Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:27

Президент кыйноолорду токтотууну тапшырды


Тартип коргоо кызматкерлери кыйноо ыкмаларын көп колдоноорун укук коргоочулар айтып келишет.
Тартип коргоо кызматкерлери кыйноо ыкмаларын көп колдоноорун укук коргоочулар айтып келишет.

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева "кыйноолорду токтотмоюн өлкөдө саясый туруктуулукту орнотуу мүмкүн эмес" деп билдирди.

13-сентябрда Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Байкоочу кеңештеринин кыйноолорду азайтуу жол-жоболорун талкуулаган жыйында Кыргызстандын демократиялык беделине көө жапкан бул көрүнүштү азайтуу, алдын алуу маселелери талкууланды.

Ал арада айрым депутаттар кыйноолорго каршы улуттук борбор ачуу боюнча мыйзам долбоорун алып чыгышты.

Президент Роза Отунбаева Кыргызстанда июнь коогалаңынан кийин кыйноо факттары кескин көбөйүп кетти деп билдирди. Айрыкча убактылуу кармоочу жайларда улутуна карап уруп-согуу өлкөгө жакшылык алып келбесин айтты:

- Бул абстрактуу нерсе эмес. Биз муну түшүнөбүзбү, же жокпу? Же Базар-Коргон, Ош милициясы каалашынча мазактап-маскаралай береби? Ар кимди камап, андан акча өндүрүп, өлтүрө сабаган учурлар канчага чейин созулат? Акыйкат болмоюнча тынчтык орнобойт. Биз муну абдан жакшы түшүнөбүз.

Мен кыйноолорду токтотуу бүткүл өлкөнүн абийири экенин айткым келет. Кыйноолор, мыйзамсыз камоолорду токтотмоюн Кыргызстандагы туруктуулук тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес. Биз муну жойо албасак биздин өлкөбүз олку-солку боло берет.


Отунбаева кыйноолорду азайтуунун бир чарасы катары жазаны катаалдаштырууну сунуштады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин дарегине да бир топ сындарды айтты.

Атайын кызматтын Байкоо кеңешинин төрагасы Кайрат Осмоналиев Дипломатиялык академиянын проректору бул жаатта олуттуу проблемалар бар экенин билдирди:

- Биз Улуттук коопсуздук кызматына тергөө, суракка алуу учурунда мыйзам бузган канча кызматкериңер жоопко тартылды деп сурадык. Натыйжада мени өтө деле таң калтырбаган жооп алдык. Ушул жылдын сегиз айында жоопко тартылган бир да факт болбоптур. Ушундан улам кылмыш жоопко тартууну катаалдаштыруу керек. Кыйноолор тууралуу көп сөз болот, бирок бул боюнча жоопко тартылган факттар жок. Мунун баары тергөө тажрыйбалары ойдогудай эместигин айгинелейт.

Азиза Абдрасулова
Президенттин жардыгы менен Кыргызстанда бардык министрликтерде, мамлекеттик мекемелерде Байкоочу кеңештер өткөн жылдын ноябрь айынан бери түзүлө баштаган.

Укук коргоочу, Ички иштер министрлигинин Байкоо кеңешинин мүчөсү Азиза Абдрасулова кыйноолорду азайтуу жаатында жасап жаткан иштери тууралуу кеп салды:

- Убактылуу кармоочу жайларга маал-маалы менен кирип турганыбыздын өзү эле профилактика. "Ушинтип келип турат экен, көрүп турат экен" деп сестенип, кыйноолор кичине азаят. Биз бир гана кыйноолорду эмес, мыйзамсыз аракеттерди, мыйзамсыз мамилелерди, кармоолорду азайтат. Экинчиден, Байкоочк кеңеште иштегенден кийин өзүбүздүн конкреттүү сунуштарыбызды да берип жатабыз.

Ал ортодо айрым депутаттар кыйноолорго каршы улуттук борбор түзүү тууралуу мыйзам долбоорду алып чыгышты. Кыргызстан 2008-жылы Бириккен Улуттар уюмунун кыйноолорду болтурбоо тууралуу конвенциясына кошулуп, бул жатта бир топ милдеттемелерди алган болчу. Ага ылайык, атайын орган түзүү каралган.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр кыйноолор боюнча 30дан ашуун факт катталса, быйыл жети айдын ичинде эле мындай учурлар былтыркы көрсөткүчкө жеткен.

XS
SM
MD
LG