Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

Байден Путинди журналисттер Курмашеваны жана Гершковичти тез арада бошотууга чакырды


Алсу Курмашева.
Алсу Курмашева.

АКШ президенти Жо Байден Орусиянын башчысы Владимир Путинди орус абагында отурган журналисттер Алсу Курмашеваны жана Эван Гершковичти эркиндикке чыгарууга чакырды.

"Журналистика кылмыш эмес экени анык – бул жерде да, ал жакта да, дүйнөнүн кайсы бир жеринде болсо да. Путин Эван менен Алсуну тез арада бошотушу керек", — деди Байден Вашингтондо Ак үйдүн ишин чагылдырып иштеген кабарчылар ассоциациясынын иш-чарасында сүйлөп жатып.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы, журналист Алсу Курмашева 2023-жылдын октябрынан бери Орусиянын курамындагы Татарстандын борбору Казанда камакта отурат. Аны "чет элдик агент" катары каттоого алуу керектигин бийликке билдирген эмес деп айыптап жатышат. 2023-жылы 11-декабрда ага "Нет войне. 40 историй россиян, выступающих против вторжения в Украину" деген китеп үчүн орус армиясы тууралуу фейк маалымат тараткан деген негизде дагы бир иш козголгону маалым болгон. Андан мурдараак, 11-октябрда Казан соту Курмашеваны "экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес" деген айып менен соттоп, 10 000 рубль (110 доллар) айып салган.

"Мемориал" укук коргоо долбоору Курмашеваны саясий туткун деп жарыялаган.

"Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Without Borders - RSF) эл аралык уюму Курмашева жарым жылдан бери адам чыдагыс жана басынтуучу шартта кармалып турганын белгилеп, орус бийлигин аны тез арада бошотууга чакырган.

АКШнын жана Орусиянын жараны, Чехиянын борбору Прагада жашаган Алсу Курмашева былтыр май айында үй-бүлөлүк иштери менен Орусияга барган. Июнда кайра кайтып жаткан учурда аны аэропорттон кармап, эки паспортун тең алып коюшкан.

Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда.

The Wall Street Journal басылмасынын Орусиясынын Екатеринбург шаарындагы кабарчысы, тыңчылыкка айыпталып жаткан 32 жаштагы америкалык Эван Гершковичтин камактагы мөөнөтүн Москва шаардык соту быйыл 26-мартта 30-июнга чейин узарткан.

Гершковичти 2023-жылы 29-мартта Екатеринбургдан кармап кетишкен. Эртеси күнү Орусиянын Коопсуздук боюнча федералдык кызматы (ФСБ) журналист тыңчылыкка айыпталып жатканын, ал "америкалык тараптын тапшырмасы менен Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексине караштуу ишканалардын биринин ишмердиги жөнүндө мамлекеттик сыр деп аныкталган маалыматтарды чогултуп жүргөнүн" билдирген.

Гершкович өзү жана The Wall Street Journal басылмасы мындай айыптоону четке кагып келишет. АКШ администрациясы журналистке тагылган айыпты "күлкү келерлик" деп атаса, өлкө президенти Жо Байден анын кармалышын "таптакыр мыйзамга туура келбейт" деп баалаган.

Орусияда тыңчылыкка айыпталып Гершковичтен тышкары дагы бир америкалык жаран - мурдагы деңиз аскери Пол Уилан камакта отурат. Ал да орус тарап таккан айыпты саясий мүнөзгө ээ деп четке кагып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG