Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:24

Адилеттүү шайлоого даярдык чабал


Парламенттик шайлоо. Бишкек. №70 мектеп. 25-ноябрь, 2012-жыл.
Парламенттик шайлоо. Бишкек. №70 мектеп. 25-ноябрь, 2012-жыл.

Кыргызстан 2015-жылдагы парламенттик шайлоону адилеттүү өткөрүү камылгасынан кечигүүдө. Бул тууралуу 15-апрелде Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында айтылды.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, анда 2015-жылы Жогорку Кеңешке шайлоону таза жана адилеттүү өткөрүүгө даярдыктар талкууланды. Бирок анда шайлоого даярдыктар чабал жүрүп жаткандыгы белгилүү болду. Маселен, Кыргызстандын биометриялык паспортторго өтүү мөөнөтү али белгисиз калып жатканын билдирген өкмөт акча да жоктугун айтып, алакан жайды. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жыйындагы жообу президент Алмазбек Атамбаевдин ачуусун келтиргендей болду. Сарпашев:

- Эгер акча каражаты боло турган болсо, анан уюштуруу иштерин баштасак, ошол башталган күндөн тартып, алты айдын ичинде жасап бүтүрөбүз...


Атамбаев Сарпашевге быйылкы жылдын бюджетинде ал үчүн акча каралганбы деп сурады. Сарпашев:

- Ал каралган эмес. Себеби, биз былтыр инвестициялык сынак өткөрөбүз деп пландаганбыз...

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.
Башка өлкөлөрдүн мисалын келтирген адистердин билдиришинче, биометриялык паспорттор менен добуш берүү шайлоонун мүмкүн болушунча адилеттүүлүгүн камсыздамак. Атамбаев өкмөттөн кандай гана болбосун, биопаспортторго өтүүнүн жолун табууну талап кылды.

- Бюджетке өзүңөр киргизбесеңер, эми болсо каражат керек деп отурсаңар. Мындай өкмөттүн бизге кереги барбы? Элдин тагдыры менен эмне үчүн ойноп жатасыңар? Бюджетке киргизбесеңер, анда өзүңөр тапкыла акча, ар кайсы шылтоону айтпай.


Атамбаевдин оюнча, биометриялык паспортторду киргизүү андай деле көп убакытты жана каражатты талап кылбайт. Мисалы, Монголия алты айда өлкө боюнча киргизсе, Индия эки жылда 600 млн. адамга берип жетишкен. Өкмөт болсо биопаспортторго өтүүнү 2017-жылга чейин деп мерчемдеп жаткан экен.

Электрондук урналар үмүттү актайбы?

Эмдиги жылы болуучу парламенттик шайлоону адилеттүү өткөрүү Кыргызстандын 2017 - жылга чейинки Туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык стратегиялык иш-планына киргизилген. Анын алкагында түзүлгөн жумушчу топ учурда шайлоочулардын тизмесин тактоо, шайлоочулардын электрондук бирдиктүү базасын түзүү, автоматташтырылган урналарды киргизүү, биометриялык паспортторго өтүү, мыйзамдарды өзгөртүү сыяктуу сунуштар менен чыгууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун айтымында, бир катар өлкөлөр менен автоматташтырылган урналарды сатып алуу боюнча учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал Түштүк Кореядан алынып келинип, пилоттук программа катары колдонулган электрондук урналар жакында Токтогул шаарында өткөн жергиликтүү шайлоодо сыналганын айтты:

Туйгуналы Абдраимов.
Туйгуналы Абдраимов.
- Биопаспорт кирбеген учурда деле биз “бир киши-бир добуш” деген принцип менен шайлоону таза жана адилеттүү өткөрө алабыз. Анткени бизде тизмелер такталып калды. Эгер тизмеде мүчүлүштүктөр болгон күндө дагы, шайлоого кимдин келип добуш бергени даана көрүнүп турат. Ошондой эле урна так санап берет.

Абдраимов кошумчалагандай, учурда шайлоочулардын тизмесинин 90 пайызы такталып калды. Ал эми жалпы шайлоочулардын саны 3 млн. 700 миңдин тегерегинде болот.

Шайлоону округдарга бөлүү сунушталды

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев партиялык тизменин негизинде өлкө боюнча 8 аймактык округ түзүүнү сунуштап жатат. Анын айтымында, бул талапкердин тизмеде канчанчы турганына карабастан, өз округунда алган добушуна жараша депутат болуусуна мүмкүндүк бермекчи.

- Пропорционалдык системада бардык социалдык – саясий группалар парламенттен орун алганы менен алар абстрактуу жүзгө ээ болуп калат. Эл партиянын атына жана лидерине гана карап, баа берет. Аймактардын, конкреттүү калк жашаган жерлердин депутат же депутаттар тобу менен байланышы үзүлөт. Бүгүн саясат таануучулар жана илимпоздор социалдык, экономикалык жана маданий гана топтор парламентте болбостон, региондордун өкүлдөрү да парламентте сөзсүз болушу керек деп айтып келе жатат.

Динара Ошурахунова ортодо.
Динара Ошурахунова ортодо.
Текебаев өзү сунуштап жаткан өзгөчөлүк бир катар өнүккөн Батыш мамлекеттеринде колдонулуп келатканын кошумчалады.
Бирок “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова аталган сунуш парламентаризмдин өнүгүшүнө бут тосот, Жогорку Кеңешти улуттук борбордук орган катары алсыратат жана федерализмге жол ачат деген каршы пикирин билдирди.

2015-жылдагы парламенттик шайлоого чейин 1,5 жыл убакыт калды. Президент Алмазбек Атамбаев эгер Кыргызстан адилеттүү шайлоолорду өткөрө албаса, дагы качан революция болот деп, өлкөдө тынчтык болбойт деди.

- Таза шайлоо Кыргызстандын келечеги жана тагдыры үчүн абдан маанилүү. 2005-жылдын февралында таза шайлоо өткөндө март окуясы болмок эмес. 2010-жылдагы Апрель окуяларынын да негизи 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо, 2009-жылдагы президенттик шайлоодо жатат.


Бир катар карама-каршы пикирлерден кийин Улуттук кеңештин катышуучулары шайлоого даярдыктар боюнча орток чечимге келүүнү кийин аптага калтырды. Ошондой эле келерки жумада Улуттук кеңеш Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселесин да карамакчы.

XS
SM
MD
LG