Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Билимден аксаган качкындар


Кыргызстанда качкындардын жана баш калка издегендердин балдарынын билим алуу укугу чала корголгону тууралуу Бириккен улуттар уюму билдирди.

Кыргызстанда качкындардын жана баш калка издегендердин саны миңге жакын. Бириккен улуттар уюмунун маалыматына таянсак, 1996-2012-жылдар аралыгында 10 миңге жакын качкын Кыргызстандын жарандыгын алса, 6 жарым миңге жакыны кайрадан өз мекенине кайткан.

Ушул эле жылдар аралыгында Кыргызстан аркылуу үчүнчү өлкөлөргө чыгып кеткен качкындардын саны 1400 адамды түзгөн. БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариаты жыл сайын качкындардын мектеп жашындагы балдарын окуу куралдар менен камсыз кылып, маал-маалы менен каржылык колдоо көрсөтүп келет. Ал эми жогорку окуу жайларда окугандарды эл аралык уюмдар каржылык жактан колдоп турушат.

Кыргызстандагы качкындардын 80 пайызга жакынын Ооганстандан келгендер түзөт. Алардын бири кара торусунан келген Варнонун Кыргызстанда баш калкалап жүргөнүнө 16 жылдын жүзү болду. Ал учурда Бишкектеги эл аралык университетте 4-курста окуйт. Варно үй-бүлөсүнүн оор тагдырын мындайча сүрөттөп берди:

- Биздин үй-бүлөдө 6 адам жашайт. Атабыздын көзү өтүп кеткен. Бир гана байкем иштейт жана үй-бүлөнүн түйшүгү ошонун мойнунда. Мен университетте окуп жатам, сиңдим менен иним мектепте билим алып жатышат. Албетте бул жакта билим алуу кыйын. Буга каржылык жана башка көптөгөн көйгөйлөр тоскоолдук жаратууда.

Бириккен улуттар уюмунун Качкындар иши боюнча жогорку комиссариатынын Кыргызстандагы социалдык кызматкери Кыялбек Темишов качкындар менен бир нече жылдан бери иштешип келет. Анын айтымында, социалдык абалы начар жана тил билбеген качкындар билим алуудан четте калууда.

- Биз жыл сайын мониторинг жүргүзүп турабыз. Билим алып жаткан качкындардын жалпы саны 200 болсо, анын 10 пайызы мектепке барбайт. Алардын көбү Кыргызстанга жаңы келгендер. Кыргыз, орус тилин билбегендиктен мектепке барышпайт. Биз алардын тил курстарына барышына жардам беребиз.

Дагы бир ооганстандык качкын Хила Кыргыз-Орус Славян университетинде окуйт. Атасы оорукчан. Байкеси "Дордойдо" соода кылып, үй-бүлөсүн багат. Хила байкесинин кара жанын карч уруп тапкан акчасынын бир бөлүгү милицияга кетип жатканына нааразы.

- Байкемдин эптеп иштеп жатканы аз келгенсип, милиция кызматкерлери акча талап кылышат. Жергиликтүү жигиттер да тынчтык беришпейт. Байкемди сабап, "Дордойдогу" товарларын, акчасын тартып алышкан. Мындай учурлар тилекке каршы көп эле болот.

1996-жылдан бери 96 ооган качкыны Кыргызстандын жарандыгын алган. Ооган качкындар 20 жылдан бери Кыргызстанда жашаса да жарандык ала албай келишет. Тоскоолдуктардын көп болушу да ушул жарандыкка байланыштуу. БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Кыялбек Темишов бул маселени мындайча ачыктады:

- Качкындар эч кандай каттоодо турбагандыктан же БУУнун мандатын алып жүргөндүктөн жарандык ала албай жатышат. Алар биздин өлкөдө 10 жылдан ашык жашашса да мыйзамдуу жаран катары саналышпайт. Негизи мыйзам боюнча 3 жыл туруктуу жашагандарга жарандык берсе болот.

Кыргызстанда качкындардын жашоо-шарты катаал экенин айткан ооган кыздарынын мекенибизге кетсек дегенде эки көздөрү төрт. Кыргызстан алар үчүн экинчи мекен болгону менен киндик каны тамган жерине болгон кусалыктарын жашыра алышкан жок.

- Албетте, ар бир адамдын өз мекенине эмне жетсин. Бирок азыр Ооганстан жашоо үчүн кооптуу, күн сайын ар кандай жардыруулар болот. Мекенибизде тынчтык орноп калса, баары бир бул жактан кетебиз. Өз мекениңде көйгөйлөр аз болот да. Өзгөчө биздин ата-энелерибиз үчүн Кыргызстан чоочун өлкө. Анткени алар Ооганстанда төрөлүп, ошол жакта чоңоюшкан.

Бириккен улуттар уюму 1951-жылы Качкындар боюнча конвенция кабыл алган. Кыргызстан ага эгемендик алгандан кийин кол койгон. Деген менен БУУ Кыргызстандагы качкындардын абалына кабатыр.
XS
SM
MD
LG