Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Данияр Үсөнов - Кыргызстандын жаңы премьер-министри


Бүгүн президент К.Бакиевдин жарлыгы менен Д.Үсөнов премьер-министр болуп дайындалды. Ушул эле күнү өкмөттүн жаңы түзүмүн ЖКнын үч фракциясы тең колдоду.

«Ак жол» фракциясынын жыйынында Данияр Үсөновду премьер-министрлик кызматка талапкерлигин көрсөтүүдө Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев партиялаштарын анын талапкерлигин колдоого үндөдү.

-Данияр Токтогуловичти бардыгыбыз жакшы билебиз. Данияр Токтогулович бул жерде депутат болуп иштеди, вице-спикер болду. Андан тышкары вице-премьер-министр болуп иштегендеги ишин жакшы билебиз. Мен “Ак жол” партиясынын мүчөсү катары бардыгыңздарды Данияр Токтогуловичтин талапкерлигин колдоого чакырам.

Ошентип “Ак жол” фракциясы бүгүнкү жыйынында Данияр Үсөновдун премьер-министрликке талапкерлигин 68 добуш менен колдоду.

Ушул эле күнү президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен менен Данияр Үсөнов премьер-министр кызматына дайындалды.

Түштөн кийин жаңы өкмөт башчы парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында өкмөттүн жаңы түзүмү менен тааныштырып, жаңы түзүмдө 14 министрлик, 7 агенттик, 7 кызмат жана 2 фонд болоорун белгиледи.

Айрым депутаттар Экономикалык тескөө министрлигинин атын Экономика же экономикалык саясат министрлиги деп атоону сунушташты.

Ал эми депутаттар Нарынбек Молдобаев жана Бейшебек Акунов маданият министрлигин ордунда калтыруу сунушун айтты. Данияр Үсөнов депутаттардын сунушу эске алынарын, бул маселеге эртеңки парламенттин отурумунда так жооп берерин айтты.

Андан соң өкмөт башчы Данияр Үсөнов парламенттин Коммунисттер фракциясы менен жолугушуп, анда өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча пикир алышуулар болду.

Комунисттер фракциясынан депутат Анаш Сейитказиев өкмөттүн жаңы курамына Кыргызстан коммунисттери партиясынын мүчөлөрүнөн киргизүүнү сунуштады.

Бул сунушту эске аларын билдирген премьер-министр башкаруу системасын реформалоодо облустар кыскартылбастыгын, райондор, айыл-өкмөттөрү бириктирилбеситигин, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары азыркыдай эле иштей берерин белгиледи.

Социал-демократтар фракциясы менен болгон жолугушууда депутат Роза Отунбаева Өнүктүрүү корунда Кыргызстанга белгисиз
Гуревич сыяктуу бейтааныш адамдардын бар экенин, директорлор кеңешине кыргыздын белгилүү ишмерлери Амангелди Муралиев, Эсенгул Өмүралиев сыяктуу адамдардын киргизилбегенин сурады. Данияр Үсөнов Өнүктүрүү корунда жаңыча иштей турган профессионал адамдар топтолгонун айтып, өкүнктүрүү кору кыргызстандын экономикасын көтөрүүдө бир кыйла пайдалуу иштерди аткарарын белгиледи.

СДП фракциясынан депутат Роза Отунбаева Балыкчы окуясына кайрылып, бул боюнча кылмыш иши козголгон 19 адамды премьер-министр катары бошотууга жардам берүүсүн өтүндү. Өкмөт башчы экономикалык маселелерди гана чечерин, соттун ишине жана саясий маселелерге кийлигишпестигин айтты.

Премьер-министр сунуштаган өкмөттүн жаңы түзүмү 14 министрлик, 7 агенттик, 7 кызмат жана 2 фонддон кураларын парламенттеги «Ак жол», Коммунистер, СДП фракциялары колдоду.

Данияр Үсөновдун премьер-министр болуп дайындалышы менен коомчулукта ар кандай пикир жаралууда. Айрымдары аны бизнести жакшы өздөштүргөн ишкер, заманбап жаңы технологияларды колдогон, жаңыча ой жүгүрткөн инсан катары баалашууда.

Кээ бирлери Данияр Үсөнов 2007-жылы март айында вице-премьер-министрлик кызматка бекитүү үчүн Жогорку Кеңештин буга чейинки депутаттарына 300 миң доллар бергенин Феликс Кулов айтып чыкканынын өзү эле анын кандай ишкер экенин айтып турат дешсе, айрымдары Бишкек мэри болуп турганда «Ата Түрк» сейил багынын жанында курулуп жаткан атка минерлерге таандык үйлөр боюнча эч нерсе чечпегенин, тескерисинче жарандардын тынч митинг, ар кандай жыйындарды өткөрүүсүн чектөөсү менен эсте калганын айтышууда.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов болсо Данияр Үсөновдун өкмөт башчылык кызматына
дайындалышы менен эле башкаруу системасында маселелер чечиле калбайт деген ойдо.

-Данияр Үсөнов болобу же башка бирөө болобу, бүгүн булар ошол «Хоп, аке» деген адамдар бийликтин бардык бутактарында чогулган. Өзүнүн демилгесин чыгарайын деген адамдар, өздөрүнүн оюн айтайын деген адамдар бул бийликте, башкаруу системасында иштей албай калды. Ошон үчүн Данияр Үсөнов эмес, тилекке каршы адамдын, элдин демилгесин эч ким колдобой, ошол ичиндеги болгон иштерди жасап жатышат. Азыр бийлик менен элдин ортосунда чоң бир жар пайда болду. Эми бийлик өзүнчө болуп калды. Эл өзүнчө болуп калды.

Мирослав Ниязов белгилегендей, башкаруу системасын реформалоо менен президент өз бийлигин күчтөндүрүп, өкмөттүн ишин чектеп салды.

Премьер-министр Данияр Үсөнов мындай пикир менен макул эмес. Анын айтымында, өкмөттүн жаңы түзүмүндө натыйжалуу башкарууну күчөтүү, бири-бирин кайталаган мекемелердин жана чиновниктердин кыскаруусу каралып, Конституцияда жана өкмөт жөнүндө мыйзамда каралгандай өкмөттүн укугу мурдагы бойдон эле эч өзгөрүүсүз калды.

XS
SM
MD
LG