Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:06

Терроризм менен экстремизмдин чек арасы жок


Терроризмге каршы машыгуудан, Ош, 15-март.
Терроризмге каршы машыгуудан, Ош, 15-март.

Ошто КМШ аймагындагы уюшкан кылмыштуулукка жана башка коркунучтуу кылмыштарга каршы күрөшүүнү координациялоо бюросунун аскердик машыгуусу өттү.

15-мартта терроризмге жана экстремизмди жок кылууга багытталган машыгуудан кийин КМШ өлкөлөрүнүн күч кызматтары мамлекеттер ортосундагы мыйзамдык актыларды жана укуктук саясатты да талкууга алды.

«Эки террорчу автобустагы бир нече жүргүнчүлөрдү барымтага алганы тууралуу күч органдары кабар алды. Атайын даярдыктагы аскерлер тез арада реакция жасап, террорчулардын багытын буушту. Ортодо аткылашуу болду. Натыйжада террорчулар жок кылынып, барымтадагылар аман-эсен куткарылып алынды».

Терроризмге каршы машыгуудан, Ош, 15-март.
Терроризмге каршы машыгуудан, Ош, 15-март.
Бул Оштогу аскер майданындагы КМШ мамлекеттеринин күч органдарынын атайын машыгуусунан көрүнүш. Жамандык бетин салбасын, бирок турмушта так ушундай кырдаал жаралып калса да жоокерлер баарына даяр экендиктерин айтышат:

- Уюшкан кылмыштуулукту жана террорчулукту жок кылуу үчүн ар дайым даярбыз. Ага күчүбүз да, кудуретибиз да, каражатыбыз да жетет. Негизинен бүгүнкү машыгуу жакшы өтүп жатат. Бирок буга чейин кылган нерселерибизди эле кайталап жатабыз.

Мында чогулгандар террористтер тарабынан жасалып, бирок бирөөгө залакасы тийгиче алынып калган жарылуучу заттар менен да таанышты:

Жардыргыч заттар.
Жардыргыч заттар.
- Бул жарылуучу заттар атайын террористтик топтор тарабынан колдо жасалган. Бирок ошого карабай заманбап жаңы нерселер менен жабдылган. Башкача айтканда, муну телефон менен, же дистанциондук аралыкта жардырып жиберүүгө болот. Мындагы жарылуучу заттардын баары 2010-жылкы апрель жана июнь окуялары учурунда табылган. Муну жасаган кишилер атайын даярдыктан өткөндүгү көрүнүп турат, - деди ички иштер кызматынын 10-бөлүмүнүн кичи сержанты Андрей Лымарев.

КМШ аймагындагы уюшкан кылмыштуулукка жана башка коркунучтуу кылмыштарга каршы күрөшүүнү координациялоо бюросунун аскердик машыгуусу андан ары өлкөлөрдүн күч органдарынын катышуусундагы жыйын менен уланды. Жыйынга Жамааттык коопсуздук келишими уюму, Шанхай кызматташтык уюму жана Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрү да катышты.

Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Бакыт Алымбеков иш-чара тууралуу мындай деди:

- Бул машыгуу, бул жыйын Ошто өтүп жатканынын да өзүнчө себеби бар. Аймакта азыр деле экстремизм, терроризмге байланышкан ар кандай кеп сөздөр, ушак кептер бар. Ошол нерселердин алдын алып, уюшкан кылмыштуу топторго сес көрсөтүү зарыл. Бир чети бир эле ички иштер министрлиги эмес, жалпы укук коргоо органдарынын атайын бир даярдыгы деп койсок да болот.

Жыйында негизинен Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Түркмөнстан, Тажикстан жана Молдова өлкөлөрүнүн терроризм жана экстремизм менен күршүүдө мамлекеттер арасындагы мыйзамдык жана укуктук келишпестиктери тууралуу кеп болду:

- Терроризм жана экстремизм менен күрөшүү жөнүндөгү биздин ички мыйзамдарыбыз кээде бири-бирине туура келбей калып жатат. Жөнөкөй эле бир мисал, Кыргызстанда каалаган киши эле барып, документсиз симкарта сатып ала алат. А Белорусияда документи жок эч ким симкартага ээ боло албайт. Демек биз бул жагын иретке келтирип, бир нече макулдашууларга келишибиз керек, - деди КМШнын аткаруу комитетинин жетекчи орун басары Токтосун Бузубаев.

Терроризмге каршы машыгуудан, Ош, 15-март.
Терроризмге каршы машыгуудан, Ош, 15-март.
Бул ойду КМШда уюшкан кылмыштуулукка жана башка коркунучтуу кылмыштарга каршы күрөшүүнү координациялоо бюросунун жетекчиси Николай Овчинников да кубаттады:

- КМШ мамлекеттериндеги бүгүнкү тынч абал биздин тыгыз кызматташууларыбыздын натыйжасы. Бирок бул дагы деле аздык кылат. Биздин өлкөлөрдүн чек арасы бар, бирок терроризм жана экстремизмдин чек арасы жок. Мамлекеттер муну менен өз алдынча күрөшө албайт. Демек бири-бирибизге колдоо өтө керек.

Кызматташтыктын алкагында 2011-жылы КМШнын аймагында 9 комплекстүү жана 2 атайын операция уюштурулган. Биргеликте иштөөнүн натыйжасында жалпысынан 26 оор кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 14 миң адам кармалыптыр. Ошондой эле 67 тонна маң зат алынып, 2 миң кылмыш ишинде 3 жарым миңдей адам жоопкерчиликке тартылган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG