Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:08

Грузин кримтөбөлүнөн кыргыз паспорту чыкты


Чет өлкөлүк жарандар кыргыз паспортторун мыйзамсыз алган фактылар буга чейин да бир канча жолу катталган.
Чет өлкөлүк жарандар кыргыз паспортторун мыйзамсыз алган фактылар буга чейин да бир канча жолу катталган.

Грузиялык кылмыш төбөлү Роман Барбакадзеге Кыргызстандын паспорту кантип берилип калганын атайын топ иликтегени жатат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарынын прокурору Атай Шакир уулу кабарлады. Анын алдында Кыргызстандын Ички иштер министрлиги грузиялык кримтөбөл Роман Барбакадзе Украинада колго түшкөнүн, жанынан кыргыз паспорту табылганын кабарлаган болчу.

"Оштук" Барбакадзе

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Роман Барбакадзе кыргыз паспортун 2012-жылы жазында алган. Милиция тараткан оперативдүү тасмада орто жашка барып калган адам тартип коргоо органынын өкүлүнө сурак берип жатып, аты-жөнү Рамин Алхозов экенин, Кыргызстандын Ош шаарынан болоорун, мурда соттолбогонун, улуту татар экенин айтууда. Бирок Ош шаарында кайсы көчөдө экенин сураганда такалып айта албай калды. Дагы башка тасмада ошол эле киши жашыраак кезинде сурак берип жатканы тартылган. Анда өзүн Роман Барбакадзе деп тааныштырган.

Грузиялык кримтөбөл кыргыз паспортун кантип алганын Ош шаардык прокуратурасы териштире баштады. Шаар прокурору Атай Шакир уулу кылмыш иш козголгонун, милиция менен биргеликте тергөө тобу түзүлөрүн “Азаттыкка” маалымдады:

- Бул факт боюнча кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, жалган документтердин негизинде кыргыз паспортун мыйзамсыз берүү беренелери менен кылмыш иш козгодук. Ишти тергөөчүлөр тергеп жатат. Кийинчерээк милицияларды да кошобуз. Атайын топ түзөбүз.

Бул фактыны Мамлекеттик каттоо кызматы өзү да иликтей баштады. Аталган кызматтын департамент башчысы Дүйшөн Сатыбалдиев Роман Барбакадзеге паспорт алуу үчүн керектүү үч документ тең жасалма экени аныкталганын айтат:

- Азыр паспорт берген адам гана күнөөлүдөй болуп жатат. Чынында паспортко чейинки документтердин баарын дапдаяр кылып, жасалма документтерди алып келип жатат. Социалдык фонддон жеке номуру бар күбөлүк алып келген. Андан сырткары туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жасатып келиптир. Текшере келсек андай номурдагы күбөлүк такыр болгон эмес. Жасалма күбөлүк экен. Ал эми паспортко келсек, ал 1994-жылкы үлгүдөгү 2002-жылы алынган башка эле бирөөнүн паспорту экен. Ал паспортту оңдоп, ичиндеги кол менен жазылган жазуунун баарын өчүрүп, кайра Алхазов Раминдин аты-жөнү, туулган жылы өңдүү маалыматты жазып, сүрөтүн чаптап келген. Мындай караганда анын жасалма экенин айырмалаганга мүмкүн эмес. Анан ошол алып келген документтерди кайра текшерейин десең эле каршы болуп ызы-чуу салып жатып калышат. Анан ошол жасалма экени билинбеген паспортту алмаштырууга алып келип туруп, жаңы паспорт алып кеткен экен.

Бирдиктүү улуттук маалымат системасы түзүлсө...

Азыр Роман Барбакадзеге кыргыз паспортун берген, же ошондой паспорт алганга көмөктөшкөн деп шектелгендер сурак берип жатат. Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эрлан Сапарбаев документ берүүнү автоматташтыруу, адам факторун азайтуу өңдүү комплекстүү чаралар көрүлмөйүнчө мындай фактылар боло берерин айтууда:

- Биринчи кезекте калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри түзүлүшү керек. Ошол түзүлгөндө жер-жерлердеги паспорт, ЗАГС бөлүмдөрү автоматташтырылып, бирдиктүү улуттук маалымат системасы түзүлгөндө гана ошондо ушундай көрүнүштөр азаят. Аны менен катар жаңы муундагы мамлекеттик маанидеги документтер киргизилиши керек. Ушундай комплекстүү иш-чаралар көрүлгөндөн кийин жанакындай терс көрүнүштөр жокко чыгат. Ага чейин адам фактору сактала берет. Калк менен мамлекеттик органдын кызматкерлери түздөн-түз байланышып жаткандан кийин ушундай нерселер кайталана берет. Аны толугу менен жоюу өтө оор.

Чет өлкөлүк жарандар кыргыз паспортторун мыйзамсыз алган фактылар буга чейин да бир канча жолу катталган. Башкасын айтпаганда да, былтыр Илья Самсония деген дагы бир грузиялык кримтөбөл "Манас" аба майданында кыргыз паспорту менен колго түшүп, төрт жылга соттолду. Казакстандык банкир, оппозиционер, бозгундагы Мухтр Аблязов да 2012-жылы кыргыз паспортун алганы тууралуу буга чейин айтылган.

XS
SM
MD
LG