Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:18

Парламент шайлоо системасын өзгөртмөй болду


Жогорку Кеңешке шайлоо. 25-ноябрь, 2012-жыл.
Жогорку Кеңешке шайлоо. 25-ноябрь, 2012-жыл.

Жогорку Кеңеш депутаттарынан түзүлгөн топ бошогон мандатты партиялык тизменин кезектеги талапкерине ыйгарууга каршы мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Демилгечилердин пикири боюнча мыйзам долбоору кийинки парламенттик шайлоого сунушталууда. Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, азыркы партиялык системадагыдай тизмедеги талапкерлер катарына карап, кезеги менен парламентте бошогон орунга депутат боло алышпайт.

Сунуш ээлери азыркы шайлоо системасындагы бирдиктүү шайлоо округун жоюп, анын ордуна 8 шайлоо округун, тагыраак айтканда, 7 облуста жана Бишкек шаарында өзүнчө аймактык шайлоо округдарын түзүүнү сунушташууда. Ошондой эле жаңы мыйзам долбоорунда ар бир аймактык шайлоо округуна саясий партиялар аймактагы шайлоочулардын санына жараша талапкерлер тизмесин берүүгө тийиш. Ошол аймактык тизмелерден жалпы мамлекеттик тизме түзүлөт.

Сунушталып жаткан мыйзамдын авторлорунун бири, “Республика” партиясынын мүчөсү, “Өнүгүү” депутаттык тобунун лидери Бакыт Төрөбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча 2010-жылкы шайлоодо шайлоочулар депутат болуучулардын өздөрүн билбей-тааныбай туруп, өздөрү жакшы билген, тандаган партияларга добуш беришкен:

- Тизмеге кирген талапкерлер акчасы аркылуу же башка жолдор менен тизменин баш жагына кирип алып, азыр депутат болуп отурушат. Ал эми элине кадыры бар, бирок акчасы жок адамдар тизменин артында калган. Мына ушундан качуу үчүн биз ушул мыйзам долбоорун жаздык.

Автордун белгилөөсүндө, жаңы мыйзам долбоору боюнча айрым эли аз, алыскы райондордун шайлоочулары да өздөрүнүн жергиликтүү көйгөйлөрүн жакшы билген, ишенген талапкерлерин Жогорку Кеңешке депутат кылып шайлоо укугуна ээ боло алышат:

- Алыскы тоолуу аймактардагы шайлоочулар өздөрүнүн талапкерлерин шайлай алышат. Кийин ал депутат ошол аймактын көйгөйүн чечүүгө жардам бере алат. Анткени өткөн шайлоодо Тогуз-Торо, Чаткал сыяктуу алыскы аймактардан эч ким шайланбай калып, көпчүлүк депутаттардын Бишкекте отуруп алып, ал жактагы маселелерди билбегени шайлоочуларга жакпай жатат. Мына ушул мүчүлүштүктү да жоелу дедик.

2010-жылкы шайлоодон кийин парламентте мандат бөлүшүү учурунда айрым партиялар өз тизмесиндеги талапкерлери менен кайым айтышканы белгилүү. Мындан “Республика” партиясы менен “Ата-Журт” партиясынын лидерлери партиялык тизмедеги айрым мүчөлөрүн “депутаттык мандаттан баш тарт” деп мажбурлоого чейин барышкан. Мунун себеби парламенттик шайлоо учурунда каражаты менен бөлүшүп, көп добуш алганы менен, парттизмеде аяк жагында туруп калганы үчүн мандатка ээ боло албай калган талапкерлерге байланыштырылган болчу.

Парламенттик шайлоо тууралуу кеп болуп калган учурда 2010-жылы болгон партиялык тизме менен шайлоо боюнча мыйзам шашылыш кабыл алынганы үчүн шайлоочулардын да, партиялардын да үмүтүн актабаганы жөнүндө көп эле угууга болот. Бир нече саясий партиялардан куралган “Адилеттүү шайлоо” демилге тобунун мүчөсү Гүлжигит Исаков мына ушунун өзү шайлоо системасынын механизмдерин жаңыртуу зарылчылыгына алып келди деген пикирде:

- Өткөн шайлоодо партиялык тизмедеги адамдар үчүн эмес, негизинен партиянын лидерине, иштегенине, убагында активдүүлүгүн көрсөтүп, атүгүл добуштарды сатып алууга чейин барганына карап эле добуш берилип калды. Убакыт көрсөттү, шашылыш кабыл алынган мыйзамдардын былык-чылыктары чыгып жатат.

2013-жылы президент Алмазбек Атамбаев шайлоо системасын кайра жакшыртып иштеп чыгуу боюнча жардык чыгарган. Ага ылайык, президенттик аппараттын алдында атайын жумушчу топ түзүлгөн. Аталган жумушчу топтун мүчөсү, “Адилеттүү шайлоо” демилге тобунун мүчөсү Гүлжигит Исаков жаңы мыйзам долбоорунун артыкчылыгы – шайлоочулар өздөрү билген талапкерге добуш бере алганында деп эсептейт:

- Бир аймак үчүн канча квота берилсе, ошого жараша ар бир партия өз талапкерлерин коет. Мында партияларга караганда талапкерлердин аброю биринчи орунга чыгат. Ошондо гана шайлоочулар өзү шайлаган депутатка жакыныраак болот, партияга караганда талапкерлерге карап добуш бере башташат. Менин жеке пикиримде, бул аз да болсо алдыга жылуу.

Ошол эле учурда жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда партиялар аймактардан талапкер көрсөтөт деген кайра мурунку системага, тагыраак айтканда, бир мандаттуу шайлоо системасына алып барат деген пикирлер да бар. Президенттик аппараттын алдындагы шайлоо системасын өзгөртүү боюнча түзүлгөн жумушчу топко мүчө “Таза шайлоо” ассоциациясынын жетекчиси Айнура Усупбаева андан көрө шайлоо системасындагы адам факторун азайтуунун үстүнөн иштөө зарыл дейт:

- Бул бир мандаттуу системага кайтып баруу болуп калат, ошондуктан, мен бул демилгени колдогон жокмун. Андан көрө, жаңы мыйзам долбооруна шайлоочулардын биометрикалык базасын түзүү керек. Андан тышкары электрондук добуш берүү системасы киргизилсе жакшы болмок. Анткени адамдын катышы көп болгон жерде акыйкатсыздык да көп болот. Ошондуктан, келе жаткан 2015-жылдагы шайлоодо адам факторун азайтуу зарыл. Ал үчүн азыртан киришип, аракет кылууга тийишпиз.

Жаңы мыйзам долбоорунда ошондой эле кандай учурда ЖК депутаты мандатынан ажыратылары тууралуу да жазылган. Таң калычтуусу ал жерде "кайсы бир фракция мүчөсү фракциядан чыгып кетсе же фракциялаштарынын макулдугусуз депутаттык топко мүчө болсо да мандатынан ажырайт" деп жазылган. Азыркы депутаттарга мындай чектөө жок.

Шайлоо системасынын механизмдерин өзгөртүү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору президенттик аппараттын алдындагы жумушчу топ тарабынан 7-февралда каралат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG