Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Кыргызстан-Кытай: алгандын бермеги бар


Президент Алмазбек Атамбаев Кытай төрагасы Си Цзинпин менен. Бишкек, 11-сентябрь, 2013
Президент Алмазбек Атамбаев Кытай төрагасы Си Цзинпин менен. Бишкек, 11-сентябрь, 2013

Кыргызстандын тышкы карызы өсүп баратат. Кытай президенти Си Цзинпиндин сапары учурунда жетишилген келишимдерден кийин мамлекеттин карызы дээрлик 4 млрд. долларга жакындап барды. Тышкы жана ички карыздарды төлөө үчүн бюджеттен 300 млн. доллардан ашуун каражат жумшалууда.

Кытай президентинин Кыргызстанга расмий сапары учурунда альтернативдүү түндүк-түштүк жолун куруу үчүн 400 млн. доллар, Бишкек жылуулук борборун оңдоп-түзөө үчүн 386 млн. доллар насыя алуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул карыздар 20 жылдык мөөнөт менен берилди. Үстөгү 2%.

Буга чейин да Кыргызстан Кытайдан Датка подстанциясын курууга, Датка-Кемин электр зымдарын тартууга ири өлчөмдө насыя алган. Ошондуктан Кыргызстандын тышкы карыздарынын ичинен Кытайга болгон карыз эң көп болуп, жарым млрд. доллардан ашуун болгон. Жаңы насыялар менен Бээжинге болгон карыз млрд. доллардан ашып кетет. Ал эми мамлекеттин жалпы карызы 4 млрд. долларга жакындап барат.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков насыяларды ченемсиз алуу Европа кризисин жаратканын эске салып, Кыргызстан мына ошол жол менен баратканын белгилейт.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров болсо карыз алуудан коркпош керек деген ойдо. Бирок Кытайдан алынган насыялар кыска мөөнөткө жана үстөк пайызы жогорураак болушу менен опурталдуу деп эсептейт:

- Жыйырма жыл деген бул эмне? Мына бүгүн эле балаң төрөлүп, эртең эле окууну бүтүп атпайбы. Ошондой эле нерсе. Алгандын бергени бар. Мамлекеттик кепилдик берилгенден кийин бүт өкмөт, өлкө, кыргыз эли кепилдик берип жатат да. Бере албай калсак, анда эмне кылабыз?

Акылбек Жапаровдун пикиринде, насыялар альтернативдүү түндүк-түштүк жолун курууга эмес, өндүрүш долбоорлоруна жумшалса натыйжалуу болмок. Анткени 400 млн. долларга жарым-жартылай курулган жол 20 жылда өзүн актай албайт.

Жогоруда белгиленгендей Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд. долларга жакындап барды. Ал эми ички дүң продукциянын көлөмү быйылкы жылы 350 млрд. сом болот деп болжолдонгон. Демек тышкы карыздын көлөмү ИДПнын 50 пайызынан ашып баратат.

Экономист Мейманбек Абдылдаев инфраструктурага бөлүнгөн насыялар коррупциялык жол менен талап-тонолбой, натыйжалуу пайдаланылса, кайтарымы болот дейт:

- Коррупция болуп, чиновниктер уурдап, эффектисин азайтып, жеп кетпесе эле мамлекет насыя алганы жаман эмес. Карыз ИДПнын 60-70% деле ашып кетиши мүмкүн. Негизи насыя максаттуу иштетилгени жакшы. Анан экономика иштеп, саясий туруктуулук болуп турса, бул насыянын пайдасы көп.

Абдылдаевдин пикиринде, Кыргызстанда азыркы кезде өндүрүшкө эмес, инфраструктуралык долбоорлорго насыя бөлүү алгылыктуу болуп турат.
Бирок да Кыргызстан буга чейин алган насыяларын натыйжалуу иштете албай, анын залакасын азыр тартып жатат. Маселен, быйылкы жылы мамлекеттик бюджеттен ички жана тышкы карызды төлөө үчүн 15 млрд. сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG