Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

ДССУ жана ЮНИСЕФ: Дүйнөдө вакциналар адилет бөлүштүрүлсүн


Жалпы дүйнөдөгү коронавируска каршы вакциналардын төрттөн үч бөлүгүнөн ашууну 10 гана өлкөдө эмделип жатат.
Жалпы дүйнөдөгү коронавируска каршы вакциналардын төрттөн үч бөлүгүнөн ашууну 10 гана өлкөдө эмделип жатат.

Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы эмделгендердин төрттөн үч бөлүгүнөн ашууну өзгөчө камсыз болгон 10 мамлекетке таандык болуп жаткандыгына Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен ЮНИСЕФ кабатырланып, адилеттикти камсыз кылууга чакырды.


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) менен Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар кору болгон ЮНИСЕФтин жетекчилери өткөн аптада кайрылуу жасап, COVID-19 илдетине каршы вакцина түрлөрүн өндүрүүнү тездетүүгө жана өндүрүлгөн эмдөө заттарын дүйнө жүзүндө калыстык менен бөлүштүрүүгө чакырышты.

ДССУнун жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисус (Tedros Adhanom Ghebreyesus) маалымат жыйынында. Женева. 2021-жылдын 5-январы.
ДССУнун жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисус (Tedros Adhanom Ghebreyesus) маалымат жыйынында. Женева. 2021-жылдын 5-январы.


ДССУнун Башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус менен ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Генриетта Фор 10-февралда вакцина менен камсыздоодо дүйнөдө теңсиздик болуп жаткандыгын баса белгилешти:

“Бүгүнкү күндө өндүрүлгөн 128 миллион доза вакцинанын төрттөн үч бөлүгүнөн ашууну 10 гана өлкөдө эмделип жатат. Бул өлкөлөргө дүйнөдөгү жалпы улуттук дүң өнүмдүн 60 пайызы туура келет. Бүгүнкү күнгө чейин 2,5 миллиард киши байырлап жаткан 130га жакын өлкөдө эч бир эмдөө жүргүзүлө элек”.

Ошондой эле алар мындай өзүмчүл кырдаал улантыла берсе, анда вирустун мутациялашына ыңгайлуу шарттар түзүлүп, буга чейинки вакциналарга туруштук бере алаарын эскертишти. Мындан улам дүйнөлүк экономиканын калыбына келишинин жүрүмү да басаңдайт, дешти алар.


Гебреисус жана Фор өнүккөн мамлекеттерди «чек аралардын алкагынан сырткаркы жактарга да көз чаптырууга» жана пандемияны жеңип, вирустун жаңы түрлөрүнүн пайда болушун чектей турган стратегияны иштеп чыгууга үндөштү.
.
Алар биринчи кезекте бардык өлкөлөрдөгү медициналык кызматкерлерди жана калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүн эмдөөнү сунушташты. ДССУ менен ЮНИСЕФтин лидерлери вакцина өндүрүүчүлөрдү чектелүү санда өндүрүлгөн эмдөө заттарын тең бөлүштүрүүгө жана дүйнөдөгү жалпы таңкыстыкты жеңүү максатында вакцина жасоо технологиясын башка өндүрүүчүлөргө өткөрүп берүүгө чакырышты.

"Коронавирус биздин тагдырларыбыз өз ара тыгыз байланышта экендигин көрсөттү. Жеңсек дагы, жеңилсек дагы, бул иштерди биз чогуу жүзөгө ашырабыз", – дешти Гебреисус менен Фор.


Ошол эле 10-февралда, өткөн шаршемби күнү, ДССУнун адистеринин Стратегиялык кеңеш тобу AstraZeneca жана Оксфорд университети биргелешип өндүргөн вакцинаны 65 жаштан өткөндөргө эмдөө үчүн да сунуш кылган убактылуу буйрукту жарыя кылды.


Кээ бир Европа өлкөлөрү, анын ичинде Германия менен Франция, улгайган адамдардын бул эмдөө затын кабылдоо мүмкүнчүлүгү боюнча маалыматтар жетишсиз болгондуктан, бул вакцинаны 18 жаштан 64 жашка чейинки кишилерге гана колдонушат.

ДССУ адистеринин айтымында, колдо болгон сыноолор жана изилдөөлөр AstraZeneca вакцинасынын улуу курактагы топтор үчүн коопсуздугун жана натыйжалуулугун күбөлөндөрдү. Бул вакцинанын алгачкы жана экинчи дозасы менен эмдөө аралыгы 8 жана 12 аптанын ичинде болушу керектигин да бул адистер сунушташты.

Түштүк Корея 26-февралдан баштап бардык чоңдор үчүн AstraZeneca вакцинасын колдонууга уруксат берди, бирок 65 жаштан өткөндөргө этият болууларын да эскертти.


7-февралда Түштүк Африка болсо бул жумуриятта аныкталган коронавирустун жаңы бир түрүнө каршы анча натыйжалуу эместигин көрсөткөн AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөнү убактылуу токтотту.


Түштүк Африка Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Звели Мхизе 10-февралда билдиргендей, өкмөт саламаттыкты сактоо кызматкерлерин чектелген изилдөөнүн алкагында АКШнын фармацевтикалык гиганты Johnson & Johnson компаниясынын бир дозалуу вакцинасы менен эмдей баштайт.

Johnson & Johnson вакцинасы азырынча бир дагы мамлекетте расмий каттоодон өтө элек, бирок компаниянын айтымында, клиникалык изилдөөлөрдүн акыркы баскычында алынган тыянакка караганда, коронавирустун Түштүк Африка штаммы үчүн дагы өздөрү өндүргөн вакцина оор илдеттердин алдын алууда 85 пайыз натыйжалуулугун көрсөттү.


Израил жумурияты калайыктын басымдуу бөлүгүн эмдөө ишин жүзөгө ашырууга жетишкен алгачкы мамлекет болуп калды.

Мында колдонулган «BioNTech/Pfizer» вакцинасынын натыйжалуулугуна өлкө дарыгерлери жогору баасын берүүдө.


Вакцина өндүрүү жана сунуштоо жаатындагы дагы бир жаңылык – америкалык Eli Lilly дары-дармек компаниясына таандык. АКШнын азык-түлүккө жана дары-дармекке көзөмөл жүргүзүү башкармалыгы дал ушул компания өндүргөн жаңы вакцинаны да чукул кырдаалда коронавируска каршы колдонууга уруксат берди. Бул дары зат оорусу өтүшүп кеткен бейтаптарга коронавируска каршы эмдөө үчүн сунушталууда.


Жалпысынан, бир нече мамлекетте атаандаштык негизде өндүрүлгөн бир катар вакциналар эмдөө үчүн жигердүү колдонулууда. Алардын ичинен Кытай менен Орусияда өндүрүлгөн вакциналарга карата да азыркы тапта жылуу пикирлер айтылып келет.

Бул авторитардык өлкөлөрдө өндүрүлгөн вакциналарга дүйнөнүн бир катар өнүккөн өлкөлөрүндө чоочуркоо жана ишениңкиребөө мамилеси жасалып келди. Бир чети, мындай мамиле аталган өлкөлөр вакцинаны текшерүүнүн үчүнчү баскычын өтө электе өз вакциналарын расмий түрдө жактыргандыгынан улам жасалса, экинчи чети, бул өлкөлөрдө жалпы эле башка маселелер боюнча өкмөттүн коомго өз чечимин бир беткей таңуулоо ыкмалары жана тажрыйбалары бул өлкөлөрдөгү дары-дармектерге карата да ишенбестикти пайда кылган.

Эми болсо, маселен, Европа Биримдигинин мүчөсү болгон Венгрия орусиялык “Sputnik V” вакцинасын расмий колдоно баштады. Расмий Прага да Будапешттин жолоюна түшүү ниетин билдирди.


Африканын түштүгүндөгү Зимбабве өлкөсү Кытай өкмөтүнүн колдоосу астында өндүрүлгөн "Синофарм" (“Sinopharm”) компаниясынын 200 миң дозалык вакцинасын кайрымдуулук жардамы катары бекер алды. Бул көмөк Хараре шаарына учак менен жеткирилгендиги 15-февралда маалымдалды.

Жалпысынан, КЭР дүйнөдөгү 57 өлкөгө өзү өндүргөн эмдөө затын жылы бою бекер жабдымакчы.

Сербия 16-февралга карата өзүнүн 7 миллионго жакын калкынын болжол менен 11,2 пайызына коронавируска каршы биринчи жолку эмдөөнү жүргүздү.
Бул дозалардын көпчүлүгү – болжол менен 1,5 миллиону – Кытайда өндүрүлгөн “Синофарм” вакцинасыныкы болду, бирок Сербия Орусиянын “Sputnik-V” вакцинасын жана АКШ менен Германиянын “Pfizer-BioNTech” вакцинасын да эмдөөдө колдонуп жатат.

XS
SM
MD
LG