Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Абактардагы ачкачылык уланууда


Абактагылардын жакындары нааразылыкка чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00
Түз линк

26-мартта Бишкектеги Жаза өтөө кызматына караштуу №1 тергөө абагында камакта отургандарын 50-60 чакты жакындары нааразылык акциясын уюштурду.

Бүгүн бир катар аймактарда камактагылардын жакындары да абактардагы соңку абалга кооптонуп, нааразылык акциясына чыкты.

Жаза өтөө кызматы түрмөлөрдөгү жагдайды тынч жол менен жөнгөрүү үчүн аракеттер жасалып жатканын билдирүүдө.

26-мартта Бишкектеги Мамлекеттик жаза өтөө кызматына караштуу №1 тергөө абагында камакта отургандарын 50-60ка жакын жакындары нааразылык акциясын уюштурду. Алар камакта отурган жакындары тамак-аш менен толук камсыз болбой жатканын жана кармоочу жай начар абалда экендигин айтышууда. Мындан тышкары, алар камактагыларга зордук-зомбулук көрсөтпөөгө чакырууда.

№1 тергөө абагында жаткан иниси үчүн чоочулап, абакка келген Анаш Тойгожоева мындай пикири менен бөлүштү:

- Азыр бизге бул жердеги абактын жетекчиси чыкты. Биз шарттар менен таанышып чыктык. Ал жетекчи уруп-согуу жок деди. Ага кепилдик берейин деди. Анан биз ал жерден чыксак эле, бизге чалып жатышат. Уруп жатат, эмне деп сүйлөштүңөр эле дешип.

Ново-Покровкадагы №3 түрмөдө жаткандардын элүү чамалуу жакындары да акыркы жагдайлардан улам түрмөнүн айланасында чогулушту. «Азаттыктын» кабарчысы маалымдагандай, алар өтүп жаткан ачкачылык акциясына байланыштуу абактагы жакындарына карата күч колдонулушу мүмкүн деп кооптонууда.

Жаза өтөө кызматынын жетекчи орун басары Калыбек Качкыналиевдин «Азаттыкка» билдиришинче, №1 жана №8 колонияда жаткандардын жакындары да ушундай эле талаптарын билдиришкен. Анын айтымында, учурда абактардагы абалды жайгаруу үчүн аракеттер жасалууда. Абактагыларга күч колдонулган жок, тамак-аш өз маалында берилүүдө. Камактагылардын ичинде тамак ичкендери да, андан баш тарткандары да болууда:

- Абактагылардын жакындары койгон кээ бир талаптары жөндүү. Аларды биз аткарышыбыз керек. Кээ бирлери жөнсүз эле. Жөндүү делгендери, маселен, биздин арабызда пара алды деген кызматкерлер болуп жатпайбы. Буга байланыштуу беш-алты кызматкерге иш козголду. Мен айтып жатам, эгер маалымат болсо билдиргиле деп.

Кыргызстандагы бир катар түрмө жана убактылуу кармоо жайларындагы ачкачылык акцияларынын экинчи күнү уланууда. «Азаттыкка» Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайында жаткан, өзүн «Аксакал» деп тааныштырган адам байланышка чыгып, айрым талаптары менен бөлүштү:

- Милиция органдары жөнү жок, адамдарды урбай, мыйзамдын жолунда кылмышкер болсо, аны кармаш керек. Күнөөлөр толук далилденсин. Сот органдары туура чечим чыгарып берсин.

Абактагыларды айрымдары түрмөлөрдө шарттардын жакшырын да талап кылышууда. Деген менен Мамлекеттик жаза өтөө кызматы абактагы соңку жагдайларды кылмыш дүйнөсүнүн айрым төбөлдөрүнүн аракети катары сыпатташууда. Буга өлкөдө уюшма кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлүп жаткан күрөш себеп болгону айтылууда.

Абактардагы ачкачылык иш-чаралары 26-мартта башталган эле. Жаза өтөө кызматы кечээ онго чукул түрмөдө жана алты тергөө абагында ачкачылык башталганын кабарлаган. Абакта отургандардын баары жапырт эмес, айрымдары гана бири-бирине тилектештигин билдирип ачкачылык кармап жатканы, бул аракеттерди жөнгөрүү үчүн штаб түзүлгөнү белгиленген. Расмий маалыматка ылайык, кыргыз түрмөлөрүндө 10 миңге жакын адам кармалып турат.

XS
SM
MD
LG