Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:50

“Крокус ситидеги” кандуу окуяга байланыштуу дагы бир адам камалды


Жумахон Курбонов кандай жагдайда кармалганы азырынча белгисиз.
Жумахон Курбонов кандай жагдайда кармалганы азырынча белгисиз.

Москва шаарындагы Басман райондук сотунун чечими менен “Крокус ситидеги” кандуу кол салууга шек саналган Жумахон Курбонов 27-апрелде камакка алынды.

Тажикстандык бул жаранга теракт уюштурууга байланыштуу айып коюлду.

Тергөө материалдарына ылайык, Курбонов "терордук кол салууга керектүү акча берип, телефон байланышы менен камсыздап турган".

“Крокус ситидеги” куралдуу кол салууга шектүү 13-адам – Курбонов колго түшкөнү 26-апрелде белгилүү болгон. Ал кандай жагдайда кармалганы, күнөөсүн мойнуна алып-албаганы белгисиз.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында “Крокус Сити” борборунун алты миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон.

Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Бери дегенде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектелип кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG