Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Коронавирус АКШнын айласын кетирди


Коронавирустан жакынын жоготкондор. Нью-Йорк. 2020-жыл, март.
Коронавирустан жакынын жоготкондор. Нью-Йорк. 2020-жыл, март.

Кошмо Штаттарда коронавирустан көз жумгандардын саны жарым миллионго чамалады. Ал эми дүйнөдө бул илдеттен ажал тапкандардын саны эки жарым миллионго чукулдады.

АКШда алгач коронавирустун очогуна Нью-Йорк штаты айланган. 2020-жылдын 1-апрелине чейин коронавирус 2300 адамдын өмүрүн алса, кийинки айларда бул илдеттен ажал тапкандардын саны он миңден ашып турду.

"The New York Times" басылмасы жазгандай, коронавирустан өзгөчө карылар үйлөрү жабыркаган. Маалыматка караганда, карылар үйлөрүндө бери дегенде 163 миңдей адам бул апааттан көз жумган. Бул АКШдагы коронавирустан өлгөндөрдүн үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

"Алардын көздөрү... Мен эч качан алардын жүзүн, өлөр алдында мени жалооруп караганын унута албайм",-дейт Бруклиндеги медициналык борбордун дарыгери Арабия Моллет.

Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо катаал карантин чараларын киргизип, өлкөдөгү медицина кызматкерлерин жардамга чакырган. Штаттын жашоочулары жумалап көчөлөргө чыгып, кол чаап, медкызматкерлерге ыраазычылыгын билдирип турушту.

Көп өтпөй коронавирус бардык штаттарга жайылып, ооруканалар толуп, сөөктү жерге берүү менен алектенген агенттиктер COVID-19дан каза болгондорду көмгөнгө жетишпей жатышты.

Коронавирустан каза болгон адамдын сөөгүн чыгарып баратышат. 31-март, 2020-жыл. Нью-Йорк.
Коронавирустан каза болгон адамдын сөөгүн чыгарып баратышат. 31-март, 2020-жыл. Нью-Йорк.

Кошмо Штаттардагы көрүстөндүн биринин кызматкери Александра Петрини буларды айтты:

"Бул пандемияда баарынан кейиштүүсү - адамдар ооруканада жаткан жакындарынын жанына бара алышкан жок. Көз жумар алдында бейтаптар туугандарын көрүүнү, алар менен сүйлөшүүнү талап кылышат. Бул апааттан болгон күчүбүздү жыйнап чыгышыбыз керек".

Адамдар жакындары менен "Zoom" аркылуу онлайн коштошууга аргасыз болушту. АКШны учурда коронавирустун «үчүнчү толкуну» каптап жатат. Ооругандардын саны азайып, эмделгендер көбөйүп баратканы менен, саламаттык сактоо системасынын өкүлдөрү пандемиянын аякташына али көп бар экенин эскертишүүдө.

Өзгөчө тынчсызданууну коронавирустун мутацияланган жаңы түрлөрү жаратууда. Буга чейин Түштүк Африкада чыккан коронавирустун жаңы штаммы айрым вакциналарды тоготпой турганы маалымдалган.

Германияда соңку күндөрү бул илдетке чалдыккандар көбөйдү. Муну эпидемиологдор жугуштуу деп эсептелген коронавирустун британиялык түрүнөн көрүп жатышат. Учурда Германияда ооругандардын 22% вирустун дал ушул түрүнө чалдыккандар болууда.

Германиядагы 16 облустун ону 22-февралдан тартып мектептерди ачууну көздөп жатышат. Окуу жайлардын көбү ноябрдан бери жабык турат. Евробиримдиктин башка мамлекеттериндей эле Германияда да эмдөө жай жүрүп жатат. Британияда июль айынын соңуна чейин өкмөт ар бир адамды эмдөөдөн өткөрүүнү пландоодо. Ушул күнгө чейин бул мамлекетте 17 миллиондой адамга вакцинанын биринчи дозасы сайылды. Бул - ар бир үчүнчү чоң адам эмделди дегенди билдирет.

22-февралда өкмөт башчы Борис Жонсон карантинден акырындап чыгуунун «жол картасын» жарыялары күтүлүп жатат.

Австралияда дүйшөмбүдөн тартып калкты жапырт эмдөө өнөктүгү башталды. Алгач ал жакта медициналык кызматкерлер жана улгайган адамдарды эмдөөдөн өткөрүү пландалган. Дүйнө жүзү боюнча коронавируска каршы 205 миллион доза вакцина сайылды.

XS
SM
MD
LG