Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:46

ӨИК Кыргызстанга бүлүк салышы мүмкүнбү?


Өзбекстан Ислам кыймылынын Пакистандагы лагерлеринин бири. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Өзбекстан Ислам кыймылынын Пакистандагы лагерлеринин бири. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Жаз келип, күн жылыган сайын Өзбекстан Ислам кыймылы Кыргызстандын түштүгүндөгү тынчып калган кырдаалды кайра козутууга кызыкдар экени айтыла баштады.

Бул тууралуу 17-марттагы жыйында Кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер-министри Шамил Атаханов билдирди. Айрым серепчилер болсо мындай билдирүүлөр жөн гана элдин үшүн алуу максатында жасалууда деп эсептешет.

Өзбекстан Ислам кыймылынан кандай коркунуч бар?

"Өзбекстан Ислам кыймылы жана “Ал-Каида” уюму ооган маңзаттарын жүгүртүү үчүн Кыргызстандын аймагын пайдаланышы мүмкүн. Алар Борбор Азиядагы алсыз саналган Ош облусундагы араң турган кырдаалга бүлүк салышы ыктымал", - деди Атаханов. Айрым серепчилер мындай билдирүүлөр элди коркутуу максатында жасалууда деп айтууда. Чек ара коопсуздугун чыңдоо максатында май-июнь айларында Кыргызстандын түштүк аймагында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерий машыгуулары өткөнү жатканын да вице-премьер-министр Атаханов кошумчалады.

- Орусиянын, Тажикстандын жана Кыргызстандын Коопсуздук кеңштери май-июнь айларында Кыргызстандын Ош жана Баткен облустарында Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын жана Тажикстандын аскер бөлүктөрүнүн биргелешкен окуусун өткөрүү бобюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлери кызматынын штаб жетекчиси Чолпонбек Турусбеков чек арадагы кырдаалга мындай баа берди.

-Кайсы жерлерден кирсе болот? Биздеги маалыматка таянып, Ооганстан жакты карап жатабыз. Ошондой эле Тажикстан биз менен чектешкенден кийин ал жакты да карап жатабыз. Эки өлкөнүн мамлекеттик чек араларында көптөгөн ашуулар бар. Бүгүнкү күндө биздеги маалымат боюнча чек арадагы бардык ашулар жабык, өтүүгө мүмкүн эмес.

Турусбеков анткен менен күн жылып, ашуулар ачылса куралчан топтордун чек ара аймактарында пайда болушу мүмкүн деген ойду кошумчалады.

- Мына, жаз кирип келди. Бирок чек аралар бир айдын ичинде ачылбайт деп ойлойбуз. Май айынын аяктарында ачылып калса, ошондой коркунучтар болушу мүмкүн деп эсептейбиз.

Өлкөнүн тынчтыгы саясатчыларга байланыштуу

Тышкы коркунуч күч алып турганда ички саясый кырдаал туруктуу болгону абадай зарыл экенин Кыргыз өкмөтү утур кайталап келүүдө. Вице-премьер-министр Шамил Атаханов кыргыз саясатчыларына кайрылып, өлкөдөгү ансыз да араң турган абалды курчутпоого чакырды. Мындан тышкары түштүктөгү абалды курчутуу максатында имиш таратып жаткандарды аныктоо иши укук коргоо органдарына тапшырылганын айта кетти.

Мурдагы депутат Рашид Тагаев чындап кооптонууга негиз бар, өлкөнүн ичинде да абал оор деп эсептейт. Бирок көпчүлүк учурда кырдаалды оорлоткон бийлик башындагылар деген ойдо.

- Булар ушинтип, андай болот, мындай болот деп айтып жатышат. Булар азыраак сүйлөп, көбүрөөк эл менен жакшынакай иштеш керек. Тескерисинче, кырдаалды курчутуп жаткан булар өздөрү.

Жыл сайын Кыргызстанда жаз алды менен чек ара аймактарындагы кырдаал олуттуу темага айланып келет. Быйыл да күндүн жылышы менен сырттан куралдуу күчтөр кирет деген сөздөр байма-бай угула баштады.

XS
SM
MD
LG