Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:25

Кумсалар менен "чоролордун" чыры


Кумсалардын тою болду делген мейманкана, Бишкек, 17-май
Кумсалардын тою болду делген мейманкана, Бишкек, 17-май

17-майда кумсалардын Бишкекте белгилеп жаткан майрамдык иш-чарасын “Кырк чоро” уюмунун жигиттери барып үзгүлтүккө учуратты.

Иш-чараны уюштургандар бул жайда эл аралык трансфобия жана гомофобия күнү белгиленип жаткан десе, коомдук активисттер кумсалардын үйлөнүү тою болгонун айтышууда.

Бишкек шаарындагы “Астория Гарден” мейманкана комплексине “Кыргыз чоролору”, “Калыс” аттуу коомдук кыймылдар баштаган топтун өкүлдөрү кирип барышып, жабык жайда өтүп жаткан иш-чараны токтотууга аракет кылышкан.

Бийик коргондуу үйдөгү мейманкананын короосу үлпөт той болчудай кооздолуп, көк түстүү шарлар илинген экен. Короонун сыртында жаалданган коомдук активисттер ал жерде Мендельсондун маршы ойнолуп, кумсалар үйлөндү дешсе, иш-чараны уюштургандар болгону эл аралык гомофобия жана трансфобия күнүн белгилеп жатканбыз деп актанышууда. Алардын бири Амир "Азаттыкка" буларды айтты:

- 17-май - гомофобия жана трансфобияга каршы туруунун эл аралык күнү болуп саналат. Ошого карата биз майрамдап жатканбыз да. Жөн эле балдар, кыздар келип, эч кандай алкоголдук ичимдиксиз отурганбыз. Баарыбыздын жашыбыз 18 жаштан улуу. Ушул күндү майрамдап эле отурганбыз.

Окуя болгон жайга Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөттөгү кызматкерлери барып, териштирип жаткан экен. Бирок милиция кызматкерлери окуя тууралуу азырынча маалымат бере албастыгын айтышты. Ал эми мейманкана комплексинин сыртында турган коомдук активисттердин бири Марат Өскөнов Кыргызстанда кумсалардын үйлөнүү тоюн болтурбоо үчүн чогулушканын билдирди:

- Эртең менен бир таксист бизге "бүгүн Бельгияны туурап, Кыргызстанда эркек менен эркек үйлөнөт экен" деп айтып калды. Бүгүн аларды үйлөнтүшүп, видеого тартып, интернет аркылуу Кыргызстанда ушундай кылса болот деп беришмек экен. Анан өзүбүздүн кишилерди чын-бышыгын билгенге жөнөттүк. Келип, кошуналардан сурасак, чын эле той болуп жатканын айтышты. Ар кандай каалоо-тилек айтышып, бактылуу болгула деген үндөр чыкты. Анын баарын жаздырып алдык. Дарбазаны такылдатсак киргизбей коюшту. Кыйкырып жатып, патриот жигиттер ичине кирдик. Кирсек чын эле эркек бала сөйкө салынып, ошол жерге жүрөк коюшуп, үйлөнүп жатышыптыр.

​Активисттердин мындай иш-аракетин короо ичинде иш-чара уюштургандар жеке менчик жайга уруксатсыз кирүү жана адам укугун бузуу, улутчул маанайдагы ураан-чакырыктарды таштоо деп баалашууда. “Лабрис” аттуу кумсалардын уюмунун өкүлү Давид окуя жөнүндө мындай дейт:

- Азыр биз дарбазадан сыртка чыга албай жатабыз. Көчөдөгү эл бизге каршы аябай терс маанайда. Жигиттерибиздин коопсуздугунан коркуп жатабыз. Бул жерде эч кандай үлпөт той болгон эмес. Жөн гана майрамдап жаттык эле. 17-май гомофобия жана трансфобияга каршы күн болуп саналат. Эч кимдин никесин каттоого укугубуз жок. Аны мамлекеттик каттоо кызматы гана ишке ашырат да.

Бирок активисттер алардын бул айткандарына ишенишпей турушат. Кыргызстанда кумсалардын үйлөнгөнүн интернетке жайып жиберишмек, дегеле кыргыз жеринде муну болтурбоо керек дешет алар. “Кыргыз эл жаштары” коомдук бирикмесинин өкүлү Алмаз кумсалардын ишин мындайча сынады:

- Эртеңки күнү биздин балдарыбызга келечек керек. Бул деген Кудайга да жакпаган иш да. Кыргыздын улуттук баалуулуктарына сыйбаган көрүнүш. Чет элдик агенттер келип алышып, ошол чет өлкөнүн акчасына кумсалыкты үгүттөп жатышат. Кыргызстанда жашагысы келбесе анда чыгып кетишсин!

Ал эми “Кыргыз чоролору” бирикмесинин өкүлү Рысбек Каримов бул жерге келгенинин себебин мындайча түшүндүрдү:

- Той болуп жатканын көрдүк. Бизде далилдер бар. Эркек менен эркек үйлөнүп жатканын көрдүк. Алар бизден коркуп ичкери качып, кирип кетишти. Жүрөктөрдү коюп алышып, бири-бирине каалоо айтып жатышат. Бул кыргыздын менталитетине жатпайт. Кыргыз балдар жакшынакай эле кыздарга үйлөнүп, кылымдар бою жашап келген. Качан бул дүйнө жок болгуча кыргыз ушул бойдон кетишин каалайбыз.

Азыркы тапта Кыргызстанда кумсалардын саны расмий такталган эмес. Аларга карата коомдук пикирлер да ар түрдүү айтылып келет. Кумсалардын үйлөнүүсү же никеге туруусу боюнча Кыргызстанда атайын мыйзамдык жоболор жок.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG