Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:23

Нарын: төрт ГЭСтин баасы бычылды


Нарында курула турган ГЭСтердин баасы 727 миллион доллар деп бааланды.

Бул тууралуу 26-ноябрда “Электр станциялары” ишканасы маалымдады. ГЭСтер боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү былтыр күзүндө макулдашкан болчу. Ага ылайык, үлүш теңме-тең бөлүнмөкчү. Айрым көз карандысыз эксперттер ГЭСтер өз баасынан үч эсе кымбат курулганы жатканын, Кыргызстан үчүн пайдасыз болоорун айтып чыкты.

Башында ГЭСтерди курууга 400 миллион доллар сарпталары маалымдалган.

Кыргызстандагы “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун билдиришинче, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин орусиялык “Ленгидродолбоор” ишканасы даярдады жана Казакстандагы “Казгидро” ишканасынан экспертизадан өттү. Ошондой эле Кыргызстандагы мамлекеттик курулуш агенттиги да жактырды.

“Электр станциялары” ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева “Азаттыктагы” маегинде ГЭСтерди куруунун кымбатташын айрым техникалык жагдайлар менен түшүндүрдү:

- 2009-жылы “Гидродолбоор” ассоциациясы Жогорку Нарын каскадына курула турган төрт ГЭСтин баштапкы баасын болжол менен 413 миллион доллар деп баалап берген. Анда албетте баары 2007-2009-жылдардагы баа менен аныкталган жана кээ бир техникалык жагдайлар кошулган эмес. Жаңы долбоордо болсо кышында суу азайган маалга карап кошумча башкы агрегаттарды орнотуу каралган. Ошондой эле көпүрөлөрдү, жолдорду жылдырууга кеткен каражат кошулган жана жалпы электр кубаттуулугу 237 мегаваттка жеткирилген.

Нарында төрт ГЭС куруу тууралуу кыргыз-орус өкмөттөрү былтыр күзүндө макулдашкан болчу. Ага ылайык, долбоорду орусиялык “Русгидро” ишканасы ишке ашырат жана үлүш теңме-тең бөлүнөт. “Русгидронун” расмий сайтындагы видео презентация боюнча, ГЭСтер толугу менен алты жыл ичинде курулуп бүтөт, ал эми биринчи ГЭС 2016-жылдын үчүнчү кварталына чейин колдонууга берилиши керек:

- Кыргызстандын бир жылдык гидрокубаттуулугу - саатына 142 миллиард киловатт. Бул бүтүндөй Орусияны кыштын бир айында электр энергиясы менен камсыз кылууга жетет. Бирок азыр Кыргызстан электр кубатынын 10 пайызын да колдонбойт. Өлкөдө ушу тушта 7 ГЭС бар. Ошондуктан өткөн жылы сентябрь айында кошумча ГЭСтерди куруу чечими кабыл алынган. Бул ГЭСтерди курганда элди көчүрүү зарылчылдыгы жок. Казакстан менен Өзбекстанга аккан Сыр-Дарыяга да кесепетин тийгизбейт. Төрт ГЭСтен турган каскаддын кубаттуулугу 238 мегаватты түзөт. Долбоор аймактын социалдык өнүгүүсүнө өбөлгө болот. Жаңы жол, көпүрөлөр жана башка инфраструктура курулат. 2 миңдей жумушчу орун пайда болот.

Ал арада ГЭСтин баасына байланыштуу сын айткандар чыгууда. Көз карандысыз эксперт Расул Үмбөталиевдин пикиринде, долбоордун наркы өз баасынан үч эсе кымбат:

- “Жогорку Нарын каскад” деген жабык акционердик коом кошумча бажы төлөмү жана салыктан бошотулган. Салык төлөбөйт. Кум-шагыл өңдүү курулуш материалдар бизде арзан. Жумушчу күч да арзан. Ушунун негизинде арзаныраак болушу керек эле. 230-240 миллион доллар эле кетмек. Узак мөөнөткө насыя алып өзүбүз деле курсак болмок.

Буга чейин Жогорку Нарында ГЭСтердин курулушу келаткан жазда башталары айтылган. Быйыл болсо 400 адам жашай турган жатакана, административдик имарат жана бетон завод салынды. ГЭСтер курулуп бүтсө Нарын, Ысык-Көл облустарын электр жарыгы менен камсыз кылмакчы.

XS
SM
MD
LG