Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:13

Жапаров чек арадагы окуялардын үч жылдыгына байланыштуу кайрылуу жолдоду


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров 28-апрелде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Анда Баткендин эли 2021–2022-жылдардагы каргашалуу күндөрдө кайратынан жазбай, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн тикесинен тик туруп бергени жазылган. Бул оор сыноо жалпы кыргызстандыктардын биримдигин бекемдегени белгиленген.

"Биринчи кагылышуудан кийин Баткен облусунда жашаган калкты ар тараптан колдоо, облустун экономикасын өркүндөтүү жана социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам кабыл алдык. Анын негизинде Баткен облусун 2022–2035-жылдарга өнүктүрүүгө багытталган “Жол картасы” программасы иштелип чыгып, ага ылайык аталган облуска республикалык бюджеттен жылына 500 млн сом акча каражаты бөлүнүп, максаттуу иштетиле баштады. Учурда облустун аймагында, анын ичинде жабыркаган айылдарда көптөгөн алгылыктуу иштер аткарылып, элибиздин эртеңки күнгө, келечекке болгон ишеними артты", - деген президент Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү аскердик-техникалык жактан бекемделип, аскер кызматкерлерин камсыздоо жогорулаганын айткан.

"Учурда кыргыз-тажик чек ара маселелерин чечүү боюнча эки тараптуу мамлекеттик комиссиянын ишинде бир катар алгылыктуу жылыштар болуп жатат. Биз чек ара маселелерин сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечүүгө кызыкдар экендигибизди дагы бир ирет баса белгилейм", - деп жазылган кайрылууда.

Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар болуп келген. Акыркы жолу эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышка дуушар болду. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин айыптаган. Анда эки тараптан тең карапайым тургундар жана чек арачылар каза болгон.

2021-2022-жылдардагы чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин эки тарап чек араны тактоо иштерин жанданткан. Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат.

Расмий акыркы малыматтарга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 50-55-чакырымдай тактала элек тилке калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG