Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:06

Дүйнөдө качкындардын саны 45 миллиондон ашты


Бүгүн дүйнөдө Качкындар күнү. БУУнун Качкындар агенттиги ааламда түрдүү себептерден улам үй-жайын таштай качкандардын саны азыр 45 миллиондон ашканын билдирди. Бул – акыркы 18 жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

Кечээ Бириккен улуттар уюмунун Качкындар агенттиги “Глобалдык тенденциялар” деген өзүнүн жылдык баяндамасын жарыялады. Андагы негизги ой – дүйнөдө качкындардын саны өскөнүнө акыркы бир жыл ичинде ааламдын чар тарабындагы түрдүү согуштар, конфликттер башкы себептерден болду.

Документте айтылгандай, былтыр дүйнөдө өз там-жайын таштай качуудан башка арга таппаган элдин саны 7,6 млн. түзөт же ар бир төрт секундада бир адам ушундай тагдырга туш болуп турган.

1994-жылдан бери качкындардын саны мынчалык чекке чыга элек болчу. Ал жылкы жагдай Руандадагы геноцид, мурдагы Югославиядагы кан төгүүлөрдүн кызыган учуру менен өзгөчөлөнгөн болчу.

Глобалдык жаңы фактор

2012-жылы да качкындардын санына Сириядагы согуш, Ооганстандагы, Ирактагы, Сомалидеги копсуздуктун начар абалы өзгөчө таасирин тийгизди.

Сирияда, маселен, былтыр өлкөнүн өзүндө эле бир жерден экинчи жерге көчүүгө мажбур болгондор 4,25 млн. жакын болду. Мекенин такыр таштай качкандар 1,6 млн. адамдан ашты.

Агенттиктин баяндамасында тынчсызданууну жараткан жагдайлардын бири – жалпы качкындардын дээрлик жарымын же 46% жашы 18ге чыга элек жаш балдар түзгөнү.

Качкындардын дүйнөлүк күнүн утурлай азыр Иорданияда баш калкалап жаткан жүздөгөн сириялык балдар Save The Children уюму өткөргөн акцияга катышты. Алар “Эркин Сирия”, “Сирияны сүйөм” деген жазуулары бар батперектерди асманга учурушту.

“Дүйнө биздин каалообузду окусун деп жаздык, - дейт 16 жаштагы сириялык качкын Худа. - Биздин мекенибизде тынчтык болушун каалайбыз, ал жакта калып жаткандарга жардам беришин суранабыз”.

Ооганстанда ондогон жылдардан берки бейстабилдүүлүк миллиондогон элди ар жакка чачыратты. Хост провинциясындагы качкындар лагеринде балдарга сабак өтүп жатышат, 13-май, 2013
Ооганстанда ондогон жылдардан берки бейстабилдүүлүк миллиондогон элди ар жакка чачыратты. Хост провинциясындагы качкындар лагеринде балдарга сабак өтүп жатышат, 13-май, 2013
Улуттар уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссары Антонио Гуттьерес былтыр бүт качкындардын 55% дал ошол Ооганстан, Сомали, Ирак, Судан жана Сириядан чыккандар түзгөнүн айтты.

“Бул чындап эле адамзат баштан кечирүүгө аргасыз болуп жаткан азаптын алкагын жана конфликттерди чечүүдө эл аралык коомчулуктун аракеттеринен ийгилик болбой жатканын көрсөткөн кыжаалатка салчу статистика”, - деди Гуттерьес.

Баяндамада Ооганстан 32 жылдан бери дүйнөдө качкындарынын саны боюнча алдыңкы орунда турганы белгиленди. Былтыр эле ооган качкындарынын саны 2,6 млн. болгон. Дүйнөдөгү жалпы качкындардын ар бир төртүнчүсү – ооганстандык, алардын 95% Пакистанда жана Иранда жашайт.

Былтыр качкындарынын көптүгү боюнча экинчи орунга Сомали чыкты. Андан ары Ирак жана Сирия.

Дүйнөдө Пакистан өзүнө эң көп сандагы качкынды кабыл алганы белгиленди. Былтыр бул өлкө түрдүү улуттардан 1,6 млн. качкынга өзүндө башпаанек берген.

Иран башпаанек бериш боюнча алдыңкы экинчи орунда, былтыр бул өлкөдөн 868 200 адам башпаанек алды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG