Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Адвокаттык лицензия алуу үчүн экзаменден 126 талапкердин 17си өттү


Сот отурумдарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Сот отурумдарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

22-26-апрель күндөрү Юстиция министрлигине караштуу Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссия адвокаттык иш жүргүзүү үчүн лицензия алууга талапкерлерди экзаменден өткөрдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, сынакка 126 талапкер катышып, компьютерлик тесттин жыйынтыгында 17 гана адам өттү. Адвокат болуп иштөө үчүн лицензия алууну каалагандар 110 суроого жооп берет. 70 же андан көп пайыз суроого туура жооп бергендер экзаменден өтөт.

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө 4700 адвокат каттоодон өткөн. Анын ичинен 2300ү Бишкек шаары менен Чүй облусунда иштейт. Ош облусунда 350дөй, калган аймактарда 100дөн жактоочу эмгектенет.

2023-жылдын ноябрь айында “Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Мыйзам боюнча жогорку юридикалык билими бар Кыргызстандын жараны адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия ала алат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG