Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Ирак: Мосулду cогушкерлер басып алды


Ирак күч түзүмдөрүнүн кагылышуудан кийин күйгөн техникасы. Мосул. 10-июнь, 2014-жыл.
Ирак күч түзүмдөрүнүн кагылышуудан кийин күйгөн техникасы. Мосул. 10-июнь, 2014-жыл.

Ирактын премьер-министри Нури ал - Малики парламенттен өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүүнү суранды. Ал бул кайрылууну "ал-Каидага" байланышы бар согушкерлер эң ири шаарлардын бирин басып алгандан кийин жасады.

Учурда Найнава аймагы, борбору Мосул шаары менен бүтүндөй согушкерлердин колунда.

Ирактын мамлекеттик телеканалы премьер-министрдин кайрылуусун парламент 12-июнда карай тургандыгын маалымдады. Өлкө расмийлери билдиргендей, «Ирак жана Левантедеги Ислам мамлекети» деп аталган радикалдык топ Мосул шаарын 9 - июнь күнү кечинде басып алган.

Куралданган согушкерлер шаардагы административдик имараттарды, аэропортту, түрмөнү өз көзөмөлүнө алып, абактагыларды бошотуп жиберишкен.

Шаар тургундары согушкерлер кара байрактарын имараттардын үстүнөн желбиретишип, үн күчөткүч аркылуу шаарды бошоткону келгенин жарыялап атканын билдиришет.

Ирактын түндүгүндөгү Найнава аймагынын губернатору Атил Нуджаифи шаардан өкмөттүк аскерлер жана полиция чыгып кеткенин тастыктады. Ал сунниттердин радикалдык тобунун мүчөлөрү анын штабын басып алганын, өзү араң качып кутулганын журналисттерге маалымдады.

9-июнда Нуджаифи телеканал аркылуу шаар элине кайрылып, согушкерлер менен күрөшүүгө чакырган.

Анын агасы парламенттин спикери Усама ал-Нуджаифи Багдадды жана жарым автономиялуу Күрдистандын регионалдык өкмөтүн Мосул шаарына кошумча күч жиберүүгө чакырды:

- Биз азыр терең кризистин алдында турабыз. Иракка ар кайсы өлкөлөрдөн топтолгон террористтик топтор кол салып, шаарларды басып, жөнөкөй жарандардын канын төгүп, ачык эле мамлекеттик бийликти алууга аракет жасашууда. Акыркы күндөрдөгү окуялар жана Найнава аймагынын согушкерлердин колуна өтүп кетиши буга ачык мисал - деген
Усама Ал-Нуджаифи Кошмо Штаттардын Ирактагы элчисине дагы жардам сурап кайрылды,

- Мен АКШнын Ирактагы элчиси менен сүйлөштүм жана Кошмо Штаттар бул окуяда Иракка стратегиялык макулдашуунун алкагында жардам бере аларын сурадым. Элчи шашылыш түрдө бул суроонун тегерегинде сүйлөшүүлөр болорун айтты. Террористтер Найнава аймагынан өтүп, жарым автономиялуу Күрдистанга дагы кол салат деген чочулоо бар. Ошол себептен биз армия жана полицияны күчөтүшүбүз зарыл.

Жарым автономиялуу Күрдистандын президенти Масуд Барзани эл аралык уюмдардан гуманитардык жардам жиберүүсүн суранган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчылары кагылышуулардан улам миңдеген адамдар өз үй-жайын таштап башка аймактарга качууга мажбур болуп жатышканын билдиришет.

Ал арада Мосулдагы Түркиянын консулдугу шаарга кара май ташып келген жүк ташуучу унаалардын 28 түрк айдоочусу уурдалганын ырастады.

Сунниттердин «Ирак жана Левантедеги Ислам мамлекети» тобу жыл башынан бери Фаллужа жана Рамади шаарларын, Анбар провинциясын ээлеп турат.

2 миллионго жакын калкы бар, Ирактагы экинчи чоң шаар эсептелген Мосул баш калаа Багдаддын түндүк-батышында жайгашкан.

XS
SM
MD
LG