Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:22

Качкындардын саны элүү миллиондон ашты


Ирактын күрттөр жашаган районун көздөй агылган сириялык качкындар. 2013-жыл.
Ирактын күрттөр жашаган районун көздөй агылган сириялык качкындар. 2013-жыл.

Бириккен улуттар уюмунун качкындар агенттиги ушу тапта дүйнөдө 50 миллиондон ашуун адам согуш, куралдуу кагылыштардан жан сактап, убактылуу жайларда күн өткөрүп жатканын билдирди. Бул экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан берки эң жогорку көрсөткүч экен.

Сиз үйүңүздө бала-бакыраңыз менен кадимки жашоо-турмушуңузду жайгаштырып, жумушка барып-келип, ага-тууган арасында тынч өмүр өткөрүп жатканыңыз канчалык чоң бакыт, ырыскы экенин күн сайын, саат сайын аңдай бербейсиз. А бирок ушу тапта согуш, кандуу чыр-чатактардын айынан үйлөрүн таштап, убактылуу качкындар лагеринде алачыкта, эртеңки күнү кандай болоорун билбей жашырынып күн өткөрүп жаткан 50 миллиондон ашуун адамдын эңсегени, тилегени – тынч, бейпил турмуш.

“Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети” радикал тобунун куралчан отряддары Ирактагы бир нече шаар-калааларды өзүнө каратып алып, Багдадды көздөй жылып бараткан кез. Анын айынан соңку апталарда эле Иракта жүз миңдеген карапайым жашоочу жан сактай башкалканч издеп, бозгунга айланды. Алардын көбү күрттөр басымдуулук кылган Ирактын түндүгүн көздөй агылышты. Ал жакта ансыз да Сириядагы үч жылдан берки аскердик эрегиштин кесепетинен качып келген 220 миңдей сириялык бозгун өлбөстүн күнүн өткөрүп жаткан эле.

Ирактын түндүгүндөгү Күрдистан автономиялуу аймагынын тышкы иштер департаментинин башчысы Диндар Зебари кырдаалды мындайча сүрөттөйт:

- Ирактагы ири шаарлардын бири Мосул согушкерлердин колуна өткөндөн бери Күрдистанга башкалкалай качкандардын саны 300 миңге чукулдады. Көпчүлүгү Мосулдан, калганы согушкерлер басып алган Дийала, Салахуддин жана башка жерлерден. Пешмерга аскерлери кайтарып жаткан Күрдистанга жан сактаганы келип атышат.

Украинада армия менен Орусияга кошулууну каалаган чыгыш аймактардагы козголоңчулар ортосунда айыгышкан кармаш уланууда. Күн сайын кадимки уруштагыдай баланча киши өлдү, жарадар болду деген маалымат дүйнөгө тарап жатат. Көчөдө ок атуу болуп жатса, карап турушмак беле, Улуттар уюмунун эсеби боюнча, Украинада шашылыш башка жакка көчүп кеткен адамдардын саны 20 миңге чукулдады. Март айында Крым Орусиянын колуна өткөндөн бери жарым аралдан 11 миңдей киши тынчыраак жай издеп жер которду. Алардын көбү карыялар, аялдар жана жаш балдар.

Людмила Денисенко аттуу бул аял Крымдан Беларуска көчүп келип, убактылуу жайда күн өткөрүп жаткандардан:

- Баарын калтырып бул жакка баса бердик. Андан ары тынч жашоого болбой калды. Балдардын ооруканасы, темир жол бекети, автовокзал бомбаланды. Жолду карай улам бир жерде машине тосуп, жансоогалап келе бердик.

Бириккен улуттар уюму өнүгүп келаткан өлкөлөр дүйнөдөгү качкындардын 86% кабыл алууга аргасыз болгонун, мындай акыбал алардын ансыз да ойдогудай эмес социалдык-экономикалык жагдайын ого бетер оорлотуп жатканын айтып коңгуроо кагат. Андай өлкөлөр тизмесинин эң башында 1 жарым миллиондон ашуун качкынды батырган Пакистан, бейстабилдүү коңшулардын утурумдук, кээде узак жылдарга жашоо жайына айланган Иран менен Ливан турат экен.

Ар кандай куралдуу кагылыштар менен чыр-чатактардан эң биринчи кезекте балдар жабыркайт эмеспи, Улуттар уюму азыркы учурда ата-энесинен биротоло айрылып, же аргасыз ажыратылган 25 300дөй тестиер балдар качкындар лагерлеринде жалгыз баш жашап жатканын билдирет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG