Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 02:32

Кыргызстан

К.Ташиев: Премьерди кетирүүгө бар күчүмдү жумшайм

Бүгүн (11-декабрь) премьер-министрдин сунушуна ылайык, президенттин жарлыгы менен өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев кызматынан бошотулду. Ага удаалаш эле мурдагы министр маалымат жыйынын өткөрүп, Данияр Үсөнов өкмөт башына келгени тартипсиздик күчөгөнүн, эми аны чукул арада кызматтан кетиришке бар күчүн жумшай турганын жарыялады.

x
Текст көлөмү - +
Премьер-министр Данияр Үсөнов менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев кечээ өкмөттүк жыйында кайым айтыша кетишкен эле. Анда өкмөт башчы К.Ташиевди тилдеп, министрликтин резервдеги акчаларына кызматкерлери үчүн Ош шаарында көп кабаттуу үй курганын сынга алып, экөөнүн ортосунда мындайча кайым айтышуу жүргөн:

Д.Үсөнов: - Эгер эртең бул акчаларды Өзгөчө кырдаалдар министри быйыл пайдалангандай иштетип ийсеңер силер менен жалпы тил таба албайбыз. Бирок резервдеги акчаларды ордуна коюш керек, ал ошол жерде турсун. Мындан кийин мындай иштер...

К.Ташиев: - Данияр Токтогулович, кечиресиз, эгер ушул үйдүн курулушу жөнүндө минтип ойлосоңуз, мен азыр эле кызматтан кетүү жөнүндө арызымды жазам.

Д.Үсөнов: - Жаза бериңиз! Каршылык жок.
Эгер эртең бул акчаларды Өзгөчө кырдаалдар министри быйыл пайдалангандай иштетип ийсеңер силер менен жалпы тил таба албайбыз.

Данияр Үсөнов


К.Ташиев: - Мен бүгүн эле арызымды жазам.

Экс-министр эмне дейт?

Ош шаарында кызматкерлери үчүн үй куруп бергени туура иш болгонун жана премьердин сынына макул эместигин билдирген К.Ташиев дароо эле кызматтан кетүүгө арыз жазарын айткан.

Бирок бүгүн К.Ташиев өз арызынын негизинде эмес, премьер-министрдин сунушуна ылайык кызматынан алынды.

Дароо эле кызматынан алынган К.Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкектеги бөлүмүндө маалымат жыйынын өткөрүп, кызматтан алынуу себебин айтып берди:

- Жумуштан кеткенимдин башкы себеби мындай: Президенттин берген тапшырмасы, өкмөттүн токтомуна ылайык Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2008-жылы февраль айында Ош шаарына көчүрүлгөн. Андан сырткары ошондо эле өкмөттүн токтому чыккан, Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине үй куруу боюнча. Ошол тапшырманы аткаруунун негизинде азыркы премьер-министр Данияр Үсөнов менен пикир келишпестиктин айынан мен арыз жазып берип, кызматтан кеттим.

Бул жерде биз өкмөт бөлүп берген акчаларды бүт пайдаландык. Андан тышкары өкмөт 36 миллионду өкмөт өз убагында бөлүп бере албай калды. Бирок өкмөт башчысынын, каржы министрдин убадаларынын негизинде жана президенттин койгон тапшырмасына ылайык үйдү тез арада бүткөрүү менин мойнума тапшырылган болчу. Анын 18 миллиондон ашыгын өкмөт 2009-жылдын бюджетине киргизген өзгөртүүлөрүндө кайтарып берди. Бул акча ошол ишти аткаргандарга карызыбыз болгон. Андан башка 18 миллион сом бул - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде турган товардык-материалдык мүлк болчу. Аны колдонуу министрликтин оперативдүү иштерине эч кандай зыянын тийгизген эмес.


Ошондой эле ал мындан аркы аракети тууралуу айтып, президентке каршы оппозиция болуу ниети жоктугун, К.Бакиевдин саясатын колдоорун, бирок жакынкы арада өкмөт башчысын кызматтан кетирүүгө бар күчүн жумшарын айтты:

- Оппозициялык маанайдагы кыймыл түзүү менин оюмда жок. Бирок өкмөт башчыны алмаштырууга мен толук күчүмдү жумшайм. Жакынкы күндөрү, эч качан алыстабастан аны алмаштырууга толук күч үрөйм.

Ал эми дагы бир жолу айтсам, президентке каршы оппозицияда эмесмин. Анын саясатын колдоп келгем.
Оппозициялык маанайдагы кыймыл түзүү менин оюмда жок. Бирок өкмөт башчыны алмаштырууга мен толук күчүмдү жумшайм. 

Камчыбек Ташиев
 


К.Ташиевдин аракети кандай бааланууда?

Саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, кызматтан алынган чиновниктердин жетекчилерди коркутканы жаман көрүнүш. Бул өлкөдөгү чиновниктердин мамлекеттик кызыкчылыктан жеке кызыкчылыгы өйдө турганын көрсөтүп турат:

- Биз бири-бирибиз менен уруша кетип, анан эле кишилерди топтоп келип токмоктошо берсек кандай болот? Бул эми мамлекеттик чоң кызматкерлердин эмес, бала бакчасындагы балдардын аракети.

Эгер ал тарапкерлери менен келип Д.Үсөновду кызматтан алып тынса деле, албай калса деле мага анча кызык эмес. Бирок булардын методу жаман болуп атат. “Мени бирөө кызматтан алса, анда мен кишилерди топтоп келип ага көрсөтөм” деген сыяктуу аракет мага бандиттик аракеттей сезилип атат.


Мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри ошондой эле Д.Үсөновдой адамдардын айынан Кыргызстан тартипсиз өлкөгө айланганына, кечээ эле министр болуп турган өзүн, бүгүн эле мамлекеттик маалымат каражаттары шыбай баштаганына капа болду. Андан тышкары ал жакында ага карата кылмыш иши козголуп калса да таң калбоо керектигин, бирок аны мындай жол менен сындыруу мүмкүн эместигин айтат.

Ушул эле күнү Жалал-Абад обустук администрациясына мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери келип, К.Ташиевди кызматында калтырууну талап кылышты. Облус губернаторунун орун басары менен жолугушкан К.Ташиевдин жердештери, эгер талаптары аткарылбаса чатак салышарын билдиришти.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Наятулла каяктан: Ош
14.12.2009 18:03
Ташиев аке кандайсыз! Сиздин жакшылыгыңызды ,бирөө унутуп койгон окшойт? Сиз жакшылыкты бергенсиз,сиз кайтып тартып алышыңыз керек. Сиздин душмандарыныз жөн отурган жок окшойт?!

кимден: Чочун каяктан: Жок
14.12.2009 15:06
Курманбек Бакиев" алыстагы душмандан, аңдып жүргөн дос жаман" ансыгандай оппазиция силерге жамандыкты жасабайт,а бирок жаныңызда жүргөн клан сизди жок кылат! Эсиңиздеби ушулардын баардыгы мурда Акаевге иштеп силерди жок кылайын деген,анан кийин кубулуп аны саткан.Жаныңыздагы досторуңузду( душманыңарды) жок кылмайынча иш чатак.Орустар айткандай" бей своих чтоб чужие боялись".Эң кыйын диктаторлор өздөрүнүн жанында жүргөн досторун жок кылышчу,силер жаныңыздагыларды эң катуу жазаламайынча бийликти досторуңарга алдырасыңар, керек болсо аларды сотогула! Срочно!!!!

кимден: Акылбек
14.12.2009 11:03
Булардын баары Чынгызхан айтмакчы "чириген жыгач. Устун да болбойт, отунга да жарабайт". Мынчалык кеп кылганга да арзыбайт. Бакиевдин тарапкерлери да, ага сатылып кеткендер да бүт ушундай.

кимден: Бердибек каяктан: Бишкек
13.12.2009 22:49
Бакиевдин премьерине каршы чыгып жатып аны колдойм деге-
ниниз,үй-бүлө чатагына киришип,эси кеткен,"Күйөөсүн колдойм бирок
катынын баары бир кетиртем"деген айыл деңгеелиндеги пас кыймыл,
ой болуп жатпайбы? Өйдөтөн шыбыш болбосо,Үсөнов андай чечимге бара алмак эмес.Кыясы чектен чыгып, мөңкүп кеткен болушуңуз керек.

кимден: Rysbek.
13.12.2009 18:59
Degi abaila Tashiev myrza,sizdi da ortonup ketti dep jok kylyp salyshpasyn.Myndai abalda jalgyz jurbosh kerek.A tak biz siz m-n!

кимден: Келдибек каяктан: Бишкек
13.12.2009 04:26
Бакиев ишенип койгон Үсөновду кызматтан кетирсеңиз,албетте
кожоюңузга чон жардам.Бирок кетире алсаңыз кыргызстандыктар
өтө деле кайгырбайт болуш керек? Үсөновдун талуу жерлери Бишкек мэриясынын архивинде,Нариманга кайрылыңыз. Айтор материал көп. Кептин баары кожоюндун уруксатында,азыр бере койбойт ко?Жазга маал аракетиңизди күчөтүңүз.

кимден: Рефери каяктан: Ринг
12.12.2009 22:39
Экөөңөрдү рингке чакырам
Кимиңер жеңсеңер, ошонуңар КУДАЙ!

кимден: Kyrgyz
12.12.2009 20:20
vi che vse vihodim v miting pomojem tashievu eto dela ruk maksima oni prosto hotyat ubrati tashieva.... viydem v miting tashiev vpered mi za tebya dokanca

кимден: jigit каяктан: osh
12.12.2009 17:09
men Kamchybek Tashievdi koldoym biylikte oturgandardan ech kim tashievtey ishtey albayt. Daniyar Usonovda choon kata kyldy anyn otstavkaga ketishine menda koldon kelgen baardyk metoddorumdu koldonom. Kamchybek tashiev ALGA arkanda biz barbyz....

кимден: Kg атуулу каяктан: Кыргызстан
12.12.2009 16:56
Аким туура айтасын.
мобул статьяны окусанар
http://www.centrasia.ru/newsA.php?st=1259905200

Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)