Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Абактагылардын жакындары митингге чыкты


Камактагылардын жакындарынын Ак үй алдындагы нааразылык акциясы, 27-март 2011-жыл
Камактагылардын жакындарынын Ак үй алдындагы нааразылык акциясы, 27-март 2011-жыл

27-мартта абактагылардын жакындары Ак үйдүн алдына митинге чыгып, абакта ачкачылык жарыялагандардын талаптары аткарылышын талап кылды.

Жаза өтөө кызматы болсо Кыргызстандагы бир катар түрмөлөрдө уланып жаткан ачкачылык акцияларын токтотуу боюнча абактагылар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдоодо.

27-мартта ар кыл аймактагы абактарда отурган адамдардын кеминде жүзгө чукул жакындары Ак үйдүн алдында митинг уюштурду. Чогулгандар «Абактардагы күч колдонууну жана баш аламандыкты токтотуу керек», «Мунапыс берилишин талап кылабыз» өңдүү плакаттарды алып жүрүштү. Абакта жаткан уулу үчүн митингге чыкканын айткан Бишкек тургуну Жумагүл Түмөнбаева чогулгандардын талабын минтип түшүндүрдү:

- Биздин балдардын ачкачылык жарыялап жаткандагы талаптарын аткарышсын. Ошону гана талап кылып келдик. Башка эч нерсенин кереги жок. Мына абактарда башаламандык болуп жатат. Балдарды карабай жатышат. Дары-дармек, шарттар жок. Сыртка чыккан балдарды дароо эле кармап салып жатат. Анан 21, 31-абакка кетиришет экен. Аларга ал жакта жакшы карашпайт экен. Ал жактан өлүп чыгып жатышат. Буга чейин менин иним өлүп чыккан, бир жылдын ичиндечи. Жапжакшынакай кеткен.


Абактагыларга тамак-аш үзгүлтүксүз берилүүдө


Чогулгандар менен Түзөтүү мекемелеринде көзөмөл жүргүзүүчү атайын прокуратуранын өкүлү Эмил Базаркулов келип сүйлөшүп, абалга түшүңдүрмө берди. Анын айтымында, абактагылар түрмөлөрдөгү шарттарга нааразы эмес, ошентсе да тамактан баш тартышууда.

Түзөтүү мекемелеринде көзөмөл жүргүзүүчү атайын прокурор Кубан Мамакеев абактагылар жетиштүү дары-дармек, тамак-аш менен камсыз болгонун билдирди:

- Күндө эртең мененки, түшкү жана кечки тамакты жасап берип жатышат. Туурабы? Алар албай жатат. Ким күнөлүү? Азыр күчөтүлгөн тартипте иш жүрүп жатат. Дары-дармектер топтолтура. Кечээ дагы түрмөлөргө таркатылып берилди. Бардыгы көзөмөлдө. А тамакты жебесе, ким күнөлүү? Биз күнөлүүбүзбү?

Күндө эртең мененки, түшкү жана кечки тамакты жасап берип жатышат. Алар албай жатат. Ким күнөлүү?...
Атайын прокуратуранын маалыматына ылайык, ачкачылык жарыялагандар талаптарын расмий түрдө жетекчиликке билдирише элек. Деген менен «Азаттыкка» Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайында жаткан, өзүн «Аксакал» деп тааныштырган адам байланышка чыгып, айрым талаптары менен бөлүшкөн эле:

- Милиция органдары жөнү жок, адамдарды урбай, мыйзамдын жолунда кылмышкер болсо, аны кармаш керек. Күнөөлөр толук далилденсин. Сот органдары туура чечим чыгарып берсин.


Абалды сүйлөшүү жолу менен жөнгөрүү пландалууда


Абактардагы ачкачылык акциялары 25-марттан бери уланууда. Жаза өтөө кызматынын Тарбия бөлүмүнүн жетекчиси Казыбек Үмөтовдун “Азаттыкка” билдиришинче, ачкачылык жарыялагандардын негизги бөлүгүн №1, 3, 8, 10, 16, 19 түрмөлөрүндө отургандар түзөт. Калган тергөө абактарынын көпчүлүгүндө оорулуулар болгондуктан, аларда ачкачылык жарыялагандар аз. Түрмөлөрдөгү бул жагдайды күч колдонулбастан, сүйлөшүү жолу менен чечүү пландалууда, дейт Үмөтов:

Абактардагы ачкачылык акциясы 25-мартта башталган
- Бүгүнкү күндө биздин мекемелерде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатабыз. Ар бир мекемеде ушул жагдайга карата пландар түзүлгөн. Бүгүнкү күндө мекемеде отурган соттолуучулар менен да, айыпкерлер менен сүйлөшүү ирээтинде гана иш жүргүзүп жатабыз.


Кыргызстанда ондон ашык түрмө, алты тергөө абагы бар. Расмий маалыматка ылайык, кыргыз түрмөлөрүндө 10 миңге жакын адам кармалып турат. Ачкачылык акцияларын камактагылардын жакындары түрмөлөрдөгү абалдын начардыгы жана мыйзамдын сакталбай жаткандыгы менен түшүндүрүшсө, Жаза өтөө кызматынын кээ бир өкүлдөрү бул жагдайды кылмыш дүйнөсүнүн айрым төбөлдөрүнүн аракети катары сыпатташкан. Буга соңку мезгилде өлкөдө уюшма кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлүп жаткан күрөш себеп болгону белгиленген.

XS
SM
MD
LG