардан ашпаган баада салып, 15-сентябрда 15 мектеп, бир бала бакчанын ачылышын кылабыз деп планга киргиздик. Бул мектептердин салынышы жеке менин көзөмөлүмдө турат. Иштин сапатын жана жүрүшүн тиешелүү мекемелер, адистер көзөмөлдөп турушат. Буга бир жарым миллиард сом акча бөлдүк. Жалпысынан алганда 60 миң чарчы метр курулуп жатат".

Ахмадшох Азатов жана анын сырдуу өнөктөшү

Нурдин Сабиров менен Ахмадшох Азатов президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабировдун уулдары.

Ага-ини "Экспресс-Строй" деп аталган эки курулуш компаниясын башкарат. Бирөө жөн гана "Экспресс-Строй" деп аталып, аны Сабировдун ортончу уулу Низамидин иштетет. Ал эми экинчиси - чуулгандуу окуяларда аталган "Экспресс-Строй КГ" компаниясы.

Аталган компания алгачкы жолу 2020-жылдын 25-сентябрында каттоодон өткөн. Аны Эрлан Сыргабеков, Дулкун Ходжамниязов, Александр Коптев, Анатолий Мележик жана Нурдин Сабиров чогуу түзгөн. Бир жарым жылда негиздөөчүлөрү эки жолу алмашып, кайра катталды. Компания 2022-жылдын 4-февралында Эрмек Атантаев менен Ахмадшох Азатовго өткөн. Көп өтпөй, мектеп чуусу чыккандан кийин Кочкорбек Жуманазаров ээлик кылып калды.

"Ачык бюджет" порталындагы маалыматка ылайык, "Экспресс-Строй КГ" түзүлгөндөн берки эки жылдай мезгил ичинде салык төлөгөн эмес. Демек, ишин да баштай элек. Болгону ИИМдин күзөт кызматына гана 14,4 миң сом төлөгөн.

Таалайбек Жакыпов менен Азатовдун байланышы

Ахмадшох Азатов "Страус кей джи" деп аталган башка бир фирмасына Таалайбек Жакыпов менен чогуу ээлик кылат. Жакыпов Бишкек шаардык кеңештин депутаты жана Муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштейт. Ал Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Жыргалбек Саматовдун жардамчысы болуп иштеген. 2012-жылдын декабрь айында жол тандабас унааны катуу айдап баратып кичи автобус менен кагылышкан. Жол кырсыгында үч киши мерт кеткен. Жакыповду Свердлов райондук соту 11 жылга кескен. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, ага таандык "Мегастрой Кей Жи" компаниясы 2015-жылдан бери 300 ашуун тендерге катышып, 93 млн. сомдук тендерди уткан.

Ахмадшохтун «Экспресс-Строй КГ» компаниясындагы өнөктөшү Эрмек Атантаев Сабировдордун үй-бүлөлүк бизнесиндеги дагы бир нече фирмаларга аралашкан. Ал кыргыз темир жолундагы жана жер сатуудагы коррупциялык иштердин бетин ачкан Темиров LIVE жана МедиаХаб өңдүү медиалардын чуулгандуу иликтөөлөрүнүн каармандары Каныбек Туманбаев, Баатырбек Жантаев жана Максатбек Токтомушев менен да бизнес-өнөктөш.

Эрмек Атантаев ким?

31 жаштагы Эрмек Атантаев Сабировдор менен "Экспресс-Строй КГден" тышкары дагы бир нече компанияларда өнөктөш. Анын наамына жалпысынан алты компания катталган. Алардын дээрлик баары тең ар кайсы чөйрөдө аты чыгып калган адамдарга байланыштуу.

  • "БКС" курулуш компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коому. Директору - Эрмек Атантаев. Бул фирмага 2021-жылдын декабрына чейин Каныбек Туманбаев, Баатырбек Жантаев жана Харсан Жоджин ээлик кылчу. Каныбек Туманбаев менен Баатырбек Жантаев темир жолдогу жемкордук боюнча чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдүн каарманы катары белгилүү. Фирма бир кездери А.Атамбаевдин жардамчысы Икрамжан Илмияновго караштуу деп айтылчу. Бишкек шаарынын Байтик Баатыр, 53 дарегинде көп кабаттуу имарат курган. Бул даректе аталган фирмадан тышкары, Туманбаевге таандык ишканалардын бир нечеси катталган.
  • "ВСВ Бишкек" ЖЧКсы. Бул фирмага мурда Баатырбек Жантаев ээлик кылган. 2021-жылы июнда Атантаевге өткөн.
  • "Экспресс-Строй КГ" ЖЧКсы. Бул фирма дагы Бишкек шаарынын Байтик Баатыр көчөсүндөгү №53 үйүндө катталган.
  • "АлиНур-Керим" ЖЧКсы. Бул компанияны Атантаев Алтынбек Майрыкеев аттуу жаран менен бирге түзгөн.
  • "Сай-Аска" ЖЧКсы. Фирманы 2020-жылдын 25-декабрынан бери Антон Бугаёв аттуу жаран жетектеп келет. Негиздөөчүлөрү Эрмек Атантаев менен Нелли Дашкова жана «ТОП» фирмасы. Бишкек шаарынын Байтик Баатыр көчөсүндөгү №53 үйдө катталган.
Эрмек Атантаевге тиешелүү компаниялар
Эрмек Атантаевге тиешелүү компаниялар

Нелли Дашкова буга чейин «Кыргыз темир жолундагы» ири коррупцияга шектелип камалган Василий Дашковдун жубайы экенин МедиаХаб иликтөө тобу аныктап чыккан. Иликтөөдө «Сай-Аска» «Кыргыз Темир Жолу» улуттук компаниясына 40 млн. сомго көмүр жеткирип бергени, тендер товар кампага түшкөндөн кийин гана жарыяланганы аныкталган.

2010-жылы түзүлгөн «Сай-Аска» фирмасы 2019-жылдын сентябрына чейин Нурманбет Сыдыков менен Эрмек Атантаевге катталган болчу. Бирок, фирманын Адилет министрлигиндеги профилинде Баатырбек Жантаевдин уюлдук телефонунун номери менен катталган. 2020-жылдын декабрында Э.Атантаев негиздөөчүлүктөн чыгып, анын ордуна Жолдошбек Ашимов аттуу жаран кирген. Нурманбет Сыдыков экс-бажычы Раимбек Матраимовдун бир тууган жээни болот. Баатырбек Жантаев Каныбек Туманбаевдин жакын тууганы жана бизнестеги ишенимдүү кишиси. Ал эми Жолдошбек Ашимов мурда Равшанбек Сабировдун жубайы Арзыгүл Сабирова негиздөөчүлүк кылган «Алтын-Тоо Базары» («НААР») компаниясына жетекчи болгон.

  • "РИБХ" ЖЧКсы. Фирма 2019-жылдын мартында Рустам Мединов аттуу жаранга катталган. Мединов Максатбек ажы Токтомушев муфтий кезинде анын жардамчысы болуп иштечү. Ошол эле жылы декабрь айында Мединов негиздөөчүлүктөн чыгып, анын ордуна Харсан Доджин, Максатбек Токтомушев жана Каныбек Туманбаев кирген, директору Эрмек Атантаев. Бишкек шаарынын Байтик Баатыр көчөсүндөгү №53 үйүндө катталган. Фирманын профилинде Баатырбек Жантаевдин номери жазылган.

Сабировдордун үй-бүлөлүк бизнеси

Равшан Сабировдун Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин сайтындагы өмүр баянында үй-бүлөлүү жана беш балалуу экендиги жазылган. Коомчулукка алардын ичинен Нурдин, Низамидин жана Ахмадшох гана белгилүү. Мындан тышкары, бир нече фирмаларды иштетип келген Арзыгүл Сабированы анын жубайы деп аташат. Сабировдун өзүнө, жубайына жана үч уулуна таандык же алар катышкан жыйырмадай фирма жана эки коомдук уюм бар.

Равшанбек Сабиров жана анын үй-бүлөсүнө таандык фирмалар
Равшанбек Сабиров жана анын үй-бүлөсүнө таандык фирмалар

Равшан Сабировдун өзүнө үч фирма, эки коомдук уюм катталган. Алар:

1) «Рушан ЛТД» ЖЧКсы;

2) «Тутлис» ЖЧКсы;

3) «RT & Company» ЖЧКсы;

4) Абулкасим Фирдовси атындагы кайрымдуулук фонду;

5) Кыргызстандагы тажиктердин Рудаки атындагы коомдук бирикмеси.

Арзыгүл Нурмашитовна Сабировага үч фирма катталган. Массалык маалымат каражаттарында аны Равшан Сабировдун жубайы деп жазышат, үй-бүлөнү жакындан билгендер да муну ырасташты. Ал эми Равшан Сабиров өзү «Азаттыкка» Арзыгүл Сабирова анын жубайы экенин четке какты. Бирок бир нече фактылар алардын өз ара байланышын кыйыр түрдө далилдеп турат.

"Блэк Стар Бургердин" ачылышында. 25-март, 2019-жыл.
"Блэк Стар Бургердин" ачылышында. 25-март, 2019-жыл.

Равшан Сабиров 2019-жылы 25-мартта Арзыгүл айымдын наамына катталган "Блэк Стар Бургердин" ачылышында үй-бүлөлүк бизнестеги өнөктөштөрү Максат ажы Токтомушев жана Каныбек Туманбаев менен бирге тасма кескен. Ал иш-чарага Икрамжан Илмияновдун инилери да катышкан.

Арзыгүл Сабированын наамына катталган дагы бир фирма «Алтын-Тоо Базарына» (мурунку аталышы «НААР») Равшан Сабиров 2001-жылдан 2010-жылга чейин жетекчилик кылып келгени анын расмий өмүр баянында көрсөтүлгөн. Юстиция министрлигинин базасында катталгандай, Арзыгүл Сабировага «Алтын-Тоо Базары», «Блэк Стар Бургер» жана «Блэк Стар Бургер ЦУМ» фирмалары таандык.

«Блэк Стар Бургер» фирмасындагы ишкердикти Каныбек Туманбаевдин жакын адамы делген Баатырбек Жантаев менен бирге жүргүзөт.

«Алтын-Тоо Базары» Дордой базарынын бир бөлүгүн ээлейт. Бул ишкердикте Арзыгүл Сабирова Акматбек Келдибековдун кайын атасы Нурмамбет Токтоматов менен өнөктөш.

Нурдин Сабиров 28 жашта, Равшан Сабировдун улуу уулу. Нурдин жалпысынан 9 фирмага ээлик кылат. Алар:

1) «Пахта Азии» ЖЧК;

2) «Кыргыз-Фариаб» ЖЧК;

3) «Кыргыз-Жунпа Интернэйшнл Групп» ЖЧК;

4) «Картон и Мешок Кей Джи» ЖЧК;

5) «Кыргыз металлургиялык комбинаты» ЖЧК;

6) «Кыргыз эл аралык тармактык соода компаниясы» ЖЧК;

7) «Оомат-тур» ЖЧК;

8) «Көк-Таш-2» ЖЧК;

9) «Гранд Азия Карго» ЖЧК;

Былтыртан бери дагы беш фирмадагы негиздөөчүлүктөн чыгып кеткен. Аларды кошкондо Нурдин Сабировдун ээлигинде 14 фирма бар болчу. Аталган фирмалардын бир нечесинде Каныбек Туманбаев менен өнөктөш.

"Дуваташ" фирмасынын мурунку негиздөөчүлөрү
"Дуваташ" фирмасынын мурунку негиздөөчүлөрү

Маселен, «Дуваташ» фирмасын 2017-жылы Баатырбек Жантаев (К.Туманбаевдин тууганы), Нурдин Сабиров (Р.Сабировдун уулу), Даниил Дашков (В.Дашковдун уулу) жана дагы бир нече адамдар биргелешип түзүшкөн. Баткен районундагы «Дуваташ» алтын кенин иштетүү лицензиясына ээлик кылат. Ажыга барчу жарандардан чогулган каражаттын максатсыз колдонулганы боюнча жарыяланган документтерде бул фирманын да аты аталган.

2020-жылдагы пандемия учурунда муфтияттан муктаждарга жардам таркатуу үчүн деп 2 млн сом каражат алгандыгы белгиленген. 2021-жылдын апрель айындагы кагылышта талкаланган Максат айылынын тургундарынын үйлөрүн куруу буйрутмасы да «Дуваташ» фирмасына тапшырылган. 2021-жылдын июнь айында кайра каттоодон өтүп мурунку негиздөөчүлөрүнүн ордуна түркиялык Dua Altın Madencilik İthalat Ve İhracat Anonim Şirketi фирмасы кирген.

Түркияда бул фирма андан эки ай мурда түзүлгөнүн Factchek медиасы аныктаган. Ээлери алмашаары менен «Дуваташ» фирмасынын аты Кадамжай сурьма комбинаты менен Айдаркен сымап комбинаттарына башкы инвестор катары аталып келет. Салык кызматы жарыялаган тизмеге ылайык, «Дуваташ» фирмасы 2022-жылдын февралына карата салык боюнча 44 млн сом карызы менен топ-10 компаниянын катарына кирген.

Низамидин Сабиров Равшан Сабировдун ортончу уулу, 24 жашта. Ага 3 компания катталган, анын ичинен экөөнү агасы Нурдин менен бирге түзгөн. Алар:

1) «Кыргыз металлургиялык комбинаты» ЖЧК;

2) «Кыргыз эл аралык тармактык соода компаниясы» ЖЧК;

3) «Экспресс-Строй» ЖЧК.

"Азаттык" макала даярдалып жатканда бул ысымы аталган жарандарга байланышууга аракеттенгени менен толук майнап чыккан жок. Андыктан алардын баарынын пикирине орун берип, коомчулукка угузууга даяр.

2010-жылы “Ата Мекен” партиясынан парламент депутаттыгына шайланган Равшанбек Сабиров аз өтпөй бул партиянын сунушу менен социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган.

Бирок 2012-жылы Сабиров чет өлкөгө бала асыроого уруксат берүүдөгү коррупцияга шек саналып камакка алынган. Сот аны беш жылга кесип, абакта эки жыл жазасын өтөгөн соң мунапыс менен эркиндикке чыккан.

2020-жылы октябрдагы толкундоолордо Садыр Жапаровдун командасы менен бирге бийликке келген Равшан Сабировдун соттуулугу жоюлуп, президенттин кеңешчиси жана вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган. 2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2022-жылдын март айынан бери президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси болуп иштеп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG