Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:41

Ичкери кирген апийим изин таптырбайт


Борбор Азия аркылуу ооган апийиминин бери дегенде 15% ташылат.
Борбор Азия аркылуу ооган апийиминин бери дегенде 15% ташылат.

АКШ Мамлекеттик департаменти наркозаттарды көзөмөлдөө стратегиясы боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Анда ооган апийиминин Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан аркылуу ташылган үлүшүнүн аз гана бөлүгү кармалары көрсөтүлөт.

Мамлекеттик департаменттин баяндамасында белгилегендей, Кыргызстандын өкмөтү наркозаттардын соодасы өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн олуттуу коркунуч туудурарын түшүнөт.

Ушундан улам наркосоода менен байланышкан экинчи же үчүнчү баскычтагы, атап айтканда арам акчанын адалдоо, кылмыштуулук, коррупция өңдүү маселелерге көңүл буруу үчүн такай аракет көрүп келүүдө.

Бирок баяндамада айтылган пикирге караганда, наркозаттарды тикелей көзөмөлдөө маселесине келгенде - коррупция Кыргызстан үчүн олуттуу проблема бойдон калууда.

Наркозаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттикти 2009- жылы бул мекеме жоюлганга чейин жетектеген генерал Болотбек Ногойбаев “Азаттык” менен маегинде жогорудагы көйгөйдүн чоо-жайын төмөнкүчө чечмеледи:

-Чынын айтканда мындай - наркотик ташыгандардын акчалары көп. Биздин кызматкерлерди, милицияны сатып алып жатат. Прокурорлорду, сотторду сатып алып жатат. Иштер соттон өтпөй жатат. Алар (наркосоодагерлер) 1 миңби, 4-5 миңби доллар берсе, биздикилердин баары койо берип жиберип жатпайбы.

Кыргызстанда наркозаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат 2010-жылы кайрадан түзүлгөн. Бирок ал жылы наркозат сөз кылгандай көлөмдө деле алынган эмес.

Ал эми былтыркы жылдын жыйынтыгында, аталган мекеменин эсептерине караганда, наркозаттардын апийим жана кара куурай тобунан дээрлик 7 тоннага жакын кармалган.

Кыргызстан аркылуу ташылган апийимдин башкы булагы Ооганстан. Марихуана жана гашишти өндүрүүдө чийки зат болгон жапайы кара куурай өлкө аймагында эле миңдеген гектар жерде өсөт.

Былтыр кармалган 7 тоннага жакын наркозаттын 6 жарым тоннасы ушул кара куурай, 300 килодой марихуана менен гашиш болсо, апийим 150 килограммдын тегерегинде.

Мунун ичинен апийимдин лабораториядан иштетилген түрү - героин 100 килограммдай. Былтыр жыл ичи кармалган наркозаттардын акчалай наркын Наркозаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат 27 миллион долларга жакын баалаган.

АКШ Мамлекеттик департаментинин баяндамасында белгиленгендей, Кыргызстан ооган апийимин Европа, Орусия, Кытайга транзиттөөдөгү чечүүчү өлкө болуп эсептелет. Бирок эксперттер кармалган наркозаттардын көлөмү алардын өлкө аркылуу ташылган бөлүгүнүн аз гана үлүшүн түзөөрүн айтышат. Коопсуздук маселелерине адистешкен талдоочу Талант Разаков “Азаттыкка” төмөнкүдөй байкоолору менен бөлүштү:

-Ушул тармакта иштеген, ушул тармакты изилдеген адамдардын эсебинде, Кыргызстан аркылуу транзиттелген наркозаттардын 10% эле колго түшөт. Калгандары жашыруун каналдар менен өтүп кетет. Кыргызстанда апийим менен героинден 150 килограмм (2011-жылы) гана кармалганы абдан эле аз. Мынчалык аз көлөм эмнеден кабар берет? Алар (наркосоодагерлер) абдан конспиративдүү, абдан уюшкан жана үстүртөн көз салгандары, коргогондорду бар дегендик. Майда-чүйдөлөр гана колго түшүп, каналы чоңдор өтүп кетип жатат. Негизги Ооганстандан келген апийимди, героинди кармоо жагы көп жакшы эмес.


Коңшулар да тоннага жете элек

Коңшу өлкөлөрдөгү жагдайга кайрылсак, Казакстандын укук коргоо органдары өткөн жылдын тогуз айында 265 килограмм героиндин, 9 килограмм апийимдин жолун буушкан. Казакстанга ооган апийими менен героин Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу кирет.

Ооганстан менен чек аранын биринчи сызыгында турган Тажикстанда былтыркы жылдын 9 айынын жыйынтыгында, АКШ Мамлекеттик департаментинин баяндамасында келтирилген маалыматтарга караганда, 250 киллограмм апийим, 440 киллограм героин алынган.

Улуттар Уюмунун Наркозаттар жана кылмыштуулук боюнча агенттигинин эсептөөсү боюнча Ооганстанда өндүрүлгөн апийимдин 15%, героиндин 20% Борбор Азиянын жолдору аркылуу транзиттелет.

Алардын басымдуу бөлүгү адегенде эле Тажикстан аймагына кирип, ал аркылуу контрабандаланган ооган героинин жылдык көлөмү 100 тоннага чейин жетүүсү мүмкүн. Бул эсептерге таянсак, тажиктер алар аркылуу ташылган героиндин 2-4% гана кармайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG