Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Койлубаева: Кыйноого шектүүлөр акталууда


Кыргызстандагы абактардын бири
Кыргызстандагы абактардын бири

Жабык жайлардагы кыйноолор боюнча козголгон кылмыш иштери сотко келгенде токтоп калып жатат. Мындай пикирин “Эркиндик үнү” уюмунун укуктук координатору Асел Койлубаева “Азаттыкка” маегинде билдирди.

- Азыр сиздердин уюм жалпы канча кыйноо фактысын көзөмөлдөп жатат жана алардын ичинен сотко жеткендери, жыйынтык чыккандары барбы?

- 2005-жылдан баштап биздин уюмда кыйноо боюнча 99 факт катталган. Анын ичинен 56 факт боюнча иштер ар кандай себептер менен иш токтотулган. 43 учур боюнча азыр иш жүрүп жатат. Анын тогузу сот органдарына өттү. Калгандары боюнча прокуратурада тергөө амалдары жүрүүдө. Бирок бул калган иштердин жарымы боюнча прокуратура иш козгоодон баш тартып жатат. Ошол эле учурда биз прокуратура органдары эмне себептен баш тартып жатканы тууралуу жооп алалбай жатабыз.

- Деги эле Кыргызстанда кыйноо боюнча айыпталган милиция кызматкерлерине сот өкүмү чыгып, күнөөлүүлөр жазасын алган кайсы учурду атай аласыз?

Асел Койлубаева
Асел Койлубаева
- Кыргызстандын тарыхында кыйноо фактысы боюнча 2012-жылы бир гана өкүм чыкты. Андан бери эч кандай өкүм чыга элек. Ал түгүл андай өкүмгө да жакындай элекпиз. Биздин эле уюмда тогуз окуя боюнча сот мекемелеринде иш жүрүп жатат. Алардын арасында 2005-жылдан бери жүрүп жаткан иштер бар. Прокуратура органдары өздөрү айткандай, сотто иш өтө оордук менен жүрүп жатат. Сот органдары коррупцияга жол берип жатат. Милиция кызматкерлерин актаган өкүмдөр чыгып жатат.

Былтыр Жогорку Сот эки актоо өкүмүн эч негизи жок эле чыгарды. Былтыр Токмокто эки МАИ кызматкери акталды. Биз соттук териштирүүлөргө толук байкоо жүргүзгөнбүз. Ошондо биз Чүй облустунун МАИ кызматкерлери өкүм чыкканга чейинки бир жума ичинде сотко улам келип кетип жүргөнүн уктук. Бул көрүнүштөн деле бир жыйынтык чыгарса болот.

- Мындай учурларды ашкерелегенге сиздерге окшогон уюмдар менен жарандык коомдун күчү жетпей жатабы? Укук коргоочулар өз үнүн жеткире албай жатабы?

- Биздин үнүбүздү угуп эле жатышат. Бул тараптан эч бир аракет жасалбай жатат деп айканга да болбойт. Башкы прокуратура элдин үнүн угуп, иштер козголуп жатат. Кыйноо жөнүндө ачык-айкын айтылып, эл арыз менен кайрыла башташты. Бирок сот системасына келгенде иш токтоп калып жатат. Биздин үмүтүбүз жаңы дайындалган судьяларда. Эми биз кыйноо боюнча сот кандай жүргөнү боюнча мониторингди күчөтөбүз.

Өкмөт тарабынан бир катар аракеттер жасалып жатат. Маселен, Кыйноого каршы улуттук борбор жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алып, президент ага былтыр 12-июлда кол койгон.

- Эмне үчүн бул борбор алигиче ачылбай жатат?

- Мыйзам азыр күчүнө кирди. Бирок азыр каржы жагынан бир аз кыйынчылык болуп жатат. Ал борбордун мүчөлөрүн тандоо боюнча Омбудсмен институтунда аракеттер жүрүп жатат. Ал дагы бүтө элек. Жалпысынан борбордун ачылышы созулуп кетти.
XS
SM
MD
LG