Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:35

Жогорку Нарында кайнаган иш жок


Жогорку Нарындагы ГЭСтердин бири курулчу жер. 30-сентябрь, 2013.
Жогорку Нарындагы ГЭСтердин бири курулчу жер. 30-сентябрь, 2013.

Орусия курмакчы болгон Жогорку Нарындагы ГЭСтер түшчү жерде кайнаган иш байкалбайт.

Жогорку Нарындагы Орусия салып баштаган электр станциялар курулушунда быйыл убактылуу жашоочу шаарчанын төрттөн бир бөлүгүн бүтүрүүнү пландап жатышат. Бирок жумушчулардын айтымында, иш али толук кандуу жүрө элек. Себеби, электр энергиясы курулушка толук жеткен эмес.

Буга чейин Жогорку Нарындагы негизги ГЭС түшө турган жерге быйылча курулуш жүрбөйт деп билдиришкен. Орток айылына чукул, суу жээгинен 2-3 чакырым алыс жерде убактылуу шаарча жана бетон заводу турмакчы. Бетон заводунун орду даяр болуп, курулушу башталган экен. Бирок биз барган маалда эч кандай иштеген техниканы көрө алган жокпуз. Болгону ысымын атоодон баш тартып, мен кароолчумун деген атчан адам буларды айтып берди:


- Ишти эми көрүп жатпайсыңбы, киши жок токтоп турат. Айлыктарын деле жакшы бербейт окшойт. Анда-санда иштеп калышат.

Бул курулуштан бир аз обочороок жерде убактылуу жашоочу шаарча курулуп жатат. Ал жерде жалпы элүүдөй адам иштеп, онго чукул 50-100 киши бата тургандай имараттар курулуп жаткан экен. Бирок жумушчулардын айтымында, иштин жүрүшү өтө эле жай. Себеби электр энергиясы айылдан тартылып келгендиктен, курулушка эң керек болгон ширетүүчү техникага токтун күчү жетпейт.

Ширетүүчү болуп иштеген Сыргак Көлбаев мунун айынан 10-20 күндөп иш токтоп калып жатканын айтты:

- Айылдан келген токко эле кошуп койгон. Ал ширетүү иштерин көтөрө албайт. Жумуш 20-30 күн кечигип жүрүүдө. Буга жогорку жактан көзөмөл катуу болуш керек го.

Көлбаевдин айтымында, жумушчулардын айлыгы башта 15-20 миң сом болгон. Азыр иштеген ишине жараша акы алышат.

Жолдошбек аттуу дагы бир жумушчу ширетүүчүлөрдүн иши жакшы жүрбөй жаткандыктан аз маяна алып калганын кошумчалады:

- Айлыкка келгенде эле ишиңе жараша деп калышат. Анан чырлашабыз, себеби иш жакшы жүрбөйт.

Учурда курулган үйлөрдүн ичин жылуулап 22, ширетүүчү болуп 14 жана ар кандай жумуштарда 12 адам иштеп жатат. Ашпозчу, кароолчулар да бар. Айлык акыны иштегенине жараша 15 миң сомдун тегерегинде алышат. Кышка чейин убактылуу жашоочу шаарчанын төрттөн бир бөлүгүн бүтүрүү пландалган.

Курулуш иштеринин прорабы Бек Жумаев электр энергиясы жакынкы арада чечилерин жана ширетүүчү жумуштан башкасы тынымсыз иштеп жатканын айтты:

- Убактылуу шаарчанын төрттөн бир бөлүгүн кышка чейин бүтөлү деп турабыз. Жарык чынында начар. Жакын арада чечебиз, аны биздин жетекчилик сүйлөшүп жатат. Башкасы тынымсыз иштеп жатышат.


Дегеле ГЭСтердин курулушу башталганы коомчулукта ар кандай ушак кептер байма-бай айтылып жатат. Башында айыл эли курулушту жапа тырмак колдоп келген эле. Балким курулуш тууралуу карапайым калкка жакшы маалымат жетпей жаткандай. Айылдан курулуш жөнүндө сурасаң, “билбейм, иштеп жатышат го” дегендей гана жооп угасың.

Нарын дарыясына Орусия менен биргеликте Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге былтыр кол коюлган. Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “Русгидро” ишканасы - ГЭСтердин курулушу 5 - 6 жылга созулуп, алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирерин маалымдаган. ГЭСтер курулуп бүтсө Нарын, Ысык-Көл облустарын электр жарыгы менен камсыз кылат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG