Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:16

ЕБ вакцина чыгарган компанияларга эскертүү берди


Европа Биримдигинин лидерлеринин онлайн жыйыны, 25-март 2021-жыл
Европа Биримдигинин лидерлеринин онлайн жыйыны, 25-март 2021-жыл

Европа Биримдиги вакцина чыгарган компанияларды шаркет алдындагы милдеттенмелерин аткарууга чакырды.

Европа Биримдигинин лидерлери европалык ишканалар вакцина менен Батышты камсыздоо боюнча өз милдеттенмелерин аткарышпаса, экспортко чектөө киргизилээрин эскертишти.

27 мамлекет мүчө болгон шаркеттин лидерлери 25-мартта онлайн жыйын өткөрүп, коронавирус пандемиясынан чыгуунун жолдорун жана вакцина менен камсыздоодогу өксүктөрдү талкуулады.

Кеп биринчи кезекте AstraZeneca вакцинасын чыгарып жаткан Нидерланддагы завод жөнүндө болду.

«Компания вакцинаны башка жакка экспортоодон мурда биринчи кезекте Батыш мамлекеттери менен түзүлгөн келишимдерди аткарышы керек»,- деди Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.

Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен
Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен

Фон дер Ляйендин маалыматына караганда, былтыр декабрдан бери Евробиримдик 33 өлкөгө 77 миллион доза вакцина эспорттогон. Мындан тышкары, COVAX долбоорунун башкы донору катары, Евробиримдик төмөнкү жана орто кирешелүү өлкөлөргө экспортко салым кошту.

«Дал ушундай ачык саясатын сактап кала берүү менен бирге, Евробиримдик батыштыктарды вакцина менен камсыз кылууга муктаж», - деди ал.

Евробиримдик күзгө чейин калкынын 70% эмдөөнү пландап жатат. 25-мартка чейин шаркет мүчөлөрүнө болжол менен 88 миллион доза дары жеткирилип, анын 62 миллион дозасы менен эмдөө жүргүзүлдү. 450 миллион кишиден турган Евробиримдиктин калкынын 4,1% (18,2 миллион киши) эки ирет вакцина алып, толук эмдөөдөн өтүштү.

Германиянын канцлери Ангела Меркель журналисттерге:

Ангела Меркел
Ангела Меркел

«Биз, бир жагынан, бүт дүйнө жүзүнө (вакциналарды) жеткирүү тармагын колдойбуз. Чөлкөмдүк протекционизмге каршы күрөшүүнү каалайбыз. Ошол эле кезде биз өз элибизди коргогубуз келет. Анткени, бул – кризистен чыгуунун жолу», – деп билдирди.

Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель вакцина менен камсыздоого болгон аракет көрүлөт деп ишендирди.

«Европада вакцина өндүрүшүн өркүндөтүү жана аны мүчө мамлекеттерге таркатуу жөндөмүбүздү жакшыртуу боюнча иш-аракетибизди улантуу башкы мааниге ээ. Бул – биздин абсолюттук түрдөгү артыкчылыктарыбызга жатат. Биз Еврокомиссия менен биргеликте бул милдетти аткарууга бар күчүбүздү арнайбыз», – деп ишендирди.

АКШнын президенти Жо Байден Европа Биримдигинин бул видео баарлашуусуна кыска убакытка кошулуп, коронавирус пандемиясы жана трансатлантикалык мамилелерди жакшыртуу жаатында пикир алмашты.

Кошмо Штаттарында калкты эмдөө күчөтүлгөн темпте жүрүп жатат. Жо Байден апрелдин аягына чейин 200 миллион кишини эмдөө тууралуу тапшырма берди:

«Мен билем, бул - күчтүү дымак. Алгачкы пландан эки эсеге көп. Бирок, дүйнөдө бир дагы өлкө буга жакындаган да жок. Ошон үчүн биз аны жасап жатабыз, колубуздан келет деп ишенем»,- деди Байден.

Жо Байден Pfizer/ BioNTech вакцинасы менен түз эфирде эмделген, 21-декабрь 2020-жыл
Жо Байден Pfizer/ BioNTech вакцинасы менен түз эфирде эмделген, 21-декабрь 2020-жыл

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсеби боюнча, дүйнөдө коронавирус 2,7 миллиондонашуун кишинин өмүрүн кыйды. АКШда эле вирустун курмандыктары жарым миллиондон ашты.

Калкты коронавируска каршы эмдөө иштери толук кандуу жүргүзүлүп жатканына карабай, ушул күндөрү Америкада бир күндө илдет жугузгандар 87 миңге жетүүдө.

Ал эми бир катар Европа өлкөлөрүн коронавирустун үчүнчү толкуну каптады. Жер-жерлерде кайрадан күчөтүлгөн карантиндик чектөөлөр киргизилди.

Бир нече күн катары менен Украинада оорудан кайтыш болгондор күн сайын 360 кишинин тегерегинде катталууда. Венгрияда бир жумадан бери бир күндө коронавирус 270тей адам өмүрүн кыйып жатат.

Бразилияда 25-мартка карата 100 миң кишиде оору жаңыдан аныкталса, Мексикадан илдеттен 200 миңден көп киши кайтыш болду.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG