Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

COVID-19: Өкмөт абал кооптуу экенин эскертти


8-июль, 2020-жыл.
8-июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар көбөйүп, Бишкекте санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бишкек мэриясы атайын мобилдик бригадалар менен мекеме-ишканаларды текшерип, жарандарды санитардык талаптарды так аткарууга чакырып жатат.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча акыркы бир күндө вирус дагы 115 адамдан табылса, анын 66сы Бишкек шаарынын тургундары болуп чыкты. Бул 3-февралдан берки эң чоң көрсөткүч.

Илдеттен эки бейтап каза тапты. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарынын тургундары болчу.

“Азыркы учурда Бишкекте эпидемиологиялык абал туруктуу. Бирок ошого карабай шаарды, шаар тургундарын сакташыбыз керек. Мындан улам вице-мэр Айжан Чыныбаева ишкерлер менен жолугуп, аларга кырдаал боюнча маалымат берип, санитардык эрежелерди сактоого чакырды. Бишкек мэриясы шаар тургундарын беткап тагынып, социалдык аралыкты сактоого, эл көп чогулган жерге барбоого чакырат”, - деди мэриянын басма сөз кызматынын өкүлү Назгүл Жамгырчиева.

Кыргызстанда коронавирус алгачкы ирет катталган 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 87 миңге жетти, каза болгондор - 1492 адам. Ооруну жугузуп алгандардын 43 миңге жакыны Бишкектин тургундары.

Эпидемиолог, медицина илимдеринин доктору Зурдин Нурматов 100 миңден ашык киши жашаган аймакта эгер күнүнө илдетке кабылгандар 80ден ашса, кырдаалдын оорлошконунан кабар бере турганын белгиледи.

“Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жол чырак сыяктуу кызыл, сары жана жашыл кылып үч түскө бөлүп карасак, азыр Бишкек сары зонага кирип калды. Былтыр июль айында Кыргызстандын бардык аймагы кызыл зонага кирген болчу. Азыр бардык аймактар жашыл зонада турат. Бирок Бишкекте акыркы жети күндүн ичинде оору жугузгандар көбөйдү. Күнүнө 50-60 киши вирус жугузуп алууда. Демек бул аймакта оору жугузгандардын саны 80ге жакындап, бул зонага өзгөчө көңүл бургула дегенди түшүндүрөт. Учурда Кыргызстанда абал туруктуу. Алдыдагы 28 күндө ооругандар көбөйбөйт деген божомол бар. Бирок аны алдын ала так айтыш кыйын. Коронавирус менен ооругандардын көпчүлүгүндө антиденече пайда болду. Бирок вирус азыр өзү мутацияланып, өзгөрүп жатат. Эгер адамдын антиденечеси вирустун жаңы түрүнө туруштук бере албаса, анда оору жугузгандардын саны кескин өсүп кетиши мүмкүн”.

Адистер СOVID-19дун жаңы түрүнөн чочулап турушат. Себеби коронавирустун мутацияланган жаңы түрү Европанын бир нече өлкөлөрүнүн шайын оодарып, айрым мамлекеттер катаал чараларга барып, карантиндин мөөнөтүн узартып жатышат. Кыргызстанда вирустун жаңы түрү катталып-катталбаганы азырынча белгисиз болууда.

“Кыргызстанда коронавирустун жаңы штаммын аныктай турган медициналык жабдыктар болбогондуктан өлкөдө вирустун жаңы түрү катталганын аныктоо мүмкүн болбой жатат. Азыр биз лабораториянын негизинде вирустун жаңы түрүн аныктай турган жабдыктарды орнотуп жатабыз”, - деди эпидемиолог Зурдин Нурматов.

18-мартта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда коронавируска байланыштуу абал курчуп кетсе, дары-дармек менен медициналык кызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттар 2 айга жетиштүү экенин билдирген. Муну менен катар министрлик жарандарды өзүнүн саламаттыгына жоопкерчиликтүү болуп, беткап тагынууга, социалдык аралыкты сактоого жана башка тиешелүү талаптарды так аткарууга чакырды.

Педиатр Гүлнара Жумугулова ата-энелерди өзгөчө балдарга камкор болууга чакырды. Кыргызстанда пневмонияга чалдыккан балдардын саны январь-февраль айында көп катталды. Ошондой эле коронавирус, ага кошумча Кавасаки синдромуна окшош илдеттер да катталууда.

“Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы буйругунун негизинде ооруканага жаткан ар бир бейтап ПЧР тест тапшырат. Акыркы айда балдар арасында коронавирусту жуктуруп алгандар катталган жок. Бирок азыр мезгил сайын болуучу сасык тумоо, өпкөнүн кагынуусу (пневмония) өңдүү илдеттер күчөп жатат. Бирок алардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз. Бул балдар арасында вирус күчөп жатат дегенди түшүндүрбөйт. Ошого карабай ата-энелер балдарына кайдыгер мамиле кылбай, убагында туура жана пайдалуу азыктарды берип, эл көп чогулган жайларга алып баруудан оолак болушу керек. Эгер бала ооруп калса, өз алдынча дарылабай, ошол замат дарыгерге кайрылууга тийиш. Анткени азыр бизге оорусу күчөп, такыр дем ала албай калган балдар да түшүп жатышат. Дарыгерге канчалык эрте кайрылса, ооруну дарылаш ошончолук жеңил болот”.

Күттүргөн вакцина

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал азырынча кооптуу бойдон калууда. Мындан улам эл арасында коронавируска каршы эмдөө маселеси күн тартибине чыкты.

19-мартта Кытай өкмөтү Кыргызстанга гуманитардык жардам катары COVID-19га каршы 150 миң доза «Sinopfarm» вакцинасын акысыз берген. Бирок, азырынча Кыргызстанда эмдөө баштала элек. Саламаттык сактоо министрлиги эмдөө март айынын аягы, апрелдин биринчи күндөрү башталарын кабарлаган.

Буга чейин Кыргызстан COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасын алмак. Бирок, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, Европадагы өлкөлөрдө бул вакцинаны сайгандан кийин адамдардын абалы начарлап, өлүмгө дуушар болгон учурлар катталгандыктан андай учурлардын чыныгы себептери аныкталгыча вакцинаны алып келүү убактылуу токтотулган. Муну министр 18-мартта билдирген.

Анткен менен ушул эле күнү Европа Биримдигинин Дары-дармек агенттиги (EMA) “AstraZeneca” вакцинасын коронавируска каршы эмдөө заты катары "коопсуз жана натыйжалуу" деп тапкан.

19-мартта Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү Оксфорд университети менен «AstraZeneca» компаниясы өндүрүп жаткан вакцинаны эмдөөдө колдонууну кайра жандантышты.

Жарандык активист Азим Азимов Кыргызстан эмдөө жараянын тез арада башташы керектигин, анткени өкмөт бай мамлекеттердей карантиндик чектөөлөрдү киргизе албасын “Азаттыкка” айткан.

Азим Азимов.
Азим Азимов.

«Казакстанга вакциналар жеткен. Жада калса алар вакциналарды өздөрү жасай баштады. Февраль айынан баштап эмдөө жүрүп жатат. Өзбекстанга да вакцина келген. Кыргызстанда болсо "Вакцина качан келет, кайсы вакцинаны колдонобуз, ошол вакциналар кимге жетет?" деген негизги суроолорго жооп ала элекпиз. Мен, мисалы, Кыргызстандын жараны катары биздин өкмөттөн эмес, керек болсо чет өлкөдөн барып вакцина сатып алып, өзүмдүн ата-энемди эмдетмекмин. Тилекке каршы, андай жолдор да жок экен. Мамлекет өз милдетин аткарбай жатат. Бирок ошол эле учурда вакцина алып келебиз деген жеке компанияларга да шарт түзүп бербей жатат», - деди ал.

Деген менен Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү ушул апта ичинде баштаганы жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирген. Анын айтымында, эмдөө милдеттүү түрдө болбойт. Вакцина алууну каалаган 75 миң адамга арасын 20 күндөй кылып эки жолу сайылат:

“Кытай менен келишимдин негизинде 150 миң доза «Sinopharm» компаниясынын вакцинасы келди. Биринчи этапта Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, реанимацияда, тез жардамда иштеген медицина кызматкерлери, андан кийин мугалимдер эмделет. Анан 65 жаштан жогору курактагылар болот”.

Ишенапысованын маалыматы боюнча, катардагы жарандар бул 150 миң доза боюнча планга азырынча кирбейт. Калган жарандар үчүн коронавируска каршы вакцинаны чет мамлекеттерден алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.

Кыргызстанда коронавирус 2020-жылдын 18-мартында катталган. Ошондон бери өлкөдө коронавирус жугузуп алгандар 90 миңге, каза болгондор 1,5 миңге чамалады. Коронавирус менен күрөштө, иш үстүндө коронавирус жугуп 104 медицина кызматкери каза болду.

Өмүрүн коронавирус менен күрөшкө арнаган дарыгер
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:47 0:00

XS
SM
MD
LG