Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:59

Милиция коргойбу же кордойбу?


"Азаттыктын" “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы Ички иштер министрлигин реформалоо, милиция менен элдин ортосундагы ишеним маселесине арналды.

Талкууга Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакытбек Жусубалиев жана журналист Абдувахаб Мониев катышты.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Милицияга эл эмне үчүн ишенбейт? Сурамжылоолор көрсөткөндөй, бүгүнкү күнү элдин 70-80% милицияга ишенбейт экен.

Жусубалиев: Бул суроо баарыбыздын жүрөгүбүздү өйүп келатат. Бирок өзүңүздөр билесиздер, Союздун тушунан бери эле эл милицияга ар кандай көз караш менен карап, ар кандай баалап келе жатат. Бирөө жакшы көрөт, бирөө жаман көрөт. Анткени биздин ишибиз ошондой.

Айрым кызматкерлердин кесиптик деңгээлинин начардыгынан, өзүнүн кызмат абалынан аша чаап пайдаланып кеткенинен, укуктук маданиятынын аздыгынан, атуулдарыбызга туура эмес мамиле жасаганынан ушундай терс пикирлер пайда болот.
Кыргыздар союздун тушунда деле ишенчү эмес, “милиция менен доктурдан алыс кылсын” деген тосттор жок жеринен айтылган эмес.

Ошентсе да 2005-жылы март окуясында милиция бир жума иштебей калган, ошондо эл өзү "иштегиле" деп өтүнгөн учурлар болгон. Айрым кызматкерлерибизди иштете баштаганыбызда карапайым эле адамдар “милиция балдарга бергиле, жесин” деп жанында болгон акчасына нан, лимонад сатып келип беришкен. Ушундан эле милиция менен элдин бири-биринен ажырагыс экенин байкоого болот.

Мирпазилов, Жалал-Абад: Мен былтыркы июнь окуясынан бери милицияга ишенбей калдым. Анткени азыр милиционерлер күнөөнү улутуна карап коюп, улутуна карап мамиле жасашат. Эгер улутуң башка болсо, кыйноо, же чөнтөгүнө бир нерсе сала коюп, айыпты мойнуна коюу адатка айланып баратат. Ошондуктан мен жогоруда отурган жетекчилерден суранат элем, бул жагдайга да көңүл бөлүп, карап койсоңуздар.

Мониев: Милицияга элдин ишеничи азайышына алар өздөрү гана күнөөлүү. Алар өзүнүн милдетине дал келбеген иштерди жасап, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, ишенимден чыгып калган. Бирок милицияны коомдон бөлүп кароого болбойт. Жыйырма жылдык эгемендик ичинде Кыргызстандын бүт тармактары кризиске батты, анын ичинде күч органдары, милиция да өз иш-аракеттеринде деградацияланып кетти. Ошентсе да ачык айтуу керек, бүгүнкү күнү уруп-сабап, кыйноонун натыйжасында кылбаган күнөөсүн мойнуна алдыруу күчөп кетти.
Милицияга элдин ишеничи азайышына алар өздөрү гана күнөөлүү. Алар өзүнүн милдетине дал келбеген иштерди жасап, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, ишенимден чыгып калган.

“Азаттык”: Абдувахаб мырза, айлык акы көтөрүлсө, ички иштер тармагы оңолот, милициядагы коррупция жоголот деп ишенесизби?

Мониев: Жок, айлык акыны көтөрүүнү милицияны оңдоонун бир жолу, бирок аны менен эле ички иштер тармагы түп-тамырынан өзгөрүп, оңолуп кетпейт. Кызматкерлердин деңгээли, психологиясы өзгөрүүсү керек. Айлык акыны көтөрүп эле “реформа жасадык” деген “эски чаначка жаңы кымыз куям” дегендей эле кеп.

Төлөгөн, Нарын: Милицияга 100% ишенбейм. Анткени бул тармакты жакшы билем. Милиция эле эмес, сот, прокуратура тармагы деле так ушундай. Ошондуктан булардын бардыгын таратып, Грузиядагыдай реформа жасаш керек. Кыргыздар союздун тушунда деле ишенчү эмес, “милиция менен доктурдан алыс кылсын” деген тосттор жок жеринен айтылган эмес.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG