Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Обама: Орусия Крымга басып кирип, эл аралык келишимдерди бузду


Барак Обама (оңдо) жана Арсений Яценюк. Ак үй, Вашингтон. 12-март 2014.
Барак Обама (оңдо) жана Арсений Яценюк. Ак үй, Вашингтон. 12-март 2014.

АКШ президенти Барак Обама 12-мартта Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк менен Ак үйдө болгон сүйлөшүүдө Крымда жекшемби күнү өтчү референдумга эки жак тең каршы экенин баса белгиледи.

16-мартка белгиленген референдум Крымды Орусиянын өзүнө кошуп алуусуна алып барышы мүмкүн. Крымдын москвачыл жетекчилигинин демилгеси менен өткөрүлүп жаткан референдумда жарым аралдын эли Орусияга кошулуу же Украинанын курамында калууга өз мамилесин билдирет.

Президент Барак Обама Киевдин Москва менен тирешүүсүндө Вашингтон Украинаны бекем колдоорун ачык айтты. Ал эгер Орусия президенти Владимир Путин Украинанын күнкорсуздугун сыйлабаса, Москва үчүн анын баасы кымбат болорун да эскертти:

- Биз ачык айтабыз, Орусиянын Крымга, өз базаларынан сырт жакка басып кирүүсү, эл аралык нормаларды, Орусия кол койгон эл аралык келишимдерди, Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бузууга жатат.

Орусиялык делген куралчан адам Симферополго жакын жерде күзөттө турат.
Орусиялык делген куралчан адам Симферополго жакын жерде күзөттө турат.
Обама эл аралык коомчулук Украина өкмөтүн бекем колдооруна ишенгенин кошумчалай кетти. Ал эми украин премьер-министри Арсений Яценюк Москва менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирип, бирок Украинанын эрктүүлүгүн коргоо үчүн күрөштө “биз эч качан тизе бүгүп калбайбыз” деди:

- Мунун баары тынчтык жөнүндө. Биз өз эркиндигибиз үчүн күрөшүүдөбүз. Биз өз эрктүүлүгүбүз үчүн күрөшүүдөбүз. Биз өз төбөлсүздүгүбүз үчүн күрөшүүдөбүз жана биз эч качан багынбайбыз.

12-мартта эртелеп Өнөр жайы өнүккөн жети өлкөнүн же Чоң жетиликтин лидерлери Орусия Крымды “аннексиялоого” багытталган кадамын токтотпосо, эл аралык каршылыкка кабыларын билдирген. АКШ, Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапониянын лидерлеринин берегидей билдирүүсү Европа биримдиги жана Еврокомиссия менен чогуу жасалды. Евробиримдикке 28 мамлекет мүчө. Удаа эле Германиянын канцлери Ангела Меркел Крымдагы саясий кризисти дипломаттык жол менен жөндөө далалаты натыйжа бербесе, Евробиримдик Орусиянын жана Украинанын расмий адамдарына максаттуу санкция колдонушу мүмкүн деп кулак какты кылды:

- Дээрлик бир апта мурда бир нече күн ичинде ийгилик болбосо, санкциянын экинчи этабын карап көрөбүз деп айтканбыз. Андан бери алты күн өттү. Биз байланыш группасын түзүүгө аракет кылып жатканыбызга карабай, эч кандай ийгиликке жетпедик.

Меркел айым Варшавада Польшанын премьер-министри Дональд Туск менен кездешкен соң Евробиримдик Украина менен келишимдин саясий бөлүгүнө эрте дегенде 20-21-марттагы Биримдиктин саммитинде кол койорун да билдирди. Бул маалыматты Арсений Яценюк да ырастап, Украина Батыштын өнөктөшү болууну, ошол эле маалда Орусия менен да өнөктөш жана дос мамиледе болгонду кааларына токтолду.

Виктор Янукович ноябрда Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол коюудан баш тарткан соң Киевде европачылардын митинги башталып, февралда президенттиктен оодарылган.

Шаршемби күнү АКШ Сенатынын Тышкы байланыштар комитети Украинанын жаңы өкмөтүнө 1 миллиард доллар кредит берүү жөнүндөгү жана Ак үйдүн Крымга басып кирүүгө жооптуу орус жетекчилерине экономикалык санкция колдонуусуна уруксат берген мыйзам долбоорун жактырды. Эми мыйзам долбоорун Сенат жана Конгресстин төмөнкү палатасы бекитүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG