Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Парламент Камбар-Ата-1 боюнча келишимди жактырды


Жогорку Кеңеш бейшембиде ГЭСтерге жана Кумтөр кенине байланыштуу чечимдерди кабыл алды.

ГЭСтер боюнча макулдашууну ратификациялоо Жогорку Кеңештин бейшембидеги күн тартибинде жок болчу. Аны тезирээк карап берүүнү өкмөттүн түзүмүн талкуулап бүткөн соң премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңештен өтүндү.

Өкмөт башчынын өтүнүчү колдоо таап, бирок келишимди бул турушунда колдой алышпасын, ага бир катар өзгөртүүлөр киргизилиши керектигин билдирген депутаттар да болду.

Депутат Равшан Жээнбековдун оюнча, ГЭСтер боюнча келишим өлкөнүн Орусияга болгон көз карандылыгына алып барат.

- ММКлардын баары Орусиянын алдында турат. Байланыш, күйүүчү май да алардын колунда. Газды да толугу менен беребиз деп, президентибиз чечим чыгарып келди. Жүк ташууну, бөлүштүрүүнү жана чалгындоону да Орусияга беребиз деп жатышат. Базаларды киргизүү жана чыгаруу маселеси да Орусияга байланыштуу. Саясий партияларбыз да шайлоонун алдында Орусияга барып, Кремлде бирөө менен сүрөткө түшүп келип, аны дүйнө жүзүнө жарыя кылууда. Эми суу менен энергетиканы да Орусияга берели деп, баарыбыз ушул жерде турабыз. Бул күчтүү, эгемендүү өлкө болобуз деген мамлекеттин өкмөтүнө да, парламентине да жарашпаган иш.

Келишимге ылайык, Нарын каскадында 8 ГЭС, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСи курулат. ГЭС курулушунун чыгымына жумшалчу насыяны Орусия таба турган болду. Ал насыянын жылдык үстөгү – 2,5 пайыз. ГЭСтин 50 пайыз үлүшү Кыргызстанга, 50 пайызы Орусияга таандык болот. Бирок Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтер өзүн актаганга чейин Кыргызстан өз үлүшүнүн 25 пайызын орус тараптын башкаруусуна берип турмакчы.

Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовдун айтымында, орто эсеп менен Камбар-Ата-1 өзүн 14 жылда, ал эми Нарын дарыясындагы ГЭСтер 10 жылда актамакчы. Калмамбетов бул электр энергиясынын баасына жараша болоорун белгиледи.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин парламентте айтышынча, ГЭСтерди куруу өлкөнү энергетикалык көз карандысыздыкка жеткирет. "Эгер эртең Кыргызстанда өндүрүш жандана баштаса, кошумча энергия булактары керек болот" дейт өкмөт башчы.

- Энергетикалык шаймандардын кубаты чегине жетип бүттү. Энергияны өндүрүү менен аны колдонуунун көлөмү теңелип калды. Биз жаңы энерго кубаттарды курбасак, анда электр энергиясын кайдан өндүрөбүз? Баарын бир эле мамлекетке берип койду дегенге да кошулбайм. Бизде Көкөмерен, Суусамыр, Казарман, Алабука, Сарыжаз дарыяларында ГЭСтердин долбоорлору бар. Аларда да биз сөзсүз ГЭСтерди курушубуз керек. Ошол долбоорлорго катышканга биз башка мамлекеттерге да шарт түзүп беришибиз керек.

Өкмөттүн маалымдашынча, Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүтсө, жылына 5,1 млрд КВт/саат электр кубатын өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Талаш-тартыштан соң “Ата Мекен” фракциясынын сунуштары эске алынып, экинчи жана үчүнчү окууда келишим 77 добуш менен жактырылды. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев:

- Биз Камбар-Ата-1 ГЭСиндеги сууну пайдалануу тартибин кыргыз өкмөтү аныктайт деп, бекемдеп берип жатабыз. Эң негизгиси, “орус тараптын чыгымдары деп, Орусиянын ишканасынын Камбар-Ата-1 ГЭСнин баштапкы капиталына кошкон салымы белгиленсин” деп,киргизип жатабыз. Бул ТЭН берилген 10-15 млн доллар. Ошол акчаны гана төлөп берип, чыгым кеткенге бизге мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Ушул пункт Камбар-Атаны Кумтөрдөн айырмалап турат.

Кыргыз-орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Нарын ГЭСтерин куруу боюнча былтыр сентябрь айында орус президенти Владимир Путиндин Бишкек сапары учурунда макулдашкан. Өткөн жылдын 29-декабрында биринчи окууда Жогорку Кеңеште каралганда келишим катуу сынга кабылган болчу.

XS
SM
MD
LG