Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

Бишкек мэриясы жети курулуш компаниясына айып пул салды


Бишкектеги курулуш компаниялары салып жаткан үйлөр жана анын жанындагы таштандылар. Мэрия тараткан сүрөт.
Бишкектеги курулуш компаниялары салып жаткан үйлөр жана анын жанындагы таштандылар. Мэрия тараткан сүрөт.

Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясы көрктөндүрүү эрежелерин бузган курулуш компанияларына карата рейд жүргүзүп, жети курулуш компаниясына айып пул салды. Бул тууралуу калаа администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, "Престиж Би Центр" фирмасы жолдун тротуар бөлүгүн зыянга учуратып, уруксат документтери жок тосмону демонтаждаганы жана жылдырганы үчүн 17 миң сом айып пулга жыгылды.

"Техник Трейд" жоопкерчилиги чектелген коомуна жолду (асфальтты) зыянга учураткандыгы жана уруксат берүүчү документтери жок жер казгандыгы үчүн 34 миң сом, "Аманат Строй Инвест" курулуш компаниясына дөңгөлөктөрдү жууй турган пункту болсо да, атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жуубай, Ленин районундагы көчөлөрдүн бирин булгагандыгы үчүн 23 миң сом айып пул салынды.

Ак-Өргө конушундагы "Шер Курулуш" фирмасына жанаша аймагы санитардык тазалыкка жооп бербегендиги үчүн эки протокол түзүлсө, "Борсан Констракшн", "Аю Премиум Строй", "Делюр” компанияларына да эки айып протоколу жазылган.

Муниципалдык инспекциянын инспекторлору күн сайын рейд жүргүзүп, көрктөндүрүүнүн эрежелерин бузгандарга карата чара көрүлөрүн эскертет.

Буга чейин борбор калаадагы курулуш компанияларынын жүк ташуучу автоунаалары дөңгөлөктөрү ылай абалда кирип-чыгып, көчөлөрдү булгап жатканына жана курулуп жаткан үйлөрдүн тушундагы тротуарлар тосулуп калып жатканына даттануулар көп болуп келген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG