Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:05

Июнь окуясы: Адам өлтүрүүгө шек саналып издөөдө жүргөн адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 2010-жылдын Июнь окуясында адам өлтүрүүгө шек саналып 14 жылдан бери издөөдө жүргөн адам кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал 26-апрелде Орусиядан учуп келгенде Ош аэропортунан колго түшкөн. Милиция шектүү Орусиянын ар кайсы шаарларында жашаган жерин өзгөртүп, изин жашырып жүргөнүн кошумчалады.

Ага “2010-жылы 13-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун 57 жаштагы тургунун башка адамдар менен чогуу кармап, Ак-Буура дарыясынын жээгине алып барып өлтүргөн” деген айып тагылууда. Маркумдун сөөгү 2010-жылы 19-июнда Өзбекстандын Анжиян облусунун Ходжабад районунун аймагынан табылган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

2010-жылы июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. Июнь окуясы деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам набыт болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жаракат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG