Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Европа AstraZeneca вакцинасынан күмөн санап турат


Нидерланддар коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен өз жарандарын эмдөөнү убактылуу токтотконун жарыялады.

Буга чейин мындай чечимди Ирландия, Дания, Норвегия, Болгария жана Таиланд кабыл алган болчу. Буга вакцина менен эмделген айрым адамдардын тамырында тромб пайда болгону тууралуу маалыматтар себеп болду. Бирок AstraZeneca компаниясы жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул маалыматтар далилдене электигин айтып, вакцинадан баш тартпоого чакырган.

Жекшембиде Нидерланддардын бийлиги AstraZeneca вакцинасы менен өз жарандарын эмдөөнү 29-мартка чейин токтотконун жарыялады. Бийлик Дания, Норвегиядан келип түшкөн маалыматтарга таянып, вакцинаны колдонууну ушул айдын аягына чейин токтотконун билдирди. Ал эми норвегиялык адистер жакында эле AstraZeneca менен эмделген үч медкызматкер кан-тамыр оорусунан улам дарыланып жатканын кабарлады.

Нидерланддардын Саламаттык сактоо министрлиги жакынкы эки жуманын ичинде болжол менен 290 миң жаранга AstraZeneca препаратын саюуну пландаштырган, бирок бул жараян учурда токтотулат.

AstraZeneca вакцинасы.
AstraZeneca вакцинасы.

Ал арада жекшембиде AstraZeneca компаниясынын Ирландиядагы өкүлү тромб тууралуу ачык жана так далил жок экенин билдирди.

"17 миллион вакцинанын коопсуздук маалыматтарын анализдеп, тромб боюнча эч кандай далил жок жана клиникалык изилдөөлөрдө мындай көрүнүш байкалган жок. AstraZeneca вакцинасы менен эмделбеген калктын саны табигый жол менен болушу мүмкүн болгон учурлардан көп эмес", - деди компаниянын өкүлү.

Ирландиянын Улуттук эмдөө боюнча консультативдик комитети (NIAC) "Норвегиядагы кээ бир чоң кишилерде AstraZeneca вакцинасы кандын уюп калышына алып келүүдө" деген маалыматтан улам аны өлкөдө колдонууну токтотууну сунуш кылган.

Ирландиянын Саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Стивен Доннелли бул чечимди "этияттык менен жасалган кадам" деп мүнөздөдү. Бүгүнкү күнгө чейин Ирландияда 110 миң дозадан ашык AstraZeneca вакцинасы сайылган. Бул жалпы коронавирус менен эмделген жарандардын 20 пайызын түзөт.

Ал эми Бавариянын премьер-министри Маркус Зёдер AstraZeneca вакцинасынын эффективдүүлүгү жөнүндө так билдирүү керек экенин айтты.

"Германияга так жооп керек: вакцина жакшыбы же жаманбы? Эгер аны кабыл алуу маселеси келип чыкса, ошол вакцина менен эмделген саясатчыларды мисал келтиришибиз керек деп ачык айта алам. Андан кийин жөнгө салууга уруксат керек, анткени баарыбызга бул вакцина эффективдүү иштей алат деген билдирүү керек".

Бавариянын премьер-министри Маркус Зёдер.
Бавариянын премьер-министри Маркус Зёдер.

AstraZeneca вакцинасы Британиядагы Оксфорд университетинин адистери менен биргеликте даярдалган. Аны менен Европадагы 5 миллиондон ашык адам эмделди.

Ал ортодо АКШнын Нью-Йорк шаарында коронавирустун курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү. Пандемия 30 миңден ашык адамдын өмүрүн алган шаардын мэри Билл де Блазио коронавирустун курмандыктарынын саны Экинчи Дүйнөлүк согушта, Вьетнамдагы согушта, 2001-жылдагы терактта жана «Синди» бороонунда көз жумган ньюйорктуктардын санынан ашканын билдирди.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG