Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Бишкек мэрлигине шайланган Кулматов ким?


Кубанычбек Кулматов Бишкек шаар мэрлигине жалгыз талапкер болуп катышты жана аны добуш берген 43 депутаттын 41и колдоду.

Талапкердикке аны Бишкек шаар кеңешиндеги Социал-демократтар фракциясы көрсөтүп, кийинчерээк коалициялык көпчүлүк бир добуштан колдоп берген. Бишкек шаар кеңешиндеги коалициялык көпчүлүккө КСДП (21), “Ата Мекен”(7) жана "Замандаш-Современник" (6) фракциялары кирет.

Кубанычбек Кулматов кайсы бир саясий партияга мүчө экендиги тууралуу маалымат жок. Ал коомчулукка ириде бажы тармагы боюнча адис, Кыргызстандын Бажы кызматын бир топ жыл башкарган жетекчи катары таанымал. Ага жараша бажы тармагындагы коррупциялык схеманы “гүлдөткөн” мурдагы бийликтерге да керектүү кадр болгондугу айтылып жүрөт.

Жаңы шайланган мэр башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу деген негизде былтыр июлда Бажы кызматынан күтүүсүз бошотулуп, бир ай чамалуу президентке кеңешчи болуп турган. 2013-жылдын августунан баштап Кыргыз өкмөтүнүн Чүй облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү болуп иштеп келаткан.

Кубанычбек Кулматовдун коомдук-саясий чөйрөгө таанылышына анын жарандыгына байланыштуу 2011-жылдын башында Жогорку Кеңеште чыккан чуу себеп болгон. “Республика” фракциясынын депутаттары Орусиянын Федералдык миграция кызматынын маалыматына таянып, Кулматов Орусиянын жараны экенин ачыктаган болчу. Кыргызстандын “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзамын бузду деген кине менен депутаттар аны башка өлкөнүн жараны катары кызматтан алууну талап кылышып, президент Алмазбек Атамбаевди жан тартып жатат деп сындашкан.

Кийинчерээк Кыргыз өкмөтү, Башкы прокуратура Кубанычбек Кулматовдун Орусия жарандыгынан баш тарткандыгы Орусиянын Федералдык миграция кызматы аркылуу тастыкталгандыгын маалымдап, депутаттар койгон дооматтарды негизсиз деп табышкан.

Коомдук-саясий чөйрөдө чынында эле Кулматов президент Алмазбек Атамбаев ылым санаган, ишеним арткан кадрлардын бири катары саналат. Айрым маалымат каражаттары Кулматовду президенттин ыктымал мураскору катары да аташууда.

Мунун жүйөөсү бар дейт Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков. Саясатчынын айтымына караганда Президент жеке эле өзүнүн эмес, Орусиялык кандайдыр бир саясий топтордун каалоосун да көңүлгө алып жатат деген кептер саясатчылар арасында кеңири таркаган.

Ошол эле мезгилде жаңы мэрди интеллекти жогору, менеджменттик илим менен тажрыйбаны айкаштыра алган жаңы муундагы жетекчи катары баалагандар да бар. Муну саясат таануучу Аалыбек Акунов принципиалдуулугу, интеллектуалдык деңгээли менен таанылган атасы Кеңеш Кулматовдун тарбиясынан көрөт. Кеңеш Кулматов белгилүү мамлекеттик, партиялык, комсомолдук ишмер жана советтик, россиялык дипломат.

Кубаныбек Кулматов 1963-жылы 14-февралда Бишкек шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик, Ленинград, Москва мамлекеттик университеттеринде тарых адистиги боюнча, Арабаев атындагы мамлекеттик университетинде менеджмент боюнча билим алган. Адегенде илим, ишкердик жаатында эмгектенип, бажы тармагына 2004-жылы келген. 2010-жылдын 9-апрелинен 2013-жылдын 16-июлуна чейин Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматын жетектеп турган.

Тарых илимдеринин кандидаты. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG