Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:45

АКШ Иракка жардам берүүнү караштырууда


Тикритти басып алган согушкерлер аскердик унаада. 12-июнь, 2014-жыл.
Тикритти басып алган согушкерлер аскердик унаада. 12-июнь, 2014-жыл.

Ирактын эки шаарын басып алган исламчыл согушкерлер эми Багдадды көздөй жүрүш жасарын жана өздөрү көзөмөлдөгөн аймакта шарият мыйзамын орноторун жарыялашты. Вашингтон Багдадга жардам көргөзүүнүн жолун караштырып жатат.

“Ирактын жана Леванттын ислам өлкөсү” деп аталган топтун кечээги билдирүүсүнө караганда, алар Ирактын экинчи ири шаары Мосулду баш кылып, өз көзөмөлүнө өткөн аймактарда эми шарият мыйзамын киргизе баштайт. Ага ылайык, шаар тургундары күндөлүк намазга катышып туруусу, ал эми аялдар үйдөн чыкпоосу абзел.

“ал-Каидага” байланышы бар топ ошондой эле уурулардын колун кесерин, полицейлер менен аскерлер күнөөсүн моюнуна алып, кечирим сурабаса жашоо менен коштошорун эскертти.

Буга чейин Мосул менен өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Тикрит шаарын да ээлеген топтун ырастоосунда, алар эми борбор Багдадды көздөй жүрүш жасоодон да кайра тартпайт.

Согушкерлердин туруму чыңдалып, атүгүл шаарларды ээлөөсү АКШ Ирактан аскерлерин чыгарып кеткенден эки жарым жылдан кийин болуп олтурат. Президент Барак Обама бейшембиде Ак үйдөн сүйлөп жатып буларга токтолду:

- Ирак чоң жардамга муктаж болот. Бизден кошумча жардам берилет. Колдоо эл аралык коомчулуктан да керек. Биз жардамды кантип натыйжалуу көргөзө аларыбызды аныктоо үчүн азыр командам күн-түн иштөөдө. Мен эч нерсени жокко чыгарбайм. Анткени биз бул жихадчылар Ирак менен Сирияда орун-очок албашы керек деген ишенимдебиз.

Обама согушкерлердин чабуулу Ирак өкмөтү үчүн коңгуроо экенин, өлкөдө шииттер менен сунниттер ортосундагы ажырымды азайтуу үчүн али көп нерсе жасалуусу зарылдыгын кошумчалады.

АКШ президентинин бул сөздөрүнө тушташ Вашингтондо оппозициядагы республикачылар Ак үйдүн Ирактагы кырдаалга маани бербей жатканын сындап чыгышты. Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Жон Бонер:

- Менимче биз ирактыктар сурап келген жабдууларды берип, техникалык жардам көргөзүшүбүз керек. Биз Ирактагы проблеманы соңку бир жылдан ашуун убакыттан бери көз жаздымда калтырдык. Акыркы беш-алты айдан бери террорчулар алга жылып, Ирактын батышында көзөмөл орнотконун көргөн жокпуз. Эми Мосулду алып, Багдадга 100 милдей (160 чакырым) калышты. Президент эмне кылууда? Үргүлөп олтурат.

Ак үйдүн расмий өкүлү Жей Карнинин түшүндүрмөсүнө караганда, Вашингтон Иракка кайра аскер жөнөтүү жагын караштырган жок.

Бул аралыкта Ирактын парламенти кечээ өлкөгө өзгөчө абал тартибин киргизе албады. Парламенттен өзгөчө абал киргизүүнү премьер-министр Нури ал-Малики согушкерлер Мосул шаарын басып алгандан кийин эле өтүнгөн. Мындай тартип анын ыйгарым укуктарын кеңейтмек. Бирок парламент отурумун суннит жана күрд депутаттар бойкоттоду.

Өзү суннит жамааты ал-Маликинин шииттер үстөмдүк кылган өкмөтүнүн саясатына нааразылыгын көптөн бери эле билдирип келген.

Талдоочулардын баамында, азыр бийликке чакырык таштап жаткан “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” тобу Иракта өкмөт менен суннит азчылыгы ортосундагы карама-каршылыктан улам түзүлгөн кырдаалдан колдонуп кетти.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG