Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

ДССУ: Дүйнө коронавирусту жеңе элек


 Москвадагы эмдөө борбору.
Москвадагы эмдөө борбору.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун тез жайылган улам бир түрүнүн пайда болушу жана өлкөлөрдө эмдөө жүрүмүнүн жай жүрүп жатканы боюнча тынчсызданууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавируска каршы эмдөө башталганына карабастан, быйыл жапырт иммунитет пайда болбостугу ыктымалдыгын эскертти.

«Вакциналар аялуу топторду коргой баштаган кезде деле биз 2021-жылы коронавируска каршы жапырт иммунитеттин кандайдыр бир деңгээлине жете албайбыз. Жапырт иммунитет бир нече мамлекетте пайда болгон кезде деле бул дүйнө калкын коргой албайт», - деди уюмдун илимий адиси Сумья Сваминтан.

Азыркы тапта 40тан ашуун мамлекетте коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлүп жатканына, буга кошумча, айрым Европа, Азия өлкөлөрүндө карантиндик чектөөлөр кайрадан киргизилгенине карабастан, коронавирустун жайылышын чектөөгө мүмкүн болбой келет.

Адистердин белгилешинче, төгөрөктүн төрт бурчунда жапырт иммунитет пайда болушу үчүн дүйнө калкынын 70-80% эмделиши керек.

АКШ жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө «Pfizer/BioNTech» жана «Moderna» вакциналары, Орусияда «Спутник V», «ЭпиВак-Корона» вакциналары, Кытайда да жергиликтүү вакциналар эмдөөдө колдонулуп жатат.

Буга кошумча, Евробиримдик Британиянын «AstraZeneca» компаниясы Оксфорд университети менен бирге ойлоп тапкан вакцинаны да ушул айда колдонууга уруксат бергени турат. Бирок, эмдөө өнөктүгү вакциналардын чектелген көлөмдө өндүрүлүшүнөн жана массалык эмдөө жүрүмүн уюштуруу иштериндеги тоскоолдуктардан улам кыйла кечеңдөөдө.

Буга чейин Орусия бийлиги быйыл жыл ичинде бир миллиард доза вакцина чыгарууга сөз берген, ал эми Европадагы «Pfizer/BioNTech» компаниясы эки миллиард дозага чейин өндүрүүгө камданып турат.

Жер төгөрөгүндөгү 7,6 миллиарддан ашуун кишини эсепке алганда, 3 миллиард доза калайыктын төрттөн бир бөлүгүнөн ашуунуна гана жетиштүү болот.

ДССУ жакыр мамлекеттерди вакцина менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бөлүп, эл аралык коомчулукту вакцинаны адилет бөлүштүрүүгө чакырып келет.

12-январда Кыргызстандын cаламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев COVAX программасынын алкагында өлкөгө «Pfizer/BioNTech» компаниясынын вакцинасы жөнөтүлгөнүн билдирди.

Нурболот Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев.

«Биз вакцинаны кабыл алуу, сактоо жана эмдөө шарттарын изилдеп чыгышыбыз керек. Бул вакцинаны колдонуш үчүн бизде минус 70 градус суукту туруктуу камсыздаган система болушу керек. Тилекке каршы, бизде ал шарт жок. Ошон үчүн ага каражат табышыбыз керек. Башка да вакциналарды карашыбыз керек», - деди Үсөнбаев.

Кыргызстан COVAX программасынын алкагында 1,2 миллиондой вакцина үлүшүн алууга үмүттөнүүдө.

Ал арада жер-жерлерде коронавирустун жаңы штаммы – мутацияланган түрлөрүнүн пайда болушу кооптонууларды жаратып жатат.

Алгач бир түрү Улуу Британияда, андан соң Швейцария, Словакия, Румыния сыяктуу Европа өлкөлөрүндө, бул жумада эми Орусияда аныкталды.

ДССУнун Орусиядагы өкүлү Мелита Вуйнович айрым британ изилдөөлөрүвирустун бул штаммы буга чейинкилерине караганда бир кыйла тез жайыларын көрсөткөнүн, ошол эле маалда илдет канчалык оор өтөөрү же вакцинага кандай таасир этеери белгисиз экенин белгилеген.

«Азыркы кезде бул штамм илдеттин күчөп кетишинен, же иммунитеттин сактануу аракетинен, же вакцинага байланыштуу пайда болоорун так айтууга жетиштүү маалымат жок», - деген Вуйнович.

Мындан тышкары, коронавирустун дагы бир башка түрү Жапонияда аныкталган. Ад Бразилиядан келген болушу ыктымал дешүүдө. Токиодо 7-февралга чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пандемия башталгандан бери дүйнөдө коронавирус илдети 90 миллиондон көп адамга жугуп, эки миллионго чукул киши бул илдеттен көз жумду.

Вирустун жайылышы боюнча биринчи орунда - АКШ, андан кийин - Бразилия, ал эми Орусия - үчүнчү орунда турат.

COVID-19 илдети 2019-жылы Кытайдын Ухань шаарында пайда болуп, вирус жарганаттан адамга жукканы айтылып келет. Ошондой эле «коронавирус лабораторияда жасалган» деген ар кыл божомолдор айтылган, бирок ал жоромолдорду илимпоздор четке кагышкан.

14-январда ДССУнун эл аралык адистерден турган тобу Кытайга барып, бул вирустун жайылышын жеринен изилдешет. Бээжин буга чейин ага өз өлкөсүнө келүүгө уруксат бербей келген.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG