Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:15

БУУ: Украинада адам өлтүрүү күч алды


Чек аранын өткөрүү пунктунда турган орусиячыл согушкер. 2014-жыл. Донецк.
Чек аранын өткөрүү пунктунда турган орусиячыл согушкер. 2014-жыл. Донецк.

Бириккен улуттар уюмунун Чыгыш Украинадагы байкоочулары аймакта орусиячыл куралдуу күчтөр тарабынан киши өлтүрүүлөр, кыйноолор жана киши уурдоолор туруктуу өсүп жаткандыгын билдиришүүдө.

БУУнун баш катчысынын адам укуктары боюнча жардамчысы Иван Симонович Чыгыш Украинада «мыйзамсыздыктын климаты» үстөмдүк кылып жаткандыгына камтамачылык билдирди.

Уюмдун соңку отчетунда айтылгандай, акыркы айда бул аймакта аз дегенде 356 киши, анын ичинде 86 украин аскери набыт болду. БУУнун адам укуктарын көзөмөлдөө боюнча 34 кишиден турган миссиясы Украинада март айынан бери иштеп жатат. Алар ушуну менен үчүнчү жолу отчет жарыялашты.

БУУнун адам укуктары боюнча комиссары Нави Пиллай белгилегендей, коопсуздуктун начарлашынын кесепетинен 34 миң киши үй-жайын таштап качса, булардын дээрлик жарымы Украинадан өз алдынчалык жарыялаган Донецк, Луганск облустарынан болду. Пиллай бул облустардагы орусиячыл күчтөрдү өздөрүн да, элди да «туңгуюкка» кептебөөгө чакырды.

Иван Симоновичтин сөзү боюнча, орусиячыл куралдуу күчтөр апрель айынан бери 387 кишини, анын ичинде 39 журналистти барымтага алган.

БУУнун байкоочулары бирок 222 кишинин уурдалышын гана бышыктай алды. Алардын ичинен төртөө өлүп, 137иси бошотулган, 81и барымтада кала берүүдө.
Украин өкмөтү жүргүзгөн коопсуздук операцияларынын мезгилинде да адамдар дайынсыз жоголуп, же ашкере күч колдонулду деген кинелер коюлууда.

Симонович мындай операциялар карапайым адамдардын арасындагы курмандыктарга алып келгендигин айтып, БУУнун миссиясы бул маселени иликтөөнү улантып жатат деди.

Нью-Йоркто 18-июнда Эл аралык Тынчтык институтунда өткөн брифингде Симонович өз алдынчалык жарыялаган Донецк жумуриятынын өкүлдөрү өз катарында чечен, орус-казак жана башка согушкерлер бар экендигин биринчи жолу моюнга алышканын кошумчалады.

Качкындар агенттигинин отчетунда ошондой эле Орусия каратып алган Крымда украиначыл маанайдагы тургундар коркутуп-үркүтүүгө кабылып, ал эми жарым аралдын түпкүлүктүү калкы болгон крым татарларынын аттуу-баштуу активисттери маданий укуктарын ишке ашырууда куугунтукка жана чектөөлөргө дуушар болуп жаткандыгы айтылат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Александр Лукашевич бул отчетту «бир тараптуу жана окуяларды саясий жактан бир жактуу чечмелеген документ» деп мүнөздөдү.

Отчеттун авторлору украин бийликтерине «анти-террордук операцияларын эл аралык талапка ылайык жүргүзүүнү» сунуш эткен. Лукашевич мындай сунушту «акылга сыйбаган эки жүздүүлүк» деп баалады.

Документте мындай операцияларды азайтуу зарыл экендиги да айтылган эле.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын улук өкүлү Жианни Магацени мындай операцияларды токтотуу үчүн согушкерлер куралын таштап, украин конституциясын, мыйзамдуулукту, аймактык биримдикти сактоо менен олуттуу сүйлөшүү башталышы керек деди.

Ал эми Нью-Йоркто Симонович БУУ «бейтарап эмес» экендигин, себеби уюм ар дайым курмандыктарга жан тартып, кылмыш кылгандарга каршы экендигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG