Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:13

Таза шайлоого жол изделүүдө


Шайлоо маалында тартылган сүрөт, 25-ноябрь, 2012-жыл
Шайлоо маалында тартылган сүрөт, 25-ноябрь, 2012-жыл

Кыргызстанда шайлоо жараяндары автоматташтырылат. Бул тууралуу 2-декабрда шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ уюштурган коомдук кеңешмеде айтылды.

Анда шайлоочулар тизмесине байланышкан маселелер, добуш берүүдөгү ыплас ыкмаларга жол бербөө, аймактык округдарды түзүү тууралуу сөз болду.

Жумушчу топтун иши бир канча этапка бөлүнгөн. Азыр мыйзамдарды талдап, кемтигин толтуруу иштери жүрүп жатат. Президенттин аппарат башчысы, жумушчу топтун жетекчиси Данияр Нарымбаев чече турган негизги маселелерге токтолду:

- Кийин талаш-тартыштар болбошу үчүн шайлоо тизмелерин биз качан, кандай жол менен аныктайбыз деген маселени чечишибиз керек. Добуштарды уурдамай, жана башка ыкмаларды жоюшубуз зарыл. Андан сырткары партиялар шайлоого катышып жатканда бир топ каражаттарды жумшайт эмеспи. Ошол каражаттар кайсы булактан алынганы, кандай жумшалганы да коомдук көзөмөлдө болушу шарт.

Кыргызстан ыплас технологиялардан арылуу үчүн шайлоо жараяндарын автоматташтырганы жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун билдиришинче, добуш берүүдө колдонулган заманбап шайман-жабдууларды чыгарган чет өлкөлүк ишканалардын өкүлдөрү келип кетти жана арасынан эки-үчөө тандалды:

- Ар бир шайлоочунун бармак басым мөөрү, өңү, паспортундагы маалыматтар экрандан көрсөтүлөт. Экинчиден, бюллетень берип жаткан жеринде дароо жасалат. Канча киши келсе ошончо бюллетень жасалган жабдуу алалы деп жатабыз. Андан сырткары ошол жерде бюллетень берип жаткан жана салып жаткан жерде эки видео камера болот. Бюллетендерди автоматтык түрдө санай турган үкөк да болот. Шайлоо бүткөндө, кечки саат сегизде ызы-чуу болуп атпайбы. Эми болсо урнаны басып койсоң эле дароо жыйынтык чыгып калат. Эгерде кимдир бирөө туура эмес болуп калды деп чырдаса комиссия түзүлүп, мурдагыдай кол менен санап чыкса болот. Андан сырткары үкөккө мобилдик телефон өңдүү байланыш кошкону жатабыз, кнопканы басканда жыйынтык түз эле БШКнын серверинен чыккандай кылабыз.

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынан депутат Курманбек Дыйканбаев таза шайлоо өткөрүү эки багытта жүрүшү керек деп эсептейт:

- Ар бир жаран, акчага, аракка алданбай, акыйкат, таза шайлоого умтулса. Экинчиден, бийлик шайлоону таза өткөрүүгө шарт түзүп бериши керек. Бийлик шайлоодо административдик ресурс колдонгондорго катуу жаза берсе, балким элдин аманаты уурдалбайт беле.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамдагы саясий атаандаштыкты камсыз кылган жол-жоболор мыйзамдарда эске алынышы керектигин айтууда:

- Конституция бир партиянын үстөмдүгүнө тыюу салат. Майда партияларды колдоп, жөлөп-таяп турат. Шайлоо кодекси да мына ушул багытты колдошу керек. Акчасы, бийлиги барлардын үстөмдүгүн азайтып, жаңы күчтөрдү, алардын калыптанышын колдошу керек. Биздин саясий система партиялык атаандаштыкка негизделгендиктен, алардын пайда болушун, биригип, ирилешин жана партиялык түзүмдөрдүн бекемделишин колдошу керек. Ошол эле кезде жаштар, аялдарга берилген квоталар калышы зарыл. Анткени партия ичиндеги атаандаштыкта аялдар менен жаштар кээ бир азаматтар менен теңтайлаша албайт. Ошондуктан азырынча бул квоталар калышы керек.

Текебаев бул квоталардан сырткары аймактык округдар, анын зарылдыгы тууралуу кеп кылды:

- Кээ бир райондордон 15-17 депутат болуп, ал эми кээ бир облустарда баарын кошкондо да андан аз депутат шайланып калып жатат. Бул тууганчылык болуп, жакын адамдар бир партияга биригип, Кыргызстан боюнча добуш жыйнап, аймактык өкүлчүлүк четте калып жатат деген ойлор бар. Алыскы региондордун социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын да эске алышыбыз керек. Ошондуктан регионалдык тизмелерди киргизүүнүн зарылдыгы бар деп ойлойм. Бул партиялардын региондогу структураларынын өнүгүшүнө түрткү берет. Аймактык лидерлердин жаралышын тездетет. Жаңы лидерлер, алардын ортосунда атаандаштык болуп, партиялык элита жаңыланат.

Алмазбек Атамбаев жергиликтүү кеңештерге болгон соңку шайлоолорду сынга алган. Добуш берүү эркин жана атаандаштык маанайда өткөнү менен айрым ыплас ыкмалардан арыла электигин көрсөткөнүн билдирген. Болочокто шайлоонун жыйынтыгы тууралуу эч кимде күмөн ой жаралбашы үчүн бардык чараларды көрүү керектигин эскерткен эле.

Нарымбаев: Таза шайлоого жол табабыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00

XS
SM
MD
LG