Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Крымдагы орус аскерлеринин саны канча?


Крымдын аймагындагы куралчандардын көбү расмий белгиси жок формачан жүрүшөт. 1-март, 2014 -жыл.
Крымдын аймагындагы куралчандардын көбү расмий белгиси жок формачан жүрүшөт. 1-март, 2014 -жыл.

Орус президенти Путин Орусия аскерлери Крымга тартылды деген ырастоолорду четке каккан эле. Ал эми Украинанын утурумдук бийлиги болсо алар Крымга күн сайын абадан да, деңиз аркылуу да келип жатканын айтууда.

Украин бийликтеринин эсебинде, Крымдагы орус аскерлеринин саны азыр 16 миңге жетип калды. Мындай эсептерге көз каранды эмес аскерий аналитиктер да макул.

Коргонуу чөйрөсүнө адистешкен британиялык Janes Defence Weekly басылмасынын талдоочусу Тим Риплейдин айтымында, байкоолорго караганда интервенция башталган 28-февралдан бери Крымга Орусия аймагынан алты-жети миң жоокер киргизилгендей:

- Крым кургакта Орусиядан изоляцияланып турат. Андыктан бул аскерлердин баары Орусиядан аба же деңиз аркылуу келиши керек. Орусия флотун колдоо үчүн Украинанын аймагында бир катар аба майдандарын көзөмөлдөйт да. Алар ошондой эле Крымдын чыгыш тарабында, Кубань кысыгынан бир канча гана чакырым алыстыкта жайгашкан паромдук портту да ээлеп алышкан. Аскерлер жана техника салынган кемелерди Крымга алар ушул жактан алып келип жатат.

Тим Риплей кошумчалагандай, Орусиянын Крымда жайгашкан Кара деңиз флотундагы аскер кызматчыларынын саны 11 миңдин айланасында болчу. Бирок алар Крымдын аймагынан көрүнгөн күжүрмөн даярдыктагы аскерлер эмес, моряктар жана флоттун көмөкчү кызматчылары.

Орус президенти Путин кечээги басма сөз жыйынында белгилегендей, азырынча Украинада орус аскерлерин колдонгудай зарылчылык жок, бирок мындай мүмкүнчүлүк бар.

Путиндин ырастоосунда, Крымдагы операцияларга тартылгандар орус аскерлери эмес, бул автоном республиканын өзүн-өзү коргоо күчтөрү.

Конфликттерди талдоо жана анализдөө боюнча Лондондогу көз карандысыз борбордун эксперти Кристофер Лангтондун баамында, Крымга жайгаштырылгандардын көбү Орусиянын баш кеңсеси Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аскерий округунан келгендер:

- Эгер биз алардын униформаларына көз чаптырсак, баары жаңы көрүнөт. Эч кандай белгилери жок. Бул ыкма Орусия тарабынан 2008-жылдын августунда, Грузиядагы согуш учурунда сыналган. Анда Орусиянын бейпилдик сактоочу күчтөрү Грузияга киргенде униформаларын алмаштырышкан. Башкача айтканда, бейпилдик орнотуучу деген белгисин катып коюшкан. Ал эми азыр кандай варианттар болду? Новороссийск шаарында Кара деңиз флотунун карамагына кирген, жогорку даярдыктан өткөн деңиз аскерлеринин бригадасы бар. Ошол эле Түштүк аскерий округунун курамына, аба-десанттык дивизиянын атайын даярдыктагы эки бригадасы кирет.

Өзү Украина менен Орусия ортосундагы түрдүү келишимдерге ылайык, Орусия Крым жарым аралында 25 миңге чейинки санда аскер кармай алат. Бирок ал аскерлердин жайгашуу жана машыгуу өткөрүү зонасы чектелген.

Андыктан Крымдагы украин базарларына ок атылбаганы менен алардын куралчандар тарабынан курчоого алынганы, буга чейинки макулдашууларды бузгандык катары каралчудай.

Крымдагы операцияларга Орусиянын жеке менчиктеги коопсуздук фирмалары катышкан эмеспи? Бул суроого Janes Defence Weekly басылмасынын талдоочусу Тим Риплей мындай деди:

- Биз ал жерден спорттук дене түзүлүштөгү, чабуул коюучу заманбап мылтыктары, ок-дары салынган контейнерлери, түндө бири-бири тааныгыдай белгилери бар адамдарды көрдүк. Булар жакшы уюшулган жигиттер. Бирок алар украин базаларын камалагандардыкындай униформа кийген жок. Бул жагдайлар алар жеке контрактчылар экенин ишара кылууда. Менин баамында, алар мурда Орусиянын атайын кызматтарында иштеп, кийин жеке компания түзүп алгандар. Алар көбүнесе Орусиянын олигархтарына байланышы бар компаниялар менен иштешет. Демек, биз Крымда Орусиянын мамлекеттик жана жеке сектору эриш-аркак иштегенин көрдүк.

Симферополдун көчөсүндөгү аскерлер
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:36 0:00

Талдоочуларындын болжолунда, Крымда көп иш Орусиянын интервенциясына чейин, жергиликтүү орустар арасынан кырдаал чыңалган кезде активдешүүчү чакан топторду уюштуруу аркылуу жүргүзүлгөндөй.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG