Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:34

Ош: оппозицияга кол салуу эки башка сыпатталууда


Оппозиция өкүлдөрү сабалды деген үй. Ош. 2015-жыл.
Оппозиция өкүлдөрү сабалды деген үй. Ош. 2015-жыл.

Ошто айрым коомдук уюмдар Улуттук оппозиция кыймылынын өкүлдөрүнүн сабалышын алардын ич ара жаңжалы деп айтып чыгышты.

Ош шаарындагы айрым коомдук ишмерлер 9-апрель күнү оппозиция өкүлдөрүнүн окуясына байланыштуу маалымат жыйын курду. Алар Ош облустук милициясынын мурдагы жетекчиси Абдылда Капаровдун үйүндөгү окуяны оппозициянын ич ара жаңжалы катары баалашууда.

Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин Оштогу төрагасы Беделбай Маматов “буга бийликтин тиешеси жок” деген ойдо:

- Акыркы маалыматым боюнча ошол жерде биринин пикирине бири каршы чыккан. Жалал-Абадда курултайды 31-мартта өткөрө албай калышкан экен. "Эми ошону Ошко келип өткөрөсүңбү?" дегендей болгон. Ал жердеги уруш-талаш өздөрүнүн арасынан гана чыккан.

Улуттук оппозициялык кыймылдын өкүлдөрүнө кол салуу болгону тууралуу маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгы иликтеп жатат. Алардын маалыматына караганда, үй ээси Абдылда Капаров жана анын кызы Элвира Капарова, төпөштөлгөн коноктордун бири Төлөгөн Келдибаев медициналык жардам сурап, ооруканага кайрылган.

Абдылда Капаров
Абдылда Капаров

Ош шаардык милициясынын жетекчилиги да коомдук уюмдардын пикирине окшош позицияны карманып, окуя боюнча кылмыш ишин козгой элек.

- Биздин маалымат боюнча кечээ кечинде оппозициянын лидерлери келип, кандайдыр бир жыйын уюштурган экен. Анан пикир келишпестиктен улам ошол жерде ызы-чуу чыгып кеткен. Оппозициянын лидерлери үйдөн чыгып, Жалал-Абадга кетишкен. Биздин милиция кызматкерлери барган учурда үйдө алардын эч кимиси жок экен. Кандайдыр бир кылмыштын белгиси болсо, биз бул боюнча иш козгойбуз. Азыр окуянын чоо-жайын териштирип жатабыз, - деди Ош шаардык милициясынын жетекчиси Кылыч Жолдошев.

Бирок үй ээси Абдылда Капаров милиция жетекчисинин сөзүн төгүндөп, окуя болгон түнү эле арыз жазганын билдирди:

- Биз өзүбүз менен өзүбүз мушташкыдай менин үйүм драма театрбы? Же спектакл коюп, же клип тартыпмынбы? Мен эмне артистминби? Мен милицияны башкарып турган убакта бир топ кылмыштуу иштер билинген. Бул ошого байланыштуу беш жылдан берки токтобогон куугунтук. Өмүрбек Текебаев айткандай, Сицилиядагы окуянын уланышы.

Бул арада оппозиционерлер отурган үйдөгү окуяга бир топ кошуналар күбө болгону ачыкка чыкты. Алардын бири - Капаровдун дарбазасынын маңдайында соода кылган Гүлипа аттуу дүкөнчү:

- Мен окуяга сырттан күбө болуп турдум. Отуздай бала келип, алгач дарбазаны каккылашты. Булар чыгып ачканга чейин эле бир-экөө дарбазадан ашып түшүп, ичинен ачып жиберди. Киргенден кийин эле ызы-чуу болуп, Элвиранын "чыккыла" деп кыйкырганы угулуп калды. Ал убакта башка балдар да келип, топко кошулду. Кишилерди сүйрөп чыгышканын көрдүк. Бирок караңгыда кимдер экенин тааный алган жокпуз.

Элвира Капарова чечип алган номерлер
Элвира Капарова чечип алган номерлер

Ал эми Улуттук оппозициялык кыймылдын өкүлдөрүнө кол салуу болгону айтылып жаткан үйдүн ээсинин кызы Элвира Капарова бастырып келгендердин машинесинин номурларын чечип алганын айтууда. Ал окуяны мындайча сүрөттөп берди:

- Бул жерде үч-төрт машине турган. Анын үчөөндө отургандар биздин үйгө кирип кетишти. Эки машинеде адамдар калган экен. Мен алардын машинесинин номурларын чыгарып алдым. Ичиндеги балдар чыккан жок. Алардан "кимдин буйругу менен келдиңер?" деп сурасам, бири да жооп беришкен жок. Эгер кылмышка тиешеси жок болсо күбөлүгүн көрсөтүп, же "менин унаамдын номурун алба" демек да. Карап отура беришти. Эки жолу милиция чакырдым. Жарым сааттан кийин гана келишти. Жаныбыздагы ППСтен эки милицияны чакырсам, артымда келатып жок болуп кетти. Эки жолу эсимден тандым.

Биз окуя болгон үйгө барганда өздөрүн милиция кызматкери деп тааныштырган кишилер келип, номурлар аларга таандык экенин айтып, кайра берүүнү суранып жатышты. Бирок үй ээси номурларды аларга берүүдөн баш тартты.

Оппозициядагылардын айтымында, 9-апрель күнү кечинде алар Ош шаарында конокто отурган үйгө белгисиз кишилер бастырып кирип, кол салган жана Улуттук оппозициялык кыймылынын лидерлери Бектур Асанов, Улукбек Маматаев менен Кубанычбек Кадыровду белгисиз жакка алып кетишкен. Бирок кийинчерээк алар такси менен Жалал-Абадга кеткени маалым болгон. Оппозиционерлер топтолуп, Жалал-Абадда курултай өткөрүү тууралуу сүйлөшмөк.

Ош: оппозиция сабалган үйдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

XS
SM
MD
LG