Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:48

Элдин чөнтөгүнө ишенген өкмөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү коррупциялык иштерден өндүрүлгөн жана “мамлекетке жардам берүүнү каалагандардан” акча түшө турган эки банк эсебин ачарын билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчет берип жатып, мамлекетке акчалай жардам бергиси келгендер үчүн атайын банктык эсеп ачыларын билдирди. Анын айтымында, коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн да өзүнчө эсеп болот.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Эки эсеп ачылганы жатат. Мисалы, сиздердин кээ бир кызматташыңардан сунуш түшүп жатат. Өз каалоосу менен "мамлекетке жардам беребиз" дегендер бар. Ошолор "өзүнчө эсеп ачып берсеңер" деп кайрылып жатышат. Биз ошону ачып жатабыз. Экинчиси - коррупциялык механизмдер менен өндүрүлгөн акча үчүн эсеп. Ал жерде мүлкү, каражаты болушу мүмкүн. Азыр эсептерди ачуу боюнча макулдашуу жүрүп жатат. Эсептер Финансы министрлигинин алдында болот.

Жолдошбаевдин “кошумчасы”

Абылгазиев бул сөздү 14-июнда Жогорку Кеңеште отчет берип жатып, депутат Жылдыз Мусабекованын суроосуна жооп иретинде айткан. Анын бул пикири коомчулукта кызуу талкууга түштү. Премьер-министр “кызматташыңар” деп “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Камчыбек Жолдошбаевди айтып жатат. Анткени Жолдошбаев буга чейин элден акча чогултуп, тышкы карыздан кутулуу боюнча демилге көтөргөн болчу. Депутат эсеп ачылса өз чөнтөгүнөн миллион сом которорун айтты:

Камчыбек Жолдошбаев.
Камчыбек Жолдошбаев.

- Бул деген кыргыз эли өзүбүз эле чогултуп, сен, мен, бир туугандар, санаалаштар биригип, тышкы карыздан кутулалы деген сөз. Депутаттар эмес, жөнөкөй жумушчулар, керек болсо пенсиясын берем дегендер чыгып жатат. Андайлар толтура, кокодон. Эсеп ачылса мен миллион сом берем. Түштүк Кореяда деле эл чогулуп карыздан кутулуп, мамлекети жакшы эле өнүгүп жатпайбы. Угушумча "доллар менен берем" деген депутаттар да бар экен.

Бирок элден чогулган акча сөзсүз эле тышкы карызды төлөөгө жумшалаарына да кепилдик жок. Анткени азыр тиешелүү эсеп ачылса, андагы каражаттар каякка жумшалаары азырынча тактала элек. Эсеп тууралуу кеп болгондо бир топтору анын тышкы карызга жумшалаарын ойлошкон. Анткен менен өкмөттүк аппараттын тиешелүү кызматкерлери эсеп ачылса ага түшкөн каражаттар тышкы карызды жабууга эмес, экономиканы өнүктүрүүгө сарпталаарын билдиришти.

Кандай болгон күндө да эсеп ачып, элден каражат топтоонун мыйзамсыз экенин айткандар четтен чыгат. Алардын бири - Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова. Ал эсеп ачууну популисттик демилге деп баалоодо.

Клара Сооронокулова.
Клара Сооронокулова.

- Эсеп ачып, элден акча чогултуу дегендин өзү мыйзамсыз. Бир да мыйзамда мындай нерсе жазылган эмес. Мамлекеттик органдар мындай аракеттерге эч качан барбашы керек. Коррупциялык көрүнүштөрдөн өндүрүлгөн каражаттар ансыз деле мамлекетке түшөт. Башкы прокуратура жыл сайын "мынча акча түштү" деп маалымат берет. Ал үчүн кайра өзүнчө эсеп ачуунун зарылдыгы жок. Бул менимче популисттик эле демилге.

Ууруларга укурук...

Ал эми “Эркин эл” саясий партиясынын лидери, жарандык активист Мавлян Аскарбеков бийлик элден акча суроодон мурда казынаны уурдаган аткаминерлердин эсебин таап, эл ишенимине ээ болушу керек деген ойдо:

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

- 27 жыл ичинде мамлекетти тоноп, казынаны уурдаган адамдардын баарын жоопко тартыш керек. Алардын арам жол менен топтогон байлыгын мамлекет эсебине алыш керек. Мына ошондон кийин гана элдин бийликке болгон ишеними пайда болот. Бийлик коррупцияны жоюп, реформаларды жүргүзсө эл өзүнөн өзү эле бул демилгени колдоп кетет.

Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4,5 млрд. долларга жакын. Анын кыйла бөлүгүн энергетика, жол куруу үчүн Кытайдан алынган насыялар түзөт. Бирок коомчулукта "алынган насыялар максатсыз сарпталды" деп шек санагандар көп.

Ушул тапта Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоого байланышкан коррупциялык чыр коомчулуктун назарында турат. Атайын кызмат буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылары Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган онго жакын аткаминерди камакка алды.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG