Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:20

Түркия: Чектөөлөр алынып, эмдөө башталды


Стамбул шаарынын тургундары
Стамбул шаарынын тургундары

Түркияда карантин чектөөлөрү четинен алына баштаганын президент Режеп Тайып Эрдоган 1-мартта кабарлады. Жаңы эрежеге ылайык коронавирус жуктуруп алгандар аз катталган аймактарда ресторан жана коомдук жайлар ачылат. 

2-марттан тартып Түркиянын 81 облусу коронавирусту жуктуруп алгандардын жана оор бейтаптардын абалына жараша, жеңил, орто, кооптуу жана өтө кооптуу деген категориялардагы аймактарга бөлүнөт.

Буга жараша кооптуу жана өтө кооптуу аймактарда катаал чектөөлөр сактала бермекчи, ал эми жеңил жана орто категориядагы аймактарда элдин көчөгө чыгуусуна уруксат берилет.

Президент Эрдогандын 1-марттагы элге кайрылуусунда эмдөө өлкө боюнча ыкчам жүрүп жаткандыктан, чектөөлөр алына баштаганын баса белгиледи.

Кытайлык "CoronaVac" вакцинасынын алгачкы үч миллион дозасы Түркияга былтыр 30-декабрда жеткирилген. Анда Саламаттык сактоо министрлиги бир миллиондон ашуун медицина кызматкерлери чукул эмделээрин кабарлаган.

Президент Режеп Тайып Эрдоган коронавируска каршы эмделди. Анкара. 2021-жылдын 14-январы.
Президент Режеп Тайып Эрдоган коронавируска каршы эмделди. Анкара. 2021-жылдын 14-январы.

Министрликтин интернет барагынан күнүгө эмделген жарандардын санын да көрүүгө болот. Ага ылайык 2-мартка карата тогуз миллиондон ашык адам вакцина сайдырган.

Стамбул шаарындагы "Адатып" ооруканасында эки жарым жылдан бери иштеген Нурсеит Мамыров –эмдөөдөн өткөн дарыгерлердин бири. Ал вакцинация кандай тартипте өткөнүн айтып берди.

"Түркия кытайлык "CoronaVac" вакцинасын сатып алган. Анын негизинде алгач дарыгерлер жана ооруканада иштегендер эмделди. Бизге "каалагандар вакцина алгыла" деп айтылды. Саламаттык сактоо министрлигинин атайын системасы бар, ага кезекке туруп, биринчи дозаны 15-январда, экинчисин 12-февралда алдым. Кудайга шүгүр, баары жакшы. Мен иштеген оорукананын бардык дарыгерлери эмделди", – деди кыргызстандык дарыгер.

13-январда Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа өзүнө кытайлык "Sinovac Biotech" компаниясынын вакцинасын сайдырды. Ал журналисттерге "алгач дарыгерлер, андан соң 65 жаштан өйдө жаштагылар эмделээрин" кабарлаган.

Министрлик ошондой эле Түркияда коронавирус жуктуруп алгандардын, дарылангандардын жана эмделчүлөрдүн маалыматын камтыган тиркеме иштеп чыккан.

Анкара университетинин профессору, түрколог, кыргыз таануучу Гүлзура Жумакунова бул тиркеме аркылуу кезекке туруп, күйөөсү, ишкер Разак Сайдилканов менен чогуу барып эмделишкенин айтып берди.

"65 жаштан улуулардын эмделээри белгилүү болгондон кийин "е-nabız" деген система аркылуу жолдошум менен вакцинация кезегине туруп койдук. Чет өлкөлүкпү же жергиликтүү тургунбу, айырмасы жок, жашы келгендерге вакцина сайылып жатат. Бизге атайын SMS кат келди, анда аты-жөнүбүз жана кайсы ооруканада эмделе тургандыгыбыз жазылыптыр. Ооруканага барсак, эч кандай ызы-чуу, кезек жок. Вакцинанын биринчи дозасы сайылгандан кийин экинчиси качан, кайсы жерде болоору тууралуу дагы бир SMS келди. Бул вакцина Түркияда акысыз жасалды. Учурда абалыбыз жакшы", – деди Жумакунова.

Анкара шаарында көп жылдардан бери эмгектенип жүргөн Уруят Ташматова эмделүүгө кезек күтүп жатканын айтты.

"Мен 62 жаштамын. Атайын маалымат алдым. Анда мага "азыр 70-80 жаштагылар болуп жатат" деп жооп беришти. Андан кийин гана 60 жаштагылар вакцинациядан өтөт экен. Андыктан учурда мени менен теңтуш кыргызстандыктар эмделе элек", – деди Уруят Ташматова.

Ушул тапта 83 миллион калкы бар Түркияда, 1-марттага маалыматка ылайык, 9 миллионго жакын адам эмделди. Алгач медицина кызматкерлери жана карылар үйүндөгүлөр вакцина сайдырган. Экинчи топко полиция жана мугалимдер кирген.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа май айынын аягына чейин Түркияга Pfizer-BioNTech, AstraZeneca жана Sputnik V вакциналарынан дагы 105 миллион доза алына тургандыгын кабарлаган.

Муну менен катар жергиликтүү вакцинаны өндүрүүгө да көңүл бурулат.

Стамбул шаарындагы метро.
Стамбул шаарындагы метро.

Анткен менен оппозициячыл партиянын өкүлдөрү түрк өкмөтүнөн Кытайдан алынган вакцинанын баасы тууралуу ачык маалымат берүүнү талап кылышкан.

Расмий Анкара бул талапка кытайлык "Sinovac Biotech" компаниясынан алынган расмий келишимдин көчүрмөсүн жана ортомчу фирмаларга акча төлөнбөгөн документтерди көрсөткөн.

Tүркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу былтыр 11-мартта катталган.

Ал эми соңку расмий маалыматка караганда, 2-мартта Түркияда COVID-19 вирусунан көз жумгандардын саны 28 706 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар 2 миллион 700 миңден ашты. 2 жарым миллиондон ашууну коронавирустан сакайды.

Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы тууралуу расмий маалымат жок.

Бирок былтыр декабрда Анкара шаарында иштеп жүрүп, коронавирус жуктуруп алган кыргызстандык келин көз жумганы кабарланган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG