Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Согушкерлер Ирактын Тикрит шаарын ээлешти


Тикритке чейин согушкерлердин колуна өткөн Мосул шаарынан жарым миллионго жакын адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.
Тикритке чейин согушкерлердин колуна өткөн Мосул шаарынан жарым миллионго жакын адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Иракта маалыматтарга караганда, “ал-Каидага” байланышы бар согушкерлер Тикрит шаарынын басымдуу бөлүгүнө да өз көзөмөлүн орнотушту.

Ирактын коопсуздук күчтөрүндөгү булактардын айтымында, Тикрит шаарын башкарууга өтүшкөндөр “Ирак жана Левантанын ислам мамлекети” тобунун согушкерлери.

Салахиддин провинциясынын борбору болгон Тикрит Багдад жана Мосул калааларынын ортосунда жайгашкан. Ал Ирактын мурдагы диктатору Саддам Хусеиндин кичи мекени катары да белгилүү.

Миграция боюнча эл аралык уюм билдиргендей, Тикритке чейин согушкерлердин колуна өткөн Мосул шаарынан жарым миллионго жакын адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Алардын арасында ирак армиясынын өз униформаларын жарандык кийимге алмаштырып алып, эл менен кошо качкан аскерлери бар экени айтылууда.

Мосулдун өзүн Абу-Райан деп тааныштырган тургуну кабарчыларга:

- Биз аскерлер униформасын жарандык кийимге алмаштырып, курал-жарагын таштап качып баратканын көрдүк. Алар автоунааларын дагы калтырып кетишти. Арасынан курал алып жүргөндөрдү же ок аткандарды байкай алган жокпуз.

Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики исламчыл согушкерлер Мосулду ээлешкенде эле, парламентке өлкөдө өзгөчө абал киргизүүнү суранып кайрылган.

Парламент премьердин өтүнүчүн бүгүн карайт деп күтүлүүдө.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Хошияр Зебари шаршемби күнү Афинада Араб лигасы менен Еврошаркеттин тышкы иштер министрлеринин жыйынында жүргөн жеринен кырдаалды мындайча баалады:

- Мен бул инцидент Ирактын лидерлерин өлкөнүн тамырына балта чаба тургандай коркунучка каршы туруу үчүн биригүүгө түртөт деп үмүттөнөм. Бул коркунуч Ирактын коопсуздук күчтөрү менен күрттөрдүн Пешмерга күчтөрүнүн кызматташтыгы менен артка сүрүлө алат.

Тышкы иштер министри Хошияр Зебари исламчыл согушкерлерге каршы туруу үчүн Ирактын борбордук өкмөтү менен Күрдистандын аймактык өкмөтү ортосунда тыгыз кызматташтык болоoрун ырастады.

Ирактагы соңку окуялар коңшу Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглыны Нью-Йорктогу сапарын кыскартууга мажбурлады.

Премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чукул жыйын өткөрдү.

Анткени түрк расмий өкүлдөрү билдиргендей, согушкерлер бул өлкөнүн Мосул шаарындагы консулдугунан 48 кишини, анын ичинде консулду да кармап кетишкен. Мындан сырткары согушкерлердин колунда түркиялык 28 айдоочу да турганы кабарланууда. Алар Иракка кара май тартып келишкен.

Түрк тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы эгер барымтадагылар запкы көрсө, Түркия өч аларын эскертти.

“Ирак жана Левантанын ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин алга жылышы эмне үчүн жергиликтүү армия жана коопсуздук күчтөрү АКШ армиясы өлкөдөн чыгып кеткенден эки жарым жылдан кийин коопсуздукту камсыздай албай калды деген суроолорду жаратты. Жакынкы Чыгыш боюнча айрым эксперттер мунун себебин Ирактагы суннит жана шиит ажырымынан көрүшөт. Америкалык талдоочу Криспен Хос мындай дейт:

- Бул жерде лоялдуулук маселеси бар. Суннит арабдары басымдуулук кылган бөлүктөр азыр көбүнесе шиит офицерлери тарабынан башкарылат. Анткени, премьер Нури ал-Маликинин өкмөтү акыркы үч жылдан бери суннит офицерлер арасында бир катар тазалоолорду жүргүзгөн. Шииттер басымдуулук кылган бөлүктөр өзүлөрүн анча лоялдуу сезишпейт. Аларда барган сайын өзүлөрүнө карата душманчыл деп санай баштаган адамдарды калып, коргогудай стимул аз.

Өзү Иракта калктын азыраак бөлүгүн түзгөн суннит жамаатынын премьер-министр Нури ал – Маликинин шииттер үстөмдүк кылган өкмөтүнүн саясатына акыркы бир нече жылдан бери эле ичи чыкпай келген.

“Ирак жана Левантанын ислам мамлекети” тобунун согушкерлери Мосул менен Тикритке киргенге чейин быйыл январдан бери өлкө батышындагы Анбар провинцияснын борбору – Рамадини жана анын жанындагы Фаллужа шаарынын бөлүктөрүн ээлеп турушкан.

XS
SM
MD
LG