Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Обама «Гуантанамону» жабууга киришти


Гуантанамодо «террорчулук үчүн» отургандардын иши эми кайра каралат
Гуантанамодо «террорчулук үчүн» отургандардын иши эми кайра каралат

Барак Обама шейшембиде ант бергенден бир нече сааттан кийин эле «Гуантанамодо» жаткандардын иштерин 120 күнгө кармай турууга буйруду. Аскерий прокуратура алардын ишин кайра карап чыгат. Муну көпчүлүк «Гуантаномону» жабуу аракети деп аташты.

АКШда президенттик ант берүү аземин чоң салтанат менен өткөнгөн Барак Обама өз сөзүндө «Гуантанамо» түрмөсүн жабуу ниети бар экенин философиялык мүнөздө кыйыткандай болду. Эларалык терроризм тууралуу сөзүндө ал Кошмо Штаттары чоң коркунучтар алдында тураарын, анткен менен улут өзүнүн эски идеалдарын бир мүнөткө да унутпашы зарылдыгын баса белгиледи: «Биздин жалпы коопсуздук тууралуу айта турган болсок, биз өзүбүздүн идеалдар менен коопсуздукту ажырагыс бир чулу катары карайбыз, - деди ал чогулган миллиондогон элге. - Анын бирөөсүн тандоону натуура деп билебиз. Биздин мамлекетти түзүүчү-аталарыбыз биздин түшүбүзгө да кирбеген коркунучтарга кабылышкан учурда да адам укуктары менен мыйзамдын улуулугун камсыз кылган хартер ойлоп чыгарышкан. Ал документ муундардын каны менен жазылды. Ошол идеалдар азырга чейин дүйнөнү жарытып келатат жана биз аларды максатка ылайык эмес деп эле унутуп кое албайбыз».

Нью-Йорк менен Вашингтонго 2001-жылдын 11-сентябрында коюлган чабуулдардан кийин «Гуантанамо» жазалоо системасы күчтөнө баштаган. Ал окуялардын катуу таасири астында Кошмо Штаттардын өкмөтү соттун чечими жок эле жүздөгөн адамдарды «бул террор актысына тиешеси болушу мүмкүн» деп, камакка алды.

«Гуантанамого» отургузулгандар болсо атайын аскерий трибуналда соттолот, бирок бул система Американын көзкарандысыз сот системасына ылайык келбейт. Адам укугун коргоочу активисттер болсо ал аскерий комиссиялардын ишин сындап, түрмөдөгүлөрдү күчтөп маалымат алуу ыкмасын ачык эле кыйноолордун формасы катары айыптап чыгышты.

Азыркы тапта «Гуантанамодо» 248 адам кармалып турат жана алардын 21не айып тагылат деп күтүлүүдө. Бул адамдардын ичинде бешөөсү 11-сентябрдагы теракт үчүн айыпталышууда. Эгерде алар күнөөлүү деп табылса, өлүм жазасына тартылышат.

АКШнын жаңы ишке киришкен президенти Барак Обама бул түрмөнү мүмкүн болушунча эртерээк жаап салууну каалайт. Анткени адам укуктары орой бузулган жазалоо системасы катары бул түрмө дайыма Кошмо Штаттардын бул жааттагы көрсөткүчүнө терс таасир этип, укук коргоочулардын сынына кабылып келет. Бирок азырынча анда кармалган бир канча жүз адамдын тагдыры чечилмейинче бул маселе да артка жыла бергидей. Андыктан азыр терроризм үчүн шектелип жаткандардын иши кайра карала турган болууда.

Обаманын акыркы чечимин көптөгөн укук коргоочулар жакшы жышаан катары баалашты. Бирок алардын арасында кооптонуп жаткандары деле жок эмес. Анткени бул жазалоо системасы канчалык натуура экени тууралуу сөз болбосун, эгерде президент баары бир андагы адамдардын ишин кайра текшерүүгө гана жиберип жатса, демек, жазалоо системасы өзү азырынча толук жок кылынбайт деп айтууга негиз бар, - дейт америкалык укук коргоочу Жамил Даквар.

Анын пикиринде, Американын аскерий жетекчилигинин ичинде «Гуантаномо» жазалоо системасынын иштей беришин жактаган күчтөр да бар экени дайын болуп тургандай. Бирок байкоочулар Обама өлкөнү кайрадан курабыз, деп айтканына шилтеме жасап, жаңы президент миссиясына эми гана киришкенин билдиришүүдө.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG