Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:16

Обама Ирактагы элчиликти коргоого аскер жиберди


Барак Обама
Барак Обама

АКШ президенти Барак Обама Багдаттагы элчилигин коргош үчүн Иракка 275 аскер жибергени тууралуу Конгресске кабарлады.

Мунун алдынан “ал-Каида” менен киндиктеш сунни согушкерлеринин “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” деген кыймыл Ирактын түндүгүндө үчүнчү шаарды басып алган.

Обаманын бул чечими АКШдагы Согуш күчтөр актысына, тактап айтканда, чет мамлекеттеги согуштук операцияларга Конгресстин уруксатысыз эле аскер жиберүүгө президентке укук берген документке туура келет.

Мыйзамга ылайык, президент чет өлкөгө аскер жибергенде 48 сааттын ичинде ал тууралуу Конгресске кабарлаганга милдеттүү.

Аскерлер сыртта эки айдан ашык жүрө алышпайт, бирок аларды кайра алып келүү процесси дагы бир айга узарышы мүмкүн, бул үчүн Конгресстин уруксаты же согуш ачкан билдирүүсү да керек эмес.

Ал арада америкалык расмий өкүлдөр Ирактагы кырдаал тууралуу Иран менен сүйлөшүүлөр башталганын ырасташууда. Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Жен Псаки бул масилеттешүүнүн максаты тууралуу сүйлөп, Иран азыр Ирак өкмөтүнө конфликтти диний согушка айландырып жибербеши үчүн таасир көрсөтсө жакшы болор эле деди.

"Биз аларга жеткирели деген ой – Ирак өкмөтүнүн диний мүнөздөгү башкаруусун кыскартуу ишинде Иран белгилүү бир ролду ойной алмак. Бирок биз ирактыктар үчүн Ирандын коопсуздук күчтөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө таяна берүү жакшы эмес го деп ишенебиз", - деди Псаки.

Ошол эле учурда Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест азыр Иракта АКШ менен Иран кандайдыр бир аскерий операцияда биргелешип иштешүү мүмкүнчүлүгүн четке какты. “Иран режими менен сүйлөшүүлөр эч кандай аскерий аракеттерди камтыбайт. Биз Иран менен өзүбүздүн аскердик аракеттерибизди сүйлөшүүгө кызыкдар эмеспиз”, - деди Эрнест.

Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнесттин бул билдирүүсүнүн алдынан эле Мамлекеттик катчы Жон Керри “Иракта стабилдүүлүккө жетишүү үчүн Вашингтон эч бир вариантты жокко чыгарбайт” деп билдирген эле. Дүйшөмбүдөгү сөзүндө Керри Иракта АКШ-Иран ыктымал кызматташтыгы тууралуу айтып жатып: "Азырынча биз кадам сайын аракетибизди абалга жараша өзгөртүп турушубуз керек, бирок реалдуу стабилдүүлүккө алып келе турган эч бир вариантты жокко чыгарбашыбыз керек деп ойлойм", - деди.

Керринин бул сөзүнөн кийин Пентагон да Тегеран менен эч бир аскерий аракеттерди талкуулоо планы жоктугун ырастады. Иран азыр Ирактагы шийи бийлигин колдойт, ошондуктан суннилер жетектеген согушкерлерге каршы күрөшкө салым кошуу ниетин билдирген.

Мамкатчы болсо жогорудагы билдирүүсүн Ирактагы согушкерлер үчүнчү ири шаарды басып алышканын жана шийи аскерлерден 1700 адамды кырганын жарыялагандан кийинки интервьюда жасаган болчу.

Багдаттан 420 чакырымдай түндүк-батышта жайгашкан Тал-Афарды басып алганга чейин “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” кыймылы Мосул жана Тикрит шаарларын ээлеген.

Узактан берки каршылаштар АКШ менен Иран экөө тең азыр Ирактагы сунни согушкерлерин жок кылганга кызыкдар. Ошондуктан Вашингтон да, Иран да азыр Багдатка өзүнүн аскерий колдоосун сунуштоодо.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG